Жер бүткөндө Толтой аттуу мерген болгон экен. Мунун мергендиги жумуру баштууда жок болуп, адистикте ок чыгарып, көз ирмеп атканын тегеле жазбаган экен. Бирок, Толтой мергенди тоотпогон капкайдан жыт алып, өңүткө жолотпогон айдан кыраакы "Үч аркар" бар экен.

Көк теңиринин аксарат, көксарат деген эки жакшы аты болуптур. Аны алтын казыкка аркандаттырып койгон экен. Ал аттарды Көк уурулары кармамак болуп, аркан таштаса, аркандары жетпей калыптыр. Аларга чалманы түшүрүп кармайбыз деп жүрүшөт экен.

Кыргыздар ааламды, дүйнөнү, заттарды таанууда анын жаралыш тегин билүү, чечмелөөгө дит коюп көргөн. Бирок алардын диттери тек баштапкы коомдун баамы, нариете элестетүүдөгү мифтик баяндар болуп кала берген.

Кыргыз мифтеринде "кут" ак шоола нур болуп теңир сыйлаган адамга жана үй-бүлөгө түшөт экен. Кут түшкөндө анын үстүнө ак жаап, ак сарбашылап атап мууздап ырымын кылып токтотот экен. Кут токтоткону коргошундан же калайдан киши кебетелүү куюп, кут түшкөн (шоола же нур) жерге жапкан касиеттүү чүпүрөккө ороп атадан балага мурас катары каткан.