Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Фауна

Баш барак | Гео | Фауна

Фауна (латын тилинен Fauna — токойлор жана талаалар кудайы, жаныбарлар үйүрүнүн коргоочусу) — белгилүү бир аймакта жашаган, тарыхый жактан калыптанган жаныбарлар түрлөрүнүн жыйындысы. Каалаган аймактын фаунасы, ареалдары окшош түрлөрдү бириктирген түрдүү фауналык комплекстерден калыптанат.

Баяндалышы

Фауна түшүнүгүнө системалык жана географиялык мазмундар салым боло алат, ошондуктан, чектөө негизи географиялык (Ысык-Көл ойдуңунун фаунасы, Кыргызстандын фаунасы, Чүй облусунун фаунасы) жана системалык (канаттуулар фаунасы [орнитофауна], курт-кумурскалар фаунасы [энтомофауна], балыктар фаунасы [ихтиофауна] ж. б.) болуусу шарт. Акыркы учурунда (системалыкта) тажрыйба түрүндө берилген айтмактардын түрлөрүнүн толук тизмесин алуу мүмкүн эместиги менен байланыштуу, себеби, түрлөрдүн өтө көп болуусу, системачы-адистердин жетишсиздиги.

Каалаган фаунанын олуттуу белгиси: түрлөрдү түзгөн экологиялык табияттын болушу. Мисалы, тропикалык аймактардын фаунасы үчүн — дарактарда жашоого ыңгайлашкан жана трофикалык (зат алмашуу, ткандардын азыктануусу менен байланышкан) мамилелер менен байланышкан түрлөрдүн көптүгү менен мүнөздөлөт; талаалуу аймактардын фаунасына — чуркап жүрүүчү жана казуучу, кышында уктоочу, катуу чөптөр, дан өсүмдүктөр менен азыктанган жаныбарлар мүнөздүү.

Фаунанын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп эндемиктердин үлүшү саналат — ал фаунанын обочолонуу даражасын жана жашын көрсөтөт.

Жайылуусу окшоштугу менен айырмаланган түрлөр — фаунанын географиялык элементтерине топтошот. Фаунанын географиялык анализи анын келип чыгуу өзгөчөлүктөрүн, коңшу же алыскы фауналар менен болгон байланышы жөнүндө айта алат. Географиялык элементтер боюнча — түрлөр кийинки фауналарга таандык болушу мүмкүн: жер ортолук деңиздик, циркбореалдык, европа-сибирдик, орто азиялык, циркумуюлдук ж. б. Адвентивдүү түрлөр — жасалма түрдө башка аймактардан алынып келинген жана интродуцияланган (отурукташтырылган) түрлөр.

Фауналык изилдөөлөрдүн маанилүү багыты, фаунанын курамына түрлөдүн келишин аныктоо саналат; бул белги боюнча — түрлөр автохтондук (изилденүүчү аймактын чегинде пайда болгон фауна элементтери) жана аллохтондук (башка борборлордон көчүрүүнүн натыйжасында аймакка келген түрлөр) болуп бөлүнөт. Жаш фауналарды изилдөөдө фауна түрлөрүнүн теги жөнүндөгү маселе өзгөчө мааниге ээ (мисалы, батыш фауналарынын, мөңгүдөн жаңы бошогон Европалык Россиянын фаунасы ж. б.).

Үй жаныбарлары, зоопарктардагы жаныбарлар жана ушул сыяктуулар, фаунанын курамына кире албайт.

Фауна мисалдары

Мисалы, талаа зонасынын фаунасы бул жердеги үстөмдүк кылган талаа фауналык комплекси тарабынан калыптанган. Бирок, талаа фаунасына коңшу токой-талаа жана жарым чөлдүү табигый зоналардын түрлөрү да кошулат.

Токой фаунасы

Жайгаштыруу: 2022-05-27, Көрүүлөр: 1545, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу