Флора


Флора (латынча flora) ботаникада — белгилүү бир аймакта («Кыргызстандын флорасы») же белгилүү бир шарттарга ээ болгон аймакта («саздардын флорасы») учурда же өткөн геологиялык доорлордо жайылган, тарыхый жактан калыптанган өсүмдүктөр түрлөрүнүн жыйындысы.

Мазмуну

«Флора» сөзүнөн салттуу түрдө тигил же бул аймактын өсүмдүктөр дүйнөсүнө арналган көргөзмө эмгектер башталат, көбүнчө флора менен бирге фауна түшүнүгү коштолуп жүрөт. Флоранын аннотацияланган тизмеси (көрсөтүлгөн аймактагы белгилүү өсүмдүктөр түрлөрүнүн кыскача маалыматтары жазылган тизме) флоранын конспектиси аталат. Флораны изилдеген ботаниканын бөлүмүн — флористика, ал эми флористикада адистешкен окумуштууларды флористтер дейбиз.

Флора
Флора иллюстрациясы.

Тажрыйбада «Аймактын флорасы» фразасында ошол аймактын бардык өсүмдүктөрүн эмес, түтүкчөлүү өсүмдүктөрдү (Tracheophyta) гана түшүнүү сейрек эмес (башкача айтканда уруктук жана папоротник сымалдуулар); башка бөлүмдүн өсүмдүктөрү, чогултуу жана аныктоо ыкмасынын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу шартка ылайык, өзүнчө каралат.

Бөлмө өсүмдүктөрү, оранжереядагы жана башка курулмалардагы жасалма климатта өстүрүлгөн өсүмдүктөр флоранын курамына кирбейт.

Салттуу түрдө «флора» («микрофлора») термини адамдын же жаныбардын белгилүү бир органына мүнөздүү микроорганизмдер жыйындысын баяндоо үчүн дагы пайдаланылат (мисалы, «ичеги-карын флорасы», «адам терисинин микрофлорасы»), анткени мурда бактерия жана козу карындар өсүмдүктөр падышалыгына таандык болчу.

Терминдин келип чыгышы

Терминдин аталышы байыркы римдик гүлдөр жана жазгы гүлдөө кудайы Флоранын (латынча Flora) атынан келген.

«Флора» сөзү «өсүмдүктөр жыйындысы» маанисинде биринчи жолу Польшалык ботаник Михал Бойм (1614—1659) тарабынан 1656-жылы Венада чыккан Flora Sinensis («Кытайдын флорасы») эмгегинде колдонулган.

Экинчи жолу бул мааниде «флора» сөзү улуу шведдик табиятчы Карл Линней тарабынан 1737-жылы Амстердамда чыккан Flora Lapponica («Лапландия флорасы») эмгегинде колдонулган. Дал ушул китеп «флора» жанрындагы анын заманбап түшүнүгүндө биринчи болгон — башкача айтканда тигил же бул аймактын өсүмдүктөр дүйнөсүнө арналган көргөзмө эмгек жанрында. Flora Lapponica — бул Лапландиянын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн маалыматтарынын жыйындысы, өсүмдүктөрдүн жана козу карындардын 534 түрүнүн кеңири баяндалышын камтыйт, алардын жүздөйү биринчи жолу баяндалган. Бул китептин түзүлүү негизи (баяндалуучу аймак жана анын изилдөө тарыхын баяндаган маалыматтарды камтыган кириш бөлүмдөр; өсүмдүктөр түрлөрүнүн баяндалышын камтыган бөлүм, анын ичинде ар бир түркүм үчүн, — анын морфологиясы жөнүндөгү маалыматтар, өсүүнүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө, таксономиялык маалыматтар жана өсүмдүктү колдонуу боюнча кыскача маалыматтар; китептин аягында — адабияттар тизмеси) композициялык жактан мыкты болуп чыгып, башка аналогиялуу дилбаяндарда колдонула баштаган.

Флораны анализдөө ыкмалары

  • географиялык анализ — флораны географиялык таралышы боюнча бөлүү; эндемиктердин үлүшүн аныктоо;
  • генетикалык анализ (байыркы грек тилинен γένεσις «келип чыгышы, пайда болушу») — флораны географиялык келип чыгышы жана отрукташуу тарыхынын ченөлчөмдөрү (критерийлери) боюнча бөлүү;
  • ботаника-географиялык анализ — берилген флоранын башка флоралар менен байланышын аныктоо;
  • экология-фитоценологиялык анализ — флораны өсүү шарттары, өсүмдүктөр түрлөрү боюнча бөлүштүрүү;
  • жашы боюнча анализ — флораны прогрессивдүү (пайда болуу убактысы боюнча жаштары), консервативдүү жана реликттик элементтерге бөлүү;
  • системалык түзүмүнүн анализи — берилген флоранын курамына кирген түрдүү системалык топтордун сандын жана сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн салыштырмалуу анализи.

Флораны анализдөөнүн бардык ыкмалары анын алдын-ала инвентаризациясына таянат, башкача айтканда, түркүмдүк жана тукумдук курамын аныктоо.

Флораны типтештирүү

Адистештирилген топтордун флорасы

Өзүнчө өсүмдүктөр топторун камтыган өсүмдүктөр таксондорунун жыйындысында өзүнө ылайык адистештирилген аталыштарга ээ:

  • Альгофлора — балырлар флорасы;
  • Бриофлора — мох сымалдуулар флорасы;
  • Дендрофлора, же арборифлора — жыгач өсүмдүктөрүнүн флорасы.

Бул организмдер топторун өсүмдүктөргө таандык кылбай калганга чейин дагы үч термин пайда болгон:

  • Лихенофлора — эңилчектер флорасы;
  • Микофлора — козу карындар флорасы;
  • Миксофлора — миксомицеттердин флорасы (былжырчылар).

Аймактардын флорасы

Каралып жаткан аймактардын мүнөзү боюнча кийинкидей айырмалашат:

  • Жалпы Жердин флорасы;
  • Континенттер же материктер жана алардын бөлүктөрүнүн флорасы;
  • Өзүнчө табигый калыптануулар флорасы (аралдар, жарым аралдар, тоо системалары);
  • Өлкөлөрдүн, облустардын, штаттардын жана башка административдик түзүлүштөрдүн флорасы.

Тышкы шарттар критерийлери боюнча флора

Каралып жаткан аймактардын тышкы шарттарынын критерийлери боюнча төмөнкүдөй айырмалашат:

  • Кара топурак жана башка топурак түрлөрүнүн флорасы;
  • Саздардын жана жер бетинин башка өзгөчө аймактарынын флорасы;
  • Дарыялардын, көлдөрдүн жана башка таза көлмөлөрдүн флорасы;
  • Деңиздердин жана океандардын флорасы.

Аборигендик жана адвентивдик флора

Түрлөрдүн келип чыгышы көз карашында конкреттүү флораны кароодо аборигендик (латынча aborigenes ← ab origene «башынан») же автохтондук өсүмдүктөр айырмаланат — каралуучу аймакта жетишээрлик көпкө чейин жашап келе жаткандар, — жана адвентивдүү (латынча adventicius «келгин», «бөтөн») алып келинме же келгин өсүмдүктөр айырмаланат — мурда каралуучу аймакта болбогон, бирок кийинчерээк алынып келинген (адам баласынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында же кайсы бир табигый агенттер аркылуу). Кайсы бир аймактын аборигендик өсүмдүктөр түрлөрүнүн жыйындысын аборигендик флора аташат, ал эми адвентивдүү түрлөрдүн жыйындысын — ошол аймактын адвентивдүү флорасы дешет.

Ар башка авторлор адвентивдүү флорага өсүмдүктү таандык кылуу үчүн ар кандай ченөлчөмдөрдү (критерийлерди) колдонушат: тар мааниде ага туруксуз жана флоранын кокус компоненттерин таандык кылышат, башкача айтканда, табиятташуу процесси бүтө электер; кеңири мааниде адвентивдик флорага ошол аймакта адам отурукташкандан кийин пайда болгон бардык өсүмдүктөр таандык, анын ичинде табиятташкан өсүмдүктөр дагы — башкача айтканда, каралуучу аймакта акклиматизацияланып, жергиликтүү өсүмдүк каптамында бекем орунга ээ болгондор. Кээ бир аймактарда адвентивдүү (келгин) өсүмдүктөр олуттуу, кээде доминанттык абалга ээ болушат, ошону менен бирге кээ бир аборигендик өсүмдүктөрдүн өндүрүүсүнө тоскоолдук жаратат. Мындай учурлардын мисалы катары Австралия, Түштүк Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү опунциялардын кеңири таралышын келтирсе болот, ошондой эле теги европалык болгон астралардын аргентиналык пампаларда (талааларда) активдүү таралышы. Кээ бир отоо чөптөр айыл чарба өсүмдүктөрүн каптап, жер иштетүүсү өнүккөн өлкөлөрдө кеңири таралып кеткен.

Краснов боюнча флоранын түрлөрү

1888-жылы орус ботаниги Андрей Николаевич Краснов өзүнүн «Чыгыш Тянь-Шандын түштүк бөлүгүнүн флорасынын өнүгүү тарыхынын тажрыйбасы» аттуу эмгегинде флора аймактарын бөлүктөргө бөлүүнүн кийинкидей формуласын сунуштаган.

F = ƒ1 + ƒ2 + ƒ3

мында

  • F — берилген аймакта учурда өсүп жаткан түрлөрдүн жыйындысы;
  • ƒ1 — төртүнчүлүк мезгилге чейин бул жерде жашап өзгөрбөгөн же анча-мынча гана өзгөргөн түрлөр;
  • ƒ2 — берилген аймактагы шарттардын таасиринен улам үчүнчүлүк формалардын өзгөрүү натыйжасынан турган түрлөр;
  • ƒ3 — берилген аймакка кеч доордо көчүп (же көчүрүлүп) келген түрлөр.

F көрсөткүчү ƒ1 жакын болгон флораны реликттик деп аташат. Мындай флора Канар аралдарына, Кытайга, Японияга мүнөздүү.

F көрсөткүчү ƒ2 жакын болгон флораны трансформациялык деп аташат. Мындай флора, мисалы, Борбордук Азия үчүн мүнөздүү.

F көрсөткүчү ƒ3 жакын болгон флораны миграциялык деп аташат. Мындай флора Батыш Европага мүнөздүү.

Колдонуу критерийлери боюнча флора

Белгилүү бир аймакта өстүрүлүүчү маданий өсүмдүктөрдүн жыйындысын белгилөө үчүн «маданий флора» деген айтым колдонулат.

Кээде «ден-соолук флорасы» деген фраза дагы кездешет — бул метафора белгилүү бир аймакта же жалпы Жерде жайылган дары өсүмдүктөр түрүнүн жыйындысын белгилөө үчүн пайдаланылат.

Флористикалык аймакташтыруу

Ар кандай аймактардын флорасынын салыштырмалуу анализи жер шарынын флористикалык аймакташтыруусунун негизин түзөт, башкача айтканда «флористикалык системасын» — жер шарын табигый флористикалык бирдиктерге бөлүү системасы.

Жайгаштыруу: 2022-06-10, Көрүүлөр: 309, Жайгаштырган: Жыргалбекова С., Өзгөртүлгөн: 2022-06-10