Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жырткыч осумдуктор

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Жырткыч осумдуктор

"Жырткыч осумдуктор" - курт-кумурскалар жалбырактарды жей турганын билебиз, мында таң каларлык эч нерсе жок. Бирок жалбырак деле чымын-чиркейди кармап, аны жок кылат экен! Буга ишенбейсиңерби! Анда эмесе жакын-арадагы сазга баралы. Мына, мамык чөптөрдүн арасынан кичинекей гана кызгылт түстүү өсүмдүк көзгө илинет. Бул желимтер деген аңчы өсүмдүк. Желимтердин жалбырагы майда, бирок башка жалбырактарга окшобой өзгөчөлөнүп турат. Аны чоңойткуч айнек менен карап көрсөңөр, ар бир жалбырактын бетин туташ кызгылт түк каптап турганын байкайсыңар. Түктөрдүн учунда кадимки шүүдүрүмгө окшоп мөлтүлдөп, кичинекей бир тамчы турат. Мына ошол желимтердин жалбырагына чиркей келип конду дейли. Ал эми жалбырактын бетиндеги шүүдүрүм эмес, коюу жана илээшкек суюктук.

Чиркей ага жабышып чыга албай калат, жалбырактын түктөрү чиркейди көздөй жыйрылып ага тиери менен күйгүзүүчү шире бөлүп чыгарат. Ошонун таасиринен бир-эки күндөн кийин чиркей эрип, аны жалбырак сиңирип алат. Андан соң жалбырак таза кургайт да, андагы чиркейдин баш-шыйрагынын калдыгын шамал учуруп кетет. Бирок көп өтпөй желимтердин жалбырагында кайрадан шүүдүрүм тамчы мөлтүлдөп, кайрадан аң уулоосу башталат. Саздуу жер азык заттарга жарды келет эмеспи.

Ошондуктан желимтер мына ушундай жол менен кошумча азыктанууга ыңгайлашкан. Ал эми тропиктеги ысык өлкөлөрдө дагы бир кызык "жырткыч осумдуктор" өсөт. Ал непентес деп аталат. Анын жалбырагынын учунда алыстан эле көзгө урунган чымкый сары же кызыл кичинекей кумуралары бар. Алардын жытынын аңкыганын айтпа! Өтө таттуу шире издеген чымын-чиркей кумурага келип конот.

Кумуранын капталы өтө жылмакей болгондуктан анын четине конгон кичинекей коңуз ошол замат жылмышып, кумуранын түбүнө түшөт, андагы суюктукта курт-кумурска эрип сиңирилет. Жер шарында ушул күнгө чейин белгилүү болгон беш жүзгө жакын ар түрдүү "жырткыч осумдуктор" бар. Аларды окумуштуулар курт-кумурска жегич өсүмдүктөр деп аташат. "Жырткыч өсүмдүктөр" боюнча айталы дегенибиз ушундай достор.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2061, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо