Маалымат касиеттери

Маалымат бизге туура чечим кабыл алуу үчүн керек. Маалыматтын касиеттерин б. а. анын сапаттык белгилерин карайлы.

1.Маалыматтын объективдүүлүгү. Маалымат - бул сырткы дүйнөнүн чагылуусу, ал биздин аң-сезимибизге жана каалообузга көз карандысыз эле жашайт. Ошондуктан, маалыматтын касиети катары объективдүүлүктү белгилөөгө болот. Маалымат кимдир бирөөнүн ой жүгүртүүсүнө, пикирине көз каранды болбосо, объективдүү болот. Мисалы, эгер "сыртта жылуу" десек, бул субъективдүү маалымат болот (эгерде, термометр бузук эмес болсо).

Өлчөөчү куралдардын, бергичтердин (датчиктердин) жардамы менен объективдүү маалыматты алууга болот. Бирок, конкреттүү адамдын аң-сезиминде чагылуу менен, маалымат объективдүү болуудан калат, себеби ал конкреттүү субъекттин ой жүгүртүүсүнө, тажрыйбасына, билимине жана анын мүнөзүнө жараша өзгөрөт.

2.Маалыматтын аныктыгы. Маалымат чындыкты чагылдырса, анда ал анык, ырас. Объективдүү маалымат дайыма анык болот. Бирок анык маалымат объективдүү да, субъективдүү болушу мүмкүн. Анык маалымат бизге туура чечим кабыл алууга жардам берет. Маалымат төмөнкү себептерден улам анык болбой калышы мүмкүн:

  • атайын бурмалоо (дезинформация);
  • тоскоолдуктардын таасиринин натыйжасында бурмалануусу (бузук телефон);
  • фактылардын маанисин азайтканда же өтө күчөткөндө (имиш-имиш сөздөр, аңчылардын аңгемелери) ж. б.

3.Маалыматтын толуктугу. Эгерде маалымат түшүнүктүү жана чечим чыгаруу үчүн жетишерлик болсо, анда ал толук маалымат болот. Мисалы, тарыхчынын максаты өткөн доорлор жөнүндө толук маалымат алуу болуп саналат. Бирок тарыхый маалымат эч качан толук болбойт жана убакыт канчалык алдыга жылган сайын, өтүп кеткен мезгил жөнүндөгү маалымат ошончолук азая берет. Атүгүл, биздин көз алдыбызда өткөн окуялар да толугу менен жазылып калбайт. Көп нерсе унутулуп калат, ал эми эскерүүлөрдө бурмаланууга дуушар болот.

Толук эмес маалымат туура эмес жыйынтыкка же чечимге алып келиши мүмкүн. Демек, "чала окуган, такыр окубагандан да жаман" деген макал бекеринен айтылбаса керек.

4.Маалыматтын актуалдуулугу - анын азыркы учур үчүн маанилүүлүгү, олуттуулугу. Убагында кабыл алынган маалымат гана зарыл болгон пайданы алып келиши мүмкүн. Маалымат эки себептен улам актуалдуу болбошу ыктымал: эскирген (мурунку жылдагы гезит) же арзыбаган, керексиз (мисалы, Италияда баалар 5% төмөндөдү деген кабар биз үчүн керексиз болушу мүмкүн).

5.Маалыматтын пайдалуулугу же пайдасыздыгы. Бул түшүнүктөрдүн ортосунда чек жок. Маалыматтын пайдалуулук даражасы жөнүндө конкреттүү адамдардын аны керектөөлөрүнө карата кеп кылуу зарыл. Маалыматтын пайдалуулугу биз анын жардамы менен чече турган маселелер аркылуу аныкталат.

Биз үчүн эң баалуу маалымат бул - жетишерлик, пайдалуу, толук, объективдүү, анык жана жаңы маалымат. Бирок бир аз сандагы пайдасыз маалымат анда жаңылык болбосо, зарылдыгы жок болгон кээ бир учурларда да жардам берерин, мисалы эс алууда, көңүлгө алып коюу зарыл. Ал эми эң анык, эң толук маалымат жаңы боло албайт.

Техникада пайдалуулукту кароонун кажети жок, анткени машинага маселени адам коёт.

ОбъективдүүСубъективдүү
АныкАнык эмес (жалган)
ТолукТолук эмес
АктуалдууАктуалдуу эмес (эскирген же убагында эмес)
Баалуу (пайдалуу)Пайдасыз
Ачык, түшүнүктүүТүшүнүксүз
Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)