Жүктөлүүдө...
Чалагыз Иманкулов (1889-1980)
Кыргыз Республикасыныи маданиятына эмгек сиңирген ишмер, залкар комузчу, акын Ч. Иманкулов (өз аты Абдылда) 1889-жылы Ысык-Көл районундагы Корумду айылында туулган. Медреседен сабатсыздыгын жойгон. 32 жашынан баштан комуз черткенди айылдашы уста Адыраңдан үйрөнгөн. Комуз күүсүн ага Каптагай аттуу комузчу уйрөткөн. Андан соң домбра үйрөнүп, кыяк тартып, кийин залкар күүлөрдү кыябына келтире чертүүгө, өз алдынча бир кыйла күү чыгарууга да жетишкен.
Комуз чертүү сыпайы өнөрлөрдүн бири, анткени комузду колуна алыр чертип отурсаң, өзүңдүн жакын көргөн сөзмөр теңтуштарың менен тамашалашкансып бир кумардан канасың, дей турган атасы. Эресеге жеткенде алгыр куш таптап, мүнүшкөр болгон жана мылтык атып, аңчылыкты кесип кылган, тери менен булгаары кармап, чырга жасаган, томого тиккен. Жыгач кармап, комуз чапкан. Жаш кезинен жамактап ыр чыгарып, жарамазан айтып, кыргыз менен казактын оозеки эл дастандарынан жатка үйрөнүп жүрүп, кийин шыгы жетилген кездерде адабий чыгармаларды жараткан.
Айыл кеңешинин терагасы 1933-1953-жылдары радиокомитетте, кыргыз драма театрында, кыргыз мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген. Анын өз ысымы менен басма сөз бетине тунгуч жарыяланган чыгармасы Көк жорго деген ыры 1936-жылы Кызыл Кыргызстан газетасына басылган. Ошондон баштан артист, уламачы-жомокчу жана мүнүшкер гана эмес, ыр жана кара сөз түрүндөгү чыгармаларды жазган акын-жазуучу катары коомчулукка белгилүү боло баштаган. Айрым ырлары мезгил-мезгили менен газета-журналдарга жарыяланган. Калктын калың катмарынан чыккан табигый ышкысы бар киши эл ичиндеги өнөрдүн көбүнөн куру калган эмес.
Акыл жугушат, деген сөз чындык экен, чоң өнөрдө көзүн ачкан кыргыздын музыкасынын классиктери Муратаалы менен Кара Молдо устаттарым болбогондо, мен мынчалык комузчу болбойт элем - деп айткан сөзү бар.
Жалаң гана комузчу эмес, комузга үн кошуп ырдаган ырчы-жомокчу катары таанымал. Жүздөн ашык элдик күүнү жана белгилүү комузчулардын күүлөрүн аткарган. Такмаза, Чоң кербез, Кара өзгөй, Мас күйөө, Үч коо, Туңгуч камбаркан, Ботой, Серкебайдын арманы, Кең-күнгөй, Кош катырма, Бурулчанын селкинчек, Жанар куш, Шыңгырама жана башка күүлөрдү черткенди өздөштүрүп, таланттуу комузчулардын катарына кошулган.
Өзү да Кубаныч, Чың толгоо, Кыз кыял, Жеңиш, Камбаркан, Чайкама, Улуу устатым аттуу күүлөрдү чыгарган. Ч. Иманкулов жеке эле комузга куу чыгарбастан, проза жанрында да эмгектенген. Акындын Нур заман (1955), Манат (1957), Чынтемир (1961), Замандашым, комузум (1964), Yч кыз (1965), Өмүр элестери (1970) деген жыйнактары басмадан басылып чыккан.
Кыргыз искусствосунун (1939) жана кыргыз адабияты менен искусствосунун (1958) Москва шаарында өткөн декадаларында да катышкан. Акындын көркөм адабияты менен маданиятка сиңирген эмгеги өкмөт тарабынан жогору бааланып, ардак грамоталар, медалдар менен сыйланган. 1980-жылы дүйнөдөн кайткан.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1692, Өзгөртүлгөн: 2016-05-23,
Тарыхы Талкулоо Оңдоо/Толуктоо