TYUP.NET
Катталуу
Кирүү
Жаратылыш макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Жаратылыш же табият — Ааламдын материалдык дүйнөсү, негизинен табигый илимдердин негизги изилдөө объектиси. Тиричиликте «жаратылыш» же «табият» сөзү табигый жашоо чөйрө маанисинде колдонулат, башкача айтканда адамдын колунан жарабаган бардык нерселер. Жөнөкөй сөз менен айтканда, эгер айланага көз чаптырып көрсөк биз күндү, асманды, булутту, жерди, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, тоолорду, токойлорду көрөбүз. Мына ушулардын баары жаратылыш. Күн, асман, булут, таштар, суулар, жамгыр, кар булар жансыз жаратылыш. Өсүмдүктөр, жаныбарлар, адам булар жандуу жаратылыш. Аларга канаттуулар, айбандар, кескелдириктер, жыландар, ташбакалар, бакалар, балыктар, курткумурскалар, курттар, деги жандуу дүйнөнүн бардыгы кирет. Жаратылыш бул биздин айланабыздагы өтө таң каларлык нерселер. Ар бир кадам сайын адамга ошол таң каларлык нерселердин сырын ачууга мажбур болот. Алгачкы кадамдарда адам жылдын ар кайсы мезгилиндеги жаратылыштын жашоо-тиричилигине байкоо жүргүзүүдөн баштайт. Жаратылыш биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоо-тиричилигибизге керектүү көп нерселерди берет, негизинен жашоого зарыл болгон ресурстарды. Алардын ичинде, эң негизгиси тамак-аш. Ошол себептен адамдар жаратылышты коргошот, анын байлыктарын арттыруу максатында көп эмгектенишет. Абасы таза, жаратылышы кооз жерлерден таланттар көп чыгат дешет. Шаркырап аккан тунук суу, суу түбүндөгү ар кандай балыктар, ар бир дабышты улап жаңырган аска жана ал асканын күчүнө моюн бербей тең ортосун жарып чыккан арча, карагайлар адамдын жан дүйнөсүн кызытып талантына талант кошот. Айта берсе сөз түгөнгүс болгон жаратылыш кооздугун жүрөгү назик адам сезе билет, суктана билет. Айлана-чөйрөсүн аярлап карап, ар бир нерсенин ийнежибине чейин кылдат баамдаган адам гана жаратылыштын ушул кереметин, сулуулугун жан дүйнөсү менен жүрөгүнө жакын кабыл алат. Жаратылыштын өзүнөн эле зор күч алат. Мындай чөлкөмдө жашаган элден таланттар көп чыгат. Царства природы в естествознании. Тарыхы 1735-жылы Карл Линней «Жаратылыш системасы» китебинде үч падышалыкты белгилеген: Минералдык — казылып алынуучулар же өлүк падышалык (тирүү эмес жаратылыш); Өсүмдүктөр падышалыгы; Жаныбарлар падышалыгы 1883-жылы В. В. Докучаев топурактар (биосөөктүк падышалык) аталган төртүнчү падышалыкты кошкон. 1866-жылы Геккель Протисттер падышалыгын киргизген. 1938-жылы Герберт Копелан Монера (Monera) же Дробянка падышалыгын киргизген. Дробянкалар — бир клеткалуу, өзөктүк организмге чейинкилер. Бул жакка ал бактерияларды, архейлерди кошкон. Роберт Уиттекер козу карындар падышалыгын бөлүп чыгарган: козу карындар — жаныбарлар жана өсүмдүктөрдүн белгилерин камтыган организмдер. 1977-жылы Дробянка падышалыгын экиге бөлгөн: Архейлер/Архебактериялар жана Эубактериялар/Бактериялар булар биохимиялык катарлары жана молекулалык белгилери боюнча айырмаланышат. Кийинчерээк архейлерден эукариоттор чыкканы аныкталган. 1998-жылы Протисттер падышалыгы эки падышалыкка бөлүнгөн: Жөнөкөйлөр жана Хромисттер болуп. Дагы караңыз Жаратылыш жан досум Табиятты коргоо Экология
Бөлүмдөр
Макала жайгаштыруу
Жарнама жайгаштыруу