Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Этиштин татаал формалары, алардын мүнөздүү белгилери

Баш барак | Башкалар | Этиштин татаал формалары, алардын мүнөздүү белгилери

Бул макала "этиштин татаал формалары", алардын мүнөздүү белгилери жөнүндө болмокчу.

"Этиштин татаал формалары" эки же андан ашык этиш сөздөрдүн бир мааниге бириккен тобу аркылуу уюшулат. Бирок алардын тутумун түзүп турган бөлүктөрү берген маанилери боюнча бирдей даражада болбойт. Алардын бири кыймыл-аракеттик негизги маанини билгизет да, калгандары анын маанисин толуктайт, грамматикалык жактан ал маанини жыйынтыктайт.

Айтылган өзгөчөлүктөргө карай татаал этиштер негизги жана жардамчы этиш болуп экиге бөлүнөт.

Негизги этишке, жардамчы этиш же көмөкчү сөз кошулуп айтылса татаал этишти түзөт.

Мисалы, Айжан жылмайып койду асты сызылган татаал формадагы этиш. Дагы бир мисал, мен үйгө бара жатам.

Мында, кыймыл-аракет жөнүндөгү негизги түшүнүк чакчыл формасындагы алардын биринчи түгөйлөрү (жылмайып, бара) аркылуу берилди.

Ал эми экинчи түгөйлөрү аларга кошумча маани киргизүү менен грамматикалык жактан жыйынтыкталды.

Демек, негизги жана жардамчы этиштер маанилик жактан, ошондой эле грамматикалык жактан өз ара ажырагыс болуп, уюмдашып келип, кеңири маанидеги кыймыл-аракетти билдирсе, этиштин татаал формалары болот.

Негизги этиш чакчылдын -а, -е, -й, -ып, -ганы мүчөлөрү аркылуу жасалат.

Султан мурат ордунан тура калды
Адам чарчаганын жеңе баштады
Кайрадан эл тынчый баштады
-ып Класста сабак жүрүп жатат
-ганы Мелисбек Адилетке кайрылганы келди

Мисалдардагы чакчыл формасындагы этиштердин алгачкы лексикалык маанилери сакталып, сөз болуп жаткан окуядагы кыймыл аракеттин негизги түшүнүгүн билдирип турат.

Негизги этиштер лексикалык баштапкы маанилери дайыма сактайт да, чакчылдын формаларында турушат (-а, -е, -й, -ып, -ганы мүчөлөрү).

Ал эми жардамчы этиштер төмөндөгүдөй белгилерге ээ:

Мисалы: Ал унчукпай тура берди (жардамчы этиштин асты сызылды, "тура" деген негизги этишке кошумча маани берип турат). Эмнегедир ошол күндөр эсиме келе түштү. Бексултан жаш балача ыйлап жиберди. Бул жерде түштү, берди, жиберди деген сөздөр жардамчы этиштер. Аттан түштү, алма берди, үйгө жиберди деген сыяктуу өзүлөрүнүн баштапкы лексикалык маанилерин сактабастан негизги этиш билдирген түшүнүктөрүн кандай мүнөздө өтүшүн билдирип турат.

Негизги жана жамдамчы этиштердин орун алуу багыты да туруктуу болот. Башкача айтканда биринчи негизги этиш, андан соң жардамчы этиш жайгашат.

Эскертүү: Чачылдар менен жак формасындагы этиштердин айкашы дайыма эле этиштин татаал формасын түзө бербейт. Мисалы, Жигит не дээрин билбей оңтойсуздана күлдү/баштады.

Бул жердеги оңтойсуздана күлдү жана баштады деген этиштер бири экинчисине карата бирдей эле каражат. Оңтойсуздана деген сөздөр бирдей чакчылдын -а формасынын байланышканына карабастан, анын биринчи этишинде оңтойсуздана күлдү дегенинде экөө тең бирдей лексикалык мааниге ээ. Экинчи түрүндө оңтойсуздана баштады чакчылдын -а формасы менен уюшулган "оңтойсуздана" деген сөзгө "баштады" деген жардамчы этиш.

Ошондуктан, мындай этиштер, негизги этишке карата дайыма маанилик жактан көз каранды болот дагы, аны менен ажырагыс биримдикте колдонулуп, этиштин татаал формасын түзөт.

Демек, мындай түзүлүштөгү катар келген этиштерде алардын жак формасындагы түгөйүнүн өз алдынча лексикалык мааниге ээ, же ээ эместиги чечүүчү ролду ойнойт.

  1. Ал жылмайып үндөбөдү
  2. Ал жылмайып койду

Биринчи мисалдагы этиштин ар бири өз алдынча мааниге ээ болсо, экинчи мисалдагы этиштер татаал формалуу этиш саналат.

Негизги этиш менен жардамчы этиштин байланыштуу жолдорунун схемасы:

Этиш менен жардамчы этиштин байланышуу жолдору

Мисалдар: Экөө караңгыда темселеп жүрүп, куурап түшкөн чегедектерден бир далай чогултуп келди. Асты сызылганы жардамчы этиш.

Булактын боюнча жакын шамал тийбеген ыктоого от жага салышты. Мында негизги этиш.

От барган сайын алоолонуп, денеге жагымдуу бир аптап таратып жатты. Мында жардамчы этиш.

Жайгаштыруу: 2020-04-14, Көрүүлөр: 64424, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-04-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу