Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Этиштин чактары

Баш барак | Башкалар | Этиштин чактары

Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болуп жаткандыгын, же андан мурун болуп өткөндүгүн, же андан кийин болорун чындык катарында көрсөткөн этиш сөздөр этиштин чактары деп аталат. Этиштин чактары төмөндөгүдөй болуп, үчкө бөлүнөт:

Мазмуну

Учур чак

Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан учурда болуп жаткандыгын көрсөтүүчү этиш сөздөр учур чак деп аталат. Этиштин учур чагы төмөндөгүдөй жолдор менен түзүлөт.

Этиш сөздөргө чакчыл - а, - е (-й), - ып мүчөлөрү, андан кийин жак мүчөлөр уланып, жат, тур, бар, кел, бол, отур, бер деген ж. б. көмөкчү этиштердин кошо айтылышы аркылуу түзүлөт. Мисалы: Бактыбек мектепке бара жатат. Жүргүнчү улам эки жагын карай берди. Ата-энелер мектепке келип жатышат. Мен окуп жатам

-оо, - уу мүчөлөрү аркылуу түзүлгөн кыймыл атоочторго жатыш жөндөмөсүнүн мүчөсү (-дан) улануу менен түзүлөт. Мисалы: Элдин турмушу жакшырууда. Отличник окуучулардын саны өсүүдө. Бак дарактар бүрдөөдө. Учур чак түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп, экиге бөлүнөт.

Келер чак

Кыймыл-аракеттин, окуянын келечекте болорун көрсөтүүчү этиш сөздөр келер чак деп аталат. Келер чак кыймыл аракеттин аткарылышына карай айкын келер чак, арсар келер чак болуп, экиге бөлүнөт.

Айкын келер чак

Кыймыл-аракетти келечекте боло тургандыгы, же болбосу анык экендиндигин ачык-айкын көрсөткөн этиш сөздөр айкын келер чак деп аталат.

Этиш сөздөргө чакчыл - а, - й мүчөлөрү уланып, андан кийин тиешелүү жак мүчөлөрүнүн жалганышы аркылуу айкын келер чак жасалат. Мисалы: Мен жакында Москвага барам. Кеңешмеде чыгып сүйлөйм. Жолдошторума жолугам.

Арсар келер чак

Кыймыл-аракеттин, окуянын боло тургандыгын, же болбой тургандыгын күмөндүү түрдө, же арсар экендигин көрсөткөн этиштер арсар келер чак деп аталат.

Арсар келер чак - ар, - бас мүчөлөрүнүн жардамы менен уюшулат. Мисалы: Мен жакында барып калармын. Алар келип калышар. Бүгүн жыйналыш болор. Ашым эртең келип калар. Балким, Ысакул эртең шаарга барбас.

Өткөн чак

Кыймыл-аракеттин, окуянын сүйлөнүп жаткан учурдан мурун болгондугун, же болбогондугун билдирген этиш сөздөр өткөн чак деп аталат. Мисалы: Мен бардым. Биз жазыптырбыз. Окуучулар иштеп бүтүшкөн экен. Кыргызстан гүлдөгөн өлкөгө айланды.

Жайгаштыруу: 2020-04-14, Көрүүлөр: 42351, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-04-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо