Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Медиа пландоо

Баш барак | Башкалар | Медиа пландоо

Медиа — өзүнө байланыш каражаттарын, маалыматты аралыкка берүүнү камтып, жана алар аркылуу медиамейкиндикти калыптандыруучу кеңири түшүнүк. Латын тилинен medium, “орточо” же “ортомчул” дегенди билдирет. Media коммуникациянын каражаты катары орус тилине 1960-жылы кирген.

Учурда коммуникация каражаттары кенири түшүнүк: текст, музыка, cүрөттөө, медиатекст, массмедиа, медиамейкиндик, медиакомпетентүүлүк, медиа маалымат, медиа билдирүү, медиа көз карандуулук, жаңы медиа, альтернативдик медиа, социалдык медиа ж.б.

Мазмуну

Медиа пландоо

Жарнама рыногунун бардык катышуучулары, медиа менен операция жасоо чечимин кабыл алуучу тараптар массалык жарнама каражаттарынын динамикасын так жана таамай билүүсү жана медиа пландоонун чеберчиликтерин эркин жүргүзүүсү керек. ММКда жарнаманы жайгаштыруу үчүн медиа план иштелип чыгышы кажет. Анын жыйынтыгы натыйжалуу болушу зарыл. Бирок массалык жарнама каражаттарынын кандай иштээрин билбей туруп, медиа планды түзүү мүмкүн эмес. Анын алкагында, кандайча жана кардарлардын канчалык саны менен мамиле түзүлөөрүн, ММКнын ар бирин колдонууда анын артыкчылык менен кемчиликтерин, алардын бааларын салыштыруу жана бекитүү жана башкаларын билүү талап. Динамика маанилүү.

Медиаплан – бул жарнамалык кампаниянын узактыгын алдын ала билүүнү байкоочу модель, жарнама алып жүрүүчүлөрдү максаттуу тандоо...

Медиа пландоо жарнамалык агенттиктердин ишмердүүлүгүнүн маанилүү элементи. Бул процесс маанилүү жана актуалдуу. 1999-жылдан тарта Канн кинофестивалында рекламалар номинациясындагы сыйлыкты тапшыруу укугуна ээ.

Медиа пландоо – бул татаал ишмердик. Анын негизинде ар башка методика камтылган. Мында 3 суроого жооп берүү аракети болушу маанилүү:

Медиа пландоо терминдери

Респонденттер – сурамжылоо жүргүзүүгө атайын тандалып алынгандар.

Рейтинг – рекламалык аудиториянын масштабы (көлөм). Бул пайыздык жана абсолюттук негизде өлчөнөт. Рейтинг реклама билдирүүлөрүн алып жүрүүчүлөрдүн мүнөзүнө аныктама болуп саналат.

Рейтинг албетте ар башка мүнөздөмө жана математикалык моделдер аркылуу аныкталат. Медиа планды иштеп чыгууда негизги мүнөздөмө.

Рекламанын максаттуу тобу (target group) маркетинг иш чаралардын комплексин талап кылат. Ал аркылуу жарнамаланып жаткан товар же кызматка тартылуучу көп сандаган адамдар аныкталат.

Негизинен максаттуу аудиторияны маркетологдор аныкташы керек. Алар аны медиа план түзүүчүлөргө товар же кызматты сунуштоо алдындагы прикладдык түзүм катары колдонушат.

Максаттуу аудиторияны аныктоодо айрым параметрлер эске алынышы кажет:

Cтратегия

Максаттарга жетүү жана аларды орундатуу үчүн реклама берүүчү уюмдун, же агенттин узак убакытка иштеп чыккан программасы. Стратегиялык медиаплан эмне кылуу керек? Кантип? Качан? Ким? Деген суроолордун алкагында түзүлөт. Уюмдагы учурдагы абал кылдат иликтенүүсү зарыл. Андан кийин ал эми кандай жетишкендиктерди каалайт, же максат кылат деген суроолор анализдениши кажет.

Медиапландоонун стретегиясын иштеп чыгууда, төмөнкү параметрлер эске алынышы кажет:

Маркетинг маселелери

Маркетинг – өндүрүм-соода сатык ишмердүүлүгүн башкарууну уюштуруу боюнча кабыл алынган чаралардын комплекстүү смистемасы. Ал киреше алууну жана сатып алуучулардын керектөөсүн канааттандыруу мүмкүнчүлүгүн максималдаштыруу максатында рынокту анализдөө жана изилдөөгө негизделген.

Реклама – бул конкреттүү субьект тарабынан төлөнгөн маалыматты таратуу. Ал башкаларга даректелет. Рекламанын максаты ар түрдүү болушу мүмкүн (маалымат берүү, жандантуу, саттырып же сатып алууга түртүү ж.б). маркетинг товарды алга жылдыруу боюнча жалпы ишти башкарууга алуу (түзүү, жылдыруу, сатуу, сатыктан кийинки абалды анализдөө ж.б).

Ошентип, реклама – бул маркетингге салыштырмалуу тар түшүнүк. Маркетинг проблемаларды колго алат:

Медиа-бриф

Бриф (англисче кыскача "инструкция, корутунду") - кызматташууну пландаштырган тараптардын элдештирүү буйругунун кыскача жазуу жүзүндөгү формасы, анда келечектеги программанын, графиканын, медианын же башка долбоордун негизги параметрлери көрсөтүлгөн.Медиа-бриф-жарнамалык кампанияны пландаштыруу жана өткөрүү үчүн кыскача маалымат. Медиа планды иштеп чыгуу алдында келишимге кол коюшат. Анда реклама берүүчү келечектеги рекламалык кампаниянын негизги параметрлерин жазып чыгат; бюджет, реклама алып жүрүүчүлөрдүн тизмеси, рекламалык кампаниянын датасы, ал айрым рынок окуяларына жана фирманын планына байланыштуу болушу да мүмкүн, аймактык кучак, максаттуу аудитория. Ушул эле документке медиа планды иштеп бүтүүнүн алдын ала датасын жана рекламалык кампаниянын бүтүү мөөнөтүн жазуу керек.

Теле көрсөтүүдөгү пландоо

Телереклама – рекламалардын өзгөчө эмоционалдуу жана көрүмдүү түрү. ТВ –натыйжалуу, бирок реклама таратуунун кымбат каражаты. ТВ реклама эске тутуп калуу багытында өзгөчө таасирдүү. Телерекламаны алты топко бөлүп кароого болот:

  1. Телевидение үчүн даярдалган 1 мүнөткө чейинки ар кандай товарларлдын рекламасы, же престиждүү видеороликтер. Телеэкранда күнүгө көрөбүз.
  2. Көргөзмөлөр, сүйлөшүүлөр, презентациялар үчүн даярдалган 1 мүнөттөн 3 мүнөткө чейинки товарлардлын видеоролиги. Бул группадагы реклама маалыматтык болуп эсептелет. Бирок анда эмоционалдык да сапат бар. Телеэкранга роликтер кымбаттыгына байланыштуу көп берилбейт. Мындай роликтер атайын кызыкдар тараптар үчүн даярдалат, жеке аудиторияга ээ.
  3. Товар жөнүндө анын таанып-билүү элементтери бар рекламалык-популярдуу фильмдер. Бул 3 мүнөттөн 20 мүнөткө чейин даярдалат. Анда товардын жасалыш тарыхы, салттар ж.б. кенири айтылат. Бирок бир телеканалда көрсөтүү экиден ашпайт.
  4. 3 мүнөттөн 20 мүнөткө чейинки хронометражда даярдалган эс алуу жайлары, туризм жөнүндөгү рекламалык-популярдуу фильмдер. Мындай фильмдердин максаты –рекламаланып жаткан обьектинин техникалык-экономикалык жетишкендигин жеткирүү. Туристтик агенттиктердин офистерине көрсөтүлөт.
  5. Товардын өндүрүмү, технологиясы, лицензиялары жөнүндө тартылган 5 мүнөттөн 20 мүнөткө чейинки рекламалык-техникалык фильмдер. Мындай рекламалар тышкы товар жүгүртүү практикасында колдонулуп келе жатат.
  6. Фирмалар, айрым учурларда шаар, аймак ж.б жөнүндө тартылган 5-10 минуттук престиждүү фильмдер. Тышкы соода практикасында колдонулуп келе жатат. Кандай гана видеоролик же фильм болбосун, анын негизин жакшы жазылган сценарий түзөт.
Жайгаштыруу: 2020-04-13, Көрүүлөр: 1577, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-04-13
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу