Чыгармачылык — сапаттык жактан жаңы объекттер, руханий баалуулуктар жасалуучу ишмердүүлүк процессинин натыйжасы же объективдүү жаңы нерсенин жаралуу жыйынтыгы.
Чыгармачылыкты даярдоодон (өндүрүштөн) айырмалаган негизги ченөлчөмү — анын натыйжасынын уникалдуулугу. Чыгармачылыктын жыйынтыгын баштапкы шарттардан түз чыгаруу мүмкүн эмес. Мүмкүн, автордукундай жыйынтыкты алуу, ошондой эле шарттарда жасаганда дагы автордукундай жыйынтыктарга жетүү өтө кыйын болот. Ошентип, чыгармачылык процессинде жыйынтыкка эмгектен тышкары материалды, кандайдыр бир эмгек операцияларына же логикалык тыянакка кошулбаган мүмкүндүктөрдү кошот, жыйынтыкта өзүнүн жеке аспектилерин чагылдырат. Чыгармачылыктын дал ушул фактысы ага өндүрүштөн айырмаланган кошумча баалуулуктарды берет. Чыгармачылыкта жыйынтык гана эмес, процесс дагы баалуулукка ээ. Чыгармачыл адам өзүнүн сезими менен табияттагы термелүүчү процесстердин ортосундагы байланыш түрүндөгү табияттын гармониясын кабыл ала алат, башкача айтканда мезгилдик кайталоолорун. Андан кийин ал өзүнүн логикасы менен бул байланыштын формасын таанып билип, жеткиликтүү тилде түшүндүрүү мүмкүндүгүнө ээ.
Белгилүү абалдардан логикалык тыянакка кошулбаган процесс жана чыгармачылыктын жыйынтыгына Нильс Бордун сөздөрү көрсөтмө боло алат, анда кийинкидей айтылат: «Бул теория туура болуусу үчүн жетишээрлик алаңгазар эмес».
Кошумча макала: Оозеки чыгармачылык. Элдик искусство
Чыгармачылык — адамга жана айланасындагыларга кызык жараткан жана эстетикалык баалуулукка ээ болгон, тышкы дүйнөдө ойлорду эркин ишке ашыруучу акыл-эс процесси, анын ичинде аспаптар жана адамдын ички сезимдери менен дагы. Адамдын чыгармачыл ишмердүүлүгүндө образды, эмгек өндүрүмдөрүн курууда ошондой эле, маселе жараткан абал белгисиздик менен мүнөздөлгөн учурлардагы зарыл болгон элемент — элестетүү (кыял) саналат.
Чыгармачылык дегенде көп адамдар дароо музыканы элестетишет бирок, чыгармачылык өтө кеңири тармакты камтыган түшүнүк жана жеке музыка гана тиешелүү эмес.
Билим, ык жана көндүмдөр көмүскө эс аймагына, башкача айтканда, психологиялык автоматташтыкка таандык, жана чыгармачылык процессте чечүүчү мааниге ээ эмес. Чыгармачылык үчүн аспапты колдоно билүүнүн жалпы негизи болгон базалык билимге, ошондой эле, берилген чыгармачыл процессти ишке ашыруу үчүн билимдин минимумуна ээ болуу жетиштүү. Чыгармачылык процессти ишке ашыруу үчүн энциклопедиялык билимге ээ болуу зарылдыгы жок: эреже катары, мындай билимге ээ болуу белгилүү бир деңгээлде акылды (логиканы) туюмдан (интуициядан) бошоткондо келип чыгат. Көп учурда — акыл бирөөнүн логикасын ээрчиген (тууроо) болот. Ошону менен бирге, акыл менен туюмдун байланышын жоготуудан улам чыгармачылык процессти ишке ашыруу мүмкүн эмес болуп калат. Эркин акыл (же логика), мисалы, тез иштеп, чебер, эптүү, ойлоп чыгаргыч жана тайманбас келет. Ошондуктан, чексиз жана көп билимге ээ болуу менен туюм иштебесе жаңы нерсени жаратуу дээрлик мүмкүн эмес. Экинчи жагынан адам жогорку деңгээлдеги туюмга ээ болуп, бирок, билим же аспап жок болсо, адамдарга жеткиликтүү туюм-сезимдик образдарды жаратуу кыйын. Буга байланыштуу «билем жана көрөм» деген фраза менен чыгармачылыкты жакшыраак түшүндүрүүгө болот. Мында, «билем» дегени «билим» деген мааниде, ал эми «көрөм» дегени «элестетем» же «туям» деген мааниде. Билип туруп, элестете албоо, же элестетип бирок, аны жасоого билимдин жоктугунан жаңы нерсе жаралбасын түшүнүү маанилүү. Чыгармачылык үчүн билим менен ыктын, ошондой эле, логика менен туюмдун гармониялуу айкалышы маанилүү.
Чыгармачылыкты изилдеген тармак катары эвристика саналат.
Чыгармачылыктын ар кандай түрлөрү бар:
Башкача айтканда, чыгармачылыктын түрлөрү тажрыйбалык жана жан-дүйнөлүк ишмердүүлүктүн түрлөрүнө туура келет.
XIX кылымда эле немец физиги Герман Гельмгольц илимий ачылыштарды ишке ашыруунун процессинин ички көрүнүшүн жалпы түрдө баяндаган. Анын бул өздүк байкоолорунда даярдануу, инкубация жана түшүнүү баскычтары белгиленет. Гельмгольц өзүндөгү илимий идеялар кантип жаралаары жөнүндө Ж. Адамарды цитаталап кийинкидей жазган:
1908-жылы Париждеги Психологиялык коом иш-чарасында франциялык математик Анри Пуанкаре өзүнүн докладында бир нече математикалык ачылыштарды ишке ашыруу процессин баяндап, чыгармачылык процесстин баскычтарын тапкан, кийинчерээк ал баскычтар көптөгөн психологдор тарабынан белгиленген.Бул бактылуу аяндар көбүнчө акылга акырын кирип келет, мунун айынан алардын маанисин дароо байкоо кыйын, башка учурда кокустук гана алардын качан жана кандай учурларда келээрин көрсөтөт: акыл-эсте ой пайда болуп, ал кайдан келгенин өзүң да билбейсиң.
Бирок, башка учурларда бизди ой аракетсиз эле, көңүл эргүү катары күтүлбөгөн жерден каптайт.
Жеке тажрыйбам боюнча, ал (чыгармачылык ой) чарчаган мээде жана жазуу столу үстүндө эч качан жаралбайт. Ар бир учурда, акылдагы бардык ийри-буйрулар жана чырмалыштар мээге бекем сакталыш үчүн жана аны кагазга жазбастан, жаттагандай кайрадан өтүү үчүн алгач мага менин тапшырмаларымды бардык үлгүгө салууга туура келчү.
Негизинен мындай нерсеге узак эмгексиз жетүү мүмкүн эмес. Андан соң, пайда болгон чарчоо кеткенден кийин бир сааттай дененин жаңылануусу жана тынч абалдагы жыргалдуулук сезими талап кылынчу, ушундан кийин гана жакшы идеялар келчү. Көп учурда алар Гаусс белгилегендей эртең менен келчү.
Күн ачыкта токойлуу тоолорго чыгып баратканда алар өзгөчө жакшы келчү. Спирт ичимдигинин кымындай эле саны аларды таптакыр үркүтүп салчу. (Жак Адамар)
1. Алгач тапшырма коюлат, жана бир нече убакыттын өтүшүндө аны чечүү аракеттери жасалат.
«Эки жума бою мен автоморфтук деп атаган функцияга аналогиялуу функциянын жок экенин аныктоого аракет кылдым. Бирок, мен таптакыр туура эмес кылып жаткан экенмин; мен күн сайын жумушчу столума отуруп, ал жакта сандардын чоң комбинацияларын изилдеп, эч кандай жыйынтыкка келбей бир же эки сааттай убакыт өткөрчүмүн».
2. Андан кийин аздыр-көптүр узакка созулган убакыт келет, ал убакыттын өтүшүндө адам чечилбей калган маселени ойлобой, андан алаксыйт. Пуанкаренин жоромолу боюнча бул мезгилде тапшырманын үстүндө аң-сезимдик иш жүрөт.
3. Жана акырында, кокустан, тапшырма жөнүндө ойлобостон, тапшырмага тиешеси жок кокус абалда аң-сезимде чечимдин ачкычы пайда болот.
«Бир күнү кечинде, өзүмдүн адатыма каршы мен кара кофени ичип алдым; уйку качып, уктай албадым; идеялар мээмде кысылып, алар бири-бири менен кагылышып жатканын сезип жаттым, анан алардын экөө кошулуп, туруктуу комбинацияны жаратты».
Ушул өңдүү жөнөкөй билдирүүлөргө каршы Пуанкаре бул жерде аң-сезимде чечимдин гана эмес, буга чейинки аң-сезим ишинин кандайдыр бир сыйкыр же керемет болуп калганын баяндайт; Жак Адамар бул баянга көңүл буруу менен, анын өзгөчөлүгүн белгилеген: «Мен мындай керемет сезимди эч качан сезген эмесмин жана аны андан (Пуанкареден) башка кимдир бирөө сезгенин уккан эмесмин».
4. Андан кийин чечим үчүн зарыл болгон идея белгилүү болгондо, чечимдин аяктоосу, текшерилүүсү жана өнүгүүсү ишке ашат.
«Таң атканда мен гипергеометриялык катарга туура келген функциялардын бир классы бар экенин аныктадым; жыйынтыктарды жазып эле коюш керек болчу, ал бир нече саат убакытты алды. Мен бул функцияларды эки катардын катыштыгы катары берүүнү каалап, бул идея акыл-эстүү жана ойлонулган болчу; мени эллиптикалык функциялардын аналогиясы башкарып турду. Эгер бул катарлар болсо, алар кандай касиеттерге ээ болушу керек деп мен өзүмө суроо берип жаттым, жана мен ал катарларды оңой эле түзүп, аларды тета-автоморфтук деп атадым».
Чыгармачылык тапшырманы чечүүдө полимераздуу чынжыр реакциясын (ПЧР) түшүнүүдө акыл-эстин, элестетүүнүн, туюмдун, ойлонуунун, мээнин пассивдүү иштөө режиминин тармагынын (МПИРТ), эркин элестетүү оюнунун иш-аракеттеринин жакшы түшүндүрмөсүн Кэри Муллис берген. Ал 1993-жылы ПЧР ыкмасын ойлоп тапкандыгы үчүн химия боюнча Нобель сыйлыгына ээ болгон.
Түшүндүрмөсү: «Хонда тырышып бизди тоого чыгарып баратты. Колдорум жолду жана бурулуштарды сезип турду, бирок, ойлорум лабораторияны ойлоп баратты. Көз алдымда ДНКнын чынжырлары өтүп, электрленген молекулалардын жаркын көк-кызгылт көрүнүштөрү жарк этип чыга калып жатты. Жоромолдор күчүктөр сыяктуу ары-бери чуркап, маалыматтын үзүндүлөрүн аралаштырып, салыштырып жана бириктирип турду. Машина жол жээгиндеги «46,58 миля» белгиси бар түркүктүн жанына токтоп, кокустан өз-өзүнчө болгон фрагменттер бир көрүнүшкө келе баштады.»
Жадатма түнкү жол жүрүүдөн Муллистин мээси идеяларды көтөрүп, кийинчерээк аларды сорттоп жана жылмалоого мүмкүндүк берди.
Кошумча макала: Теория
Пуанкаре чыгармачылык процесстин (математикалык чыгармачылык мисалында) аң-сезим фазасынын табияты жөнүндө ой жүгүртүп, аны эки механизмдин ишинин жыйынтыгы катары элестетет; 1) келечектеги идеялардын элементтерин айкалыштырууну (комбинациялоону) ишке ашыруу жана 2) пайдалуу айкалышууларды тандап алуу. Мында кийинкидей суроолор жаралат: аң-сезимдик комбинациялоодо кандай бөлүкчөлөр катышат жана комбинациялоо кандай жүрөт; «чыпка» кандай иштейт, жана ал «пайдалуу» комбинацияларды аң-сезимге кандай белгилер менен өткөрөт жана тандайт? Пуанкаре төмөкүдөй жооп берген.
Тапшырма үстүндөгү алгачкы акыл-эстик ишмердүүлүк келечектеги ага таандык болгон комбинацияларды ойготот, кыймылга келтирет. Андан соң, эгер, албетте, тапшырма дароо чечилбесе, тапшырма үстүндө аң-сезимдин иштөө мезгили башталат. Акыл-эс башка нерселер менен алек болуп жатканда аң-сезимдеги түрткү алган бөлүкчөлөр бири-бири менен кагылышып жана түрдүү комбинацияларды калыптандыруу менен өзүнүн ишин уланта берет. Бул комбинациялардын кайсынысы аң-сезимге түшөт? «Коозурагы, башкача айтканда, бардык математиктерге тааныш жана жөнөкөй адамдардга жеткиликсиз болгон атайын математикалык көркөмдүк сезимдерине таасир эткендери». Ал комбинациялардын мүнөздөмөлөрү кандай? «Акыл-эс кыйынчылыксыз эле аларды толугу менен камтый алган гармониялуу жайгашкан элементтер. Бул гармония биздин эстетикалык сезимдерибиздин канаатандыруучусу жана акыл-эске жардамчы катары кызмат кылат, ал акыл-эсти колдоп, аны менен иш алып барат. Бул гармония бизге математикалык мыйзамды алдын-ала сезүүгө мүмкүндүк берет. Ошентип, бул атайын эстетикалык сезим калбырдын ролун аткарат, жана ушунусу менен мындай нерсеси жок адам, эч качан чыныгы ойлоп табуучу болбосун түшүндүрөт», — деп Пуанкаре жазган.
Пуанкаре баяндаган баскычтарга окшошуп кеткен баскычтардын XX кылымдын башында Б. А. Лезин дагы белгилеген.
Белгилүү америкалык физик-теоретик Брайан Грин чыгармачылык активдүүлүк мээнин ашыкча активдүүлүгүнүн натыйжасы катары, өзүнүн бардык ресурстарын тамак-аш жана баш калкалоо зарылдыгынан бошогон homo sapiens түрүнө түр катары таандык деп эсептейт.
А. Пуанкаренин 1908-жылдагы классикалык докладына жакындаган чыгармачылык ойдун баскычтарынын белгилүү болгон ыраатын 1926-жылы англичан Грэм Уоллес берген. Ал чыгармачылык ойдун төрт деңгээлин (баскычын) белгилеген:
П. К. Энгельмейер (1910) ойлоп табуучунун жумушу үч актыдан турат деп жоромолдогон: каалоо, билим/билүү, ык/эп.
«Ойлоп табуунун идеясы гана болуп турганда (I акт), ойлоп табуу жарала элек: схемасы менен кошо (II акт) ойлоп табуу элестетүү катары берилет, III акт ага реалдуу жашоону берет. Биринчи актыда ойлоп табуу жоромолдонот, экинчисинде — тастыкталат, үчүнчүсүндө — ишке ашырылат. Биринчи актынын аягында — ал гипотеза, экинчинин аягында — элестетүү; үчүнчү актынын аягында көрүнүш. Биринчи акт аны телеологиялык жактан аныктайт, экинчисинде — логикалык жактан, үчүнчүсүндө — фактылык. Биринчи акт көздөөнү берет, экинчиси — планды, үчүнчүсү — кылган ишти».
Орустардын окумуштуусу П. М. Якобсон (1934) кийинкидей баскычтарды белгилеген:
Америкалык инсан теориясы чөйрөсүндөгү изилдөөчүсү Гарднер Линдсей чыгармачылыкка тоскоолдук жараткан ойдун кийинкидей касиеттерин белгилеген:
Бул тизмеге жаңы нерседен чочулоо, жалкоолукту дагы кошсо болот.
Чыгармачылык ойлонууга тоскоолдук жараткан башка себептердин жыйындысы дагы белгиленет: «Чыгармачылык ыкманы талап кылган учурларда мээ жашыруун же ачык, акыл-эстүү же аң-сезимдик төрт себептин бири боюнча каршылык көрсөтүүгө аракет кылат: белгисиздик коркунучу, белгисиздикке чыдабастык, тапшырманын маанилүүлүгү же анын татаалдыгы алдындагы алагды болуу, маң болуу».
Чыгармачылыкты кандайдыр бир жаңы нерсени жасоо процесси катары гана эмес, инсан (же адамдын ички дүйнөсү) менен ишмердүүлүк ортосундагы жүргөн иш-аракет процесси катары да кароого болот. Ошону менен бирге, өзгөрүүлөр тышкы чөйрөдө гана эмес, инсандын өзүндө дагы жүрөт.
«Инсан активдүүлүгү, өзүнүн ишмердүүлүк чөйрөсүн кеңейтүүгө умтулуусу, учурлардын талаптарынын чегинен тышкары иш-аракет кылуусу, багыттуулугу (турукттуу доминанттык мотивдер системасы — кызыкчылыктары), көз караштары ж. б. менен мүнөздөлөт». Абалдардын талаптарынын чегинен чыгып иш-аракет жасоо чыгармачылык иш-аракет болуп саналат.
С. Л. Рубинштейн баяндаган негиздерге ылайык айлана-чөйрөдө өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу менен адам өзү дагы өзгөрөт. Демек, адам чыгармачылык ишмердүүлүктү ишке ашыруу менен өзүн өзгөртөт.
Зигмунд Фрейдке ылайык чыгармачылык сублимация иш аракетинин натыйжасы саналат, башкача айтканда, ички психикалык чыңалуу энергиясын социалдык жактан жарактуу делген максаттарга жетүү үчүн бурулушту камсыздаган психиканын коргонуч механизми.
Карл Густав Юнг боюнча чыгармачылыктын булагы катары архетиптер саналат, башкача айтканда, аң-сезимде муруңку муун менен калыптанган, тандалган жана топтолгон жана мурас катары берилген дүйнө таанымдын, адам психикасынын иштөөсүнүн базалык түнүйдүк түзүмү. К. Г. Юнг чыгармачылык менен оюндун тыгыз байланышы бар экенине көңүл бурган:
Жаңы нерсени жасоо акылдын эмес, ички мажбурлоо боюнча иштеген оюнга кызыгуунун иши. Чыгармачылык дем (дух) өзү жактырган объекттер менен ойнойт.
А. Адлер чыгармачылыкты кем баалуулук, толук эместик комплексин (орусча комлпекс неполноценности) толуктоо ыкмасы катары караган.
Эрих Нойманн боюнча чыгармачылык функциясына табият өңдүү формаларды кокустук түрүндө жасаган аң-сезим ээ. Табият өзүнүн формаларын атом менен кристалдан тарта органикалык жашоо жана платеталык системаларга чейин өзүнүн формаларын кокустук түрүндө жасайт жана бул адам баласын суктандырат жана таң калтырат.
Жамааттык аң-сезим архетиптери башында формасыз түзүмдөр болот, алар көрүнүктүү формага искусстводо ээ боло баштайт.
Э. Нойманндын ырастоосу боюнча көптөгөн жазуучулар жана сүрөтчүлөр арасында доминанттык абалга эне архетиби ээ. Ошону менен бирге эне архетибинин аныктоочу фактору катары чоң адамдын эмес баланын эне менен болгон мамилеси саналат.
Юнг сыяктуу эле, чыгармачылык менен оюндун байланышына психоаналитикалык багыттын өкүлү Д. В. Винникотт дагы көңүл буруп, кийинкидей жазган:
Оюнда, мүмкүн оюнда гана, бала же чоң киши чыгармачылык эркиндигине ээ.
Оюн адамга креативдүү болууга мүмкүндүк берген механизм саналат. Чыгармачылык ишмердүүлүк аркылуу адам өзүн (инсан өзөгүн, терең маңызын) табууга умтулат.
Д. В. Винникоттун ою боюнча чыгармачылык ишмердүүлүк — бул адамдын саламаттуу абалын камсыз кылган нерсе.
Америкалык психолог жана психотерапевт Ролло Мэй чыгармачылык процессинде адамдын дүйнө менен кездешүүсү ишке ашырылат деп баса белгилеген. Ал төмөнкүдөй жазган:
«Чыгармачылык катары чыккан нерсе — бул дайыма инсан менен дүйнөнүн байланышы ишке ашырылган процесс».
Чыгармачылыкты психиканын жабыркаган учурларын чыңдоо үчүн колдонушат (арт-терапия).