Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тактооч деген эмне

Баш барак | Башкалар | Тактооч деген эмне

Тактооч деген эмне, түрлөрү кандай, аларды кантип талдоо керек жана ушу сыяктуу башка суроолорго жооп жазууга аракет кылалы.

Кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын: мезгилин, ордун, сын-сыпатын, сан-өлчөмүн көрсөтүп, морфологиялык жагынан өзгөрбөй турган, өзгөрсө да жарым-жартылай өзгөргөн сөздөр тактоочтор деп аталат.

Тактоочтор: качан? кайсы убакта? кайда? кантип? кандай? канча? нече? кайдан? качантан бери? качанка чейин? деген суроолорго жооп берет.

Мисалы: Таң эрте (качан?) жаан басылды. Кыштын камын жазда ойло. Жөжөнү күздө сана. Аштык айда жазында, айдабасаң жазында, ачка өлөсүң кышында. Жакшы атак алыска угулат. Өнөрлүү өйдө чыгат.

Тактоочтор түзүлүшүнө карата жөнөкөй жана татаал тактооч болуп, экиге бөлүнөт. Жөнөкөй бир сөздөн, ал эми татаал тактооч эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлөт.

Мисалы:
Жөнөкөй тактооч сөздөр: бүгүн, эртең, кечээ, эрте, быйыл, жайлай, жогору, төмөн, өйдө, алыс, жай, ылдам, көп, аз, ашык, кем, мынча, ошончо, ошончолук ж. б.

Татаал тактооч сөздөр: Эртели-кеч, күдү-күздөй, анда-мында, өйдө-төмөн, илгери-кийин, ары-бери, соо-саламат, жөө-жалаң, жекеме-жеке, анча-мынча, аз-аздан, көп-көптөн ж. б.

Мисалдар:

  1. Жакында, алыста, кайда, кайсы жерде жүрсөк да, Ата Мекенди, туулуп-өскөн жерди эстейбиз.
  2. Кайсы гана малчы болбосун, кышында жана эрте жазда баккан малын арыктатпай, ар убак чыгашасыз асыраса, ал алган милдеттенмесин ар дайым жеңил аткарууга негиз түзөт.
  3. Эртели-кеч кеп урса, эрикпейт да, зерикпейт.
  4. Эрте туруп, иш кылсаң, элден ишиң бат бүтөт.
  5. Айылдык жаштардын мектептериндеги сабактар күндүз да, кечинде да уюштурулушу мүмкүн.
  6. Кийин, мен эс тартканда, ал жылкычы болуп кеткен.
  7. Жылдан-жылга замана, кыйын чыгат ошондо.
  8. Улам кийинки кадамы акыркы марасы болуп баратты, азыр.
  9. Эртели-кеч байкайын, жакшы жигит көрдүм деп, ата-энеме айтайын.

Тактоочтор көбүнчө этишке тиешелүү болуп айтылып, сүйлөм тизмегинде бышыктоочтук милдет аткарат. Мис: Карылык ылдый тартат, жаштык өйдө тартат. Жай жүрсөң, алыс барасың. Нурбай жогору жүгүрөт, аюу төмөн чуркайт. Мира немисче сүйлөсө, Акай англисче сүйлөйт.

Жөнөкөй тактоочтун жасалышына карай бөлүнүшү


Жөнөкөй тактоочтор тубаса жана туунду тактооч болуп, эки топко бөлүнөт. Тубаса тактоочтор дайыма уңгу түрүндө турат. Ага төмөндөгүдөй сөздөр кирет:

Таблица №1, Туунду тактоочтун сөздөрү
Тубаса тактоочторТубаса тактоочтор этиш сөздөр менен айкашып айтылат
кеч, эрте, азыр, небак, дайыма, эми, кечээ, кийнн, жана, мурун, улам, ылдам, жай, бат, араң, зорго, кайра, дароо, ашык, кем, жалгыз ж. б.келди, окуду, барган, алды, иштөөдө, алып келет, келиптир, барчу ж. б.

Туунду тактоочтор морфологиялык жол менен сөз мүчөлөрүнүн жардамы аркылуу жасалат.

Туунду тактоочтордун морфологиялык жол менен жасалышы


Туунду тактоочтор төмөндөгүдөй мүчөлөрдүн жардамы менен зат атоочтон, сын атоочтон, ат атоочтон, сан атоочтон жана тактоочтун өзүнөн жасалат.

Таблица №2, Туунду тактоочтун морфологиялык жол менен жасалуудагы мүчөлөрү
МүчөлөрүЗат атоочтонСын атоочтонАт атоочтонСан атоочтонТактоочтун өзүнөн
-ча:кишиче, адамча, балача.жаңыча, эскиче.менче, сенче, өзүмчө, сизче, тигилерче, анча-мынча, ошончо.-бүгүнчө, азырынча
-лап:күндөп, түндөп, жылдап, айлап.--ондоп, жүздөпэртелеп, кечтеп, аз-аздап.
-чылап:Дайырчылап, Бейшечилеп.-менчилеп, сенчилеп, тигилерчилеп.--
-лай:жайлай, күздөй, кыштай, акчалай.---ылдамдай
-латпа:жайлата, кыштата, күздөтө.улуулата, кичүүлөтө, сакалдуулата.---
-чалык:Даниярчалык, Айшачалык.-ушунчалык, ошончолук, менчелик.-
-сын:-кышкысын, жазгысын, түнкүсүн, эртеңкисин.---

-ыраак - негизинен сын атоочко таандык мүчө, бирок айрым тактоочторго да улана берет: эртерээк, кечирээк, жанараак, мурунураак, көбүрөөк, азыраак, кемирээк, өйдөрөөк ж. б. Бирок -ыраак мүчөсү уланган сын атооч менен тактоочту уңгуга суроо берүү аркылуу гана ажыратабыз.

Тактоочтор жөндөмө мүчөлөр аркылуу да жасалат:

Мис-дар:

  1. Илгери да, азыр да күн жаркырап, кечке тийип турат.
  2. Адамдар жашоо кумарын күндөп-түндөп, жайды-жайлай, кышты-кыштай, күздү-күздөй, жазды-жаздай өткөрө беришет.
  3. Чалкуйрукка тил бүтүп, адамча сүйлөй баштайт.
  4. Сөз ирети менен улуулата берилди.
  5. Мугалимибиз менен кечээ экскурсияга бардык, жакында да барабыз.
  6. Жаратылыштын кооздугун сүрөттөп, ырлар жаздык, акындарчылап, ырларыбыз жакшы жазылды.
  7. Кийин чыккан адамы — илим билген амалдуу.

Татаал тактоочтордун синтаксистик жол менен жасалышы

Эки, же андан ашык сөздөрдөн тутамдашып же тактоочтордун эки ирет кайталанып айтылышы аркылуу жасалган тактоочтор татаал тактоочтор деп аталат.

Бат-бат, жайды-жайлай, колмо-кол, кез-кезде, анда-санда, өйдө-ылдый.

Синтаксистик жол менен жасалган тактоочтор кош, кошмок сөз түрүндө болот.

Кош тактоочтор төмөндөгүдөй жасалат: Сөздөрдүн кайталанып айтылышы аркылуу: бат-бат, тез-тез, ылдам-ылдам, бара-бара, кез-кез, аз-аз, улам-улам, кайра-кайра, жөө-жалаң, ачык-айкын, өйдө-ылдый, ары-бери, эртели-кеч, бүгүн-эртең, илгери-кийин, жайы-кышы, колмо-кол, оозмо-ооз, жекеме-жеке, сөзмө-сөз, кез-кезде, аз-аздан, өзүнөн-өзү, жылдан-жылга, анда-мында, анда-санда ж. б

Эки сөзүнө тең -дыр мүчөсүнүн уланышы аркылуу: күндүр-түндүр, аздыр-көптүр, жайдыр-кыштыр, эртедир-кечтир ж. б. Кош сөз түрүндөгү тактоочтор арасына дефис коюлуп жазылат.

Кошмок тактоочторго: беш колдой, кур алакан, жапа тырмак, бир кезде, бир маалда, бир күнү, бир жылы, ар дайым, алда кайда, ар качан, ар убакта, эч убакта, эч кандай жана башка сөздөр кирет. Кошмок тактоочтор арасында дефис коюлбай бөлөк жазылат.

Тактоочтун маанисине карай бөлүнүшү

Тактооч берген маанилерине карата: мезгил тактооч, орун тактооч, сын-сыпат тактооч, сан-өлчөм тактооч болуп, төрткө бөлүнөт.

Таблица №3, Тактоочтордун маанисине карай бөлүнүшү
Тактоочтордун түрлөрүБерилүүчү суроолоруМисалдарЭтиштер менен айкалышы
1.Мезгил тактоочторкачан? качантан бери? кайсы кезде? качанка чейин?бүгүн, эртең, кечээ, бүрсүгүнү, эрте, кеч, жана, анан, күндүз, быйыл, эми, ар качан, түштө, кечинде, жайында, жазында, күзүндө, кышында, жайды-жайлай, күздү-куздөй, түндө, эртең мененкелет (келди) келчү, барган, иштеди, окуган
2.Орун тактоочторкайда? каерде? кайсы жактан? кайсы жакка? каякка?мында, анда-мында, жогору, төмөн, өйдө, алыс, алыстан, ары-бери, кийин, жакын, ыраак, ылдый, алда-кайда, өйдө-төмөн, артка, алда-кайдан, илгериокуду, келет, барат, көрөт, кетти
3.Сынсыпат тактоочторкантип? кандай? кандайча? кимче? эмнече?жай, ылдам, тез, бат, араң, зорго, бекер, орусча, кыргызча, өзүбүзчө, менимче, өздөрүнчө, бекеринен, өзүнчө, үстөмөнүнөн, чалкасынан, алдыртадан, тескерисинче, кокустан, жөө-жалаң, соо-саламат, тезинен, жекеме-жеке, бетме-бет, колмо-кол, акырын, дарооиштеди, сүйлөдү, жазды, ойлонду, өкүндү, жатты, карады, болду, жүрдү, сүйлөштү
4.Сан-өлчөм тактоочторканча? нече? канчалык? канчалап? нечелеп?көп, аз, ашык, кем, мол, мынча, ошончо, ушунча, ушунчалык, жалгыз, азаздан, саал-паал, көп-көптөн, ошончолук

Мезгил тактооч

Кыймыл-аракеттин мезгилин көрсөтүп, качан? кайсы убакта? качантан бери? качанка чейин? деген сыяктуу суроолорго жооп берген тактоочтор мезгил тактооч деп аталат.

Мезгил тактоочторго: бүгүн, эртең, кечээ, бүрсүгүнү, кийин, кеч, жана, анан, күндүз, быйыл, эми, ар качан, түштө, кечинде, жайында, жазында, күзүндө, кышында, жайды-жайлай, күздү-күздөй, түндө, эртең менен деген ж. б. сөздөр кирет.

Мис-р:

  1. Бүгүн биз Чожну деген ысык жерден жөнөдүк. Эртең таң ата Ак-Сууга жетебиз.
  2. Султанмурат эми дүбүрт чыккан жакка Чабдардын оозун коё берди.
  3. Кийин Беккул экөөбүз Ак-Суудан бир байды таап алдык.
  4. Эми мен кезекти Беккулга берем.
  5. Мен эртең менен эрте физзарядка ойноого көнүгүп калдым.
  6. Баятан жымжырт болуп турган үй азыр күлкүгө толду.
  7. Жапар менен Айша жана келип кетти.
  8. Жайды-жайлай кылган эмгегибиз текке кетпеди.
  9. Кийин, биз эс тартканда, бул теректердин сырын түшүндүк.

Орун тактооч

Кыймыл-аракеттин боло турган ордун, багытын көрсөтүп, кайда? каякта? кайсы жакта? кайсы жакка? кайсы жактан? деген суроолорго жооп берип турган тактоочтор орун тактооч деп аталат.

Орун тактоочторго төмөнкүдөй сөздөр кирет: мында, жогору, төмөн, өйдө, алыс, алыстан, ары-бери, кийин, жакын, ыраак, ылдый, алда кайда, өйдө-төмөн, артка, алда кайдан, илгери деген жана башка сөздөр кирет.

Мисал:

  1. Анын мында келгенине көп убакыт болду.
  2. Күнүгө таң заардан туруп, мурда долбоорлонгон айрым-айрым варианттарымды кайра баштан карап чыгам да, ары-бери басып ойлоном.
  3. Иштин баары алдында турат.
  4. Күн батыштан болгон шамал булуттарды алыска-алыска айдады.
  5. Биз терекке чыкканда, айылдан төмөн алда кайдан мунарыктаган мейкиндиктин ушунчалык кеңдиги көз алдыбызга тартыла түшчү.
  6. Анын үйү мында, суунун жогорку маңдайында, экинчи бригаданын көчөсүндө.

Сын-сыпат тактооч

Кыймыл-аракеттин сын-сыпатын билдирип, кантип? кандай? кандайча? кимче? эмнече? деген суроолорго жооп берген тактоочтор сын-сыпат тактооч деп аталат.

Сын-сыпат тактоочторго: жай, ылдам, тез, бат, араң, зорго, орусча, кыргызча, өзүбүзчө, менимче, өздөрүнчө, өзүнчө, тескерисинче, кокустан, жөө-жалаң, соо-саламат, жекеме-жеке, бетме-бет, колмо-кол, акырын, дароо деген ж. б. сөздөр кирет.

Мисалдар:

  1. Жапар өз ишин дароо таштаган жок, кокустан, капыстан, колу бошой калса, конторага тез жөнөйт.
  2. Алтынай Сулайманова ал күнү бат эле келди.
  3. Чогулган эл аны дароо тосуп алышты.
  4. Ал акырын барып, президиумдан орун алды.
  5. Алымдын айтканы тескерисинче болду.
  6. Мен орусча үйрөндүм, ал кыргызча үйрөндү.
  7. Айганыш тез-тез, бат-бат, ылдам сүйлөп жатты.

Сан-өлчөм тактооч

Кыймыл-аракеттин иштелиш өлчөмүн, көлөмүн, санын көрсөтүп, канча? нече? канчалык? канчалап? нечелеп? деген суроолорго жооп берген тактоочтор сан-өлчөм тактоочтор деп аталат.

Сан-өлчөм тактоочторго: көп, аз, ашык, кем, мол, анча-мынча, ошончо, ушунча, жапырт, ушунчалык, жалгыз, аз-аздан, аз-маз, саал-паал, көп-көптөн, ошончолук, болушунча деген ж. б. сөздөр кирет.

Мисалдар:

  1. Көп жашасаң, көптү билесиң.
  2. Катуу күркүрөгөн күндүн жааны аз.
  3. Ошончо да кечигесиңерби, балам.
  4. Эрте турган кишинин ырыскысы мол болот.
  5. Ашык дөөлөт баш жарат.
  6. Менин көптөн-көп суранарым, адабий китепти ошончолук көп окугула.
  7. Ал шаардан саал кечигип кайтты.

Тактоочтордун жазылышы

Жөнөкөй тактоочтор бир гана сөздөн түзүлөт. Эки же андан ашык сөздөрдөн түзүлгөн татаал тактоочтор төмөндөгүдөй жазылат:

1.Карама-каршы маанидеги кош сөз катарында айтылган тактоочтор арасында дефис коюлуп жазылат: ары-бери, бүгүн-эртең, өйдө-төмөн, аздыр-көптүр, жай-ылдам, эртели-кеч, күндөп-түндөп.

2.Уңгу түрүндө кайталанган жана айрым мүчөлөрдүн жардамы аркылуу кайталанып айтылган татаал тактоочтор арасында дефис коюлуп жазылат: бат-бат, тез-тез, кээ-кээде, кез-кезде, аз-аздан, бетме-бет, ылдам-ылдам.

3.Кошмок сөз катарында айтылган тактоочтор арасында эч кандай белги коюлбай, ар башка жазылат. Мисалы: ар качан, ар дайым, ар убакта, ар күнү, бир кезде, бир маалда, бир паска, ар жылы, эч убакта.

4.Сын атоочтун -ыраак мүчөсү уланган тактоочтор созулуп айтылышынча (-ыраак) жазылат: кечирээк, эртерээк, жанараак, ананыраак, эмирээк, жогорураак, төмөнүрөөк, өйдөрөөк, алысыраак, жакыныраак, көбүрөөк, азыраак, батыраак, ашыгыраак.

Тактоочко морфологиялык талдоо жүргүзүүнүн тартиби:


  1. Сүйлөмдөгү тактоочторду таап, эмне үчүн тактооч экендигин аныктоо, эрежесин түшүндүрүү;
  2. Тактоочтун тубаса же туунду түрүндө экенин далилдөө;
  3. Мааниси жагынан кайсы тактооч экенин таап, ага кандай суроолор берилерин аныктоо, эрежелерин айтып берүү;
  4. Тактоочту түзүлүшүнө карай ажыратуу (жөнөкөй, татаал);
  5. Кайсы мүчөлөрдүн жардамы аркылуу кандай сөз түркүмдөрүнөн түзүлгөндүгүн табуу;
  6. Тактоочтун жазуу эрежелерин (орфографиясын) түшүндүрүү ж. б.

Кермекаш быйыл жайды-жайлай көбүрөөк иштеп, эгинден ушунчалык түшүмдү мол алды.

Оозеки талдоонун үлгүсү


Бул сүйлөмдөгү быйыл деген сөз - тактооч. Тактооч деп, кыймыл-аракеттин ар түрдүү кырдаалын билдирип турган сөздөрдү айтабыз. Мезгил тактооч кыймыл-аракеттин мезгилин көрсөтүп, качан? деген суроого жооп берди. Бул жыл деген эки сөздөн бириккен, составы боюнча жөнөкөй сөз. Жайды-жайлай бул дагы качан? деген суроого жооп берди, мааниси боюнча мезгил тактооч, түзүлүшү боюнча татаал, жай деген зат атооч сөздөрдөн түзүлдү, кош сөз катарында арасында дефис коюлуп жазылат. Уңгусу — жай, мүчөлөрү -ды, -ла, -и.

Көбүрөөк — уңгусу — көп, канча? деген суроого жооп берет. Сан-өлчөм тактооч, себеби кыймыл-аракеттин санын, өлчөмүн билдирди; уңгусу — көп, мүчөсү — ыраак, буга -ыраак мүчөсү уланды.

Ушунчалык — ушу(л) деген ат атоочтон түзүлдү, уңгусу — ушу(л), мүчөлөрү — ча, -лык; канчалык? деген суроого жооп берет.

Мол — сан-өлчөм тактооч, канча? деген суроого жооп берди, уңгу түрдө турат.

Жазуу жүзүндөгү талдоонун үлгүсү
Быйыл, жай//ды-жай//ла//й, мол.

Достор, тактооч жонундо кошумча суроолорду тартынбастан жазгыла.

Жайгаштыруу: 2019-03-05, Көрүүлөр: 142837, Өзгөртүлгөн: 2019-03-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо