TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Карамолдо Орозов макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Карамолдо Орозов (өз ысымы Токтомамбет) — Кыргыз элинин залкар комузчусу, күүчүсү, композитор, импровизатор, салттуу музыкант жана ырчы. Карамолдо Орозов Төрөлгөн датасы1883-жыл, 17-ноябрь Төрөлгөн жериКыргызстан, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Корумду айылы АтасыОроз КызыКарамолдоева Жүзүм Каза болгон датасы1960-жыл, 8-июль (78 жаш) Каза болгон жериФрунзе шаары, (азыркы Бишкек) Ишмердүүлүгүкомузчу, композитор Макала мазмуну Өмүр баяны Чыгармачылыгы Сыйлыктары Эстелик Күүлөрү Дагы караңыз Өмүр баяны Залкар күүлөрдүн атасы — Карамолдо Орозов 1883-жылдын 17-ноябрында Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районуна караштуу Корумду айылында (Пржевальск уездинде) төрөлгөн. Балким, силер Карамолдо Орозовдун күүлөрү менен аздыр-көптүр таанышсыңар. Белгилүү орошон комузчуларыбыздын бири. Анын өз аты — Токтомамбет. Ал диний мектепте окуп, өзү кетирекей мурундуу, кара тору, колу кат тааныган бала болгондуктан, эркелетишип «Карамолдо» атап, бул ысымы ошондон калып кеткен. Атасы Ороз эмгекчил болуп, колу түйшүктөн бошобосо да, комуз черте койгон адам эле. Ал баласы Токтомамбетке (Карамолдого) да комуз үйрөткөн. Зээндүү бала комузду бат эле өздөштүрүп, черте баштайт. 8-9 жашында комузда ойной баштайт. Комузчу атыгып, чоң комузчулардын күүлөрүн үйрөнөт, алардан таалим алат. Өзү да күү чыгара баштайт. Черткен күүлөрүнүн саны улам арбып, комузчулук өнөрү өркүндөй берет. Кийинчерээк, белгилүү кыякчы жана комузчу Муратаалы Күрөңкеевден таалим алган. Болжолдуу 15 жаш курагында (1898) «Дарыйка» жана «Калмак бийи» күүлөрүн таланттуу ойноо аркылуу атагы чыгып, комузчу катары кыргыз эл музыкаларын аткара баштаган. 1916-жылы падышалык бийликтин Орто Азия жашоочуларын Биринчи дүйнөлүк согуш фронтуна окоп куруучу катары чакырыгы менен байланышкан элдик көтөрүлүшкө жана ошол кездеги орустардын жарандык согуш жылдарында кызыл аскерлер тарапта революциялык кыймылга катышкан. 1928-жылы аны кыргыз илимпозу, тилчи, акын жана мамлекеттик ишмер Касым Тыныстанов байкап, залкар комузчу Фрунзе шаарына чакыртылып, анын суранычы боюнча фолклорчу А. В. Затаевич Карамолдо Орозовдон 250дөй комуз күүсүн жаздырып, 30дай күүсүн нотага түшүргөн. 1931(кээ бир маалыматтар боюнча 1932)—1936-жылдары Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) Муратаалы Күрөңкеев, Атай Огонбаев, Ыбырай Туманов, Чалагыз Иманкулов, Шекербек Шеркулов, Адамкалый Байбатыров сыяктуу өнөрпоздор менен Кыргыз драма театрында актёр болуп эмгектенет. 1935-жылдын 22-декабрында Кыргызстан Борбордук Аткаруу комитети Карамолдо Орозовдун аткаруучулук, комузчулук чеберлигин, калк алдында сиңирген эмгегин жогору баалап, кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу Кыргыз ССРинин Эл артисти деген ардактуу наамды ыйгарат. Ал эми 1936-1958-жылдары ардактуу эс алууга чыкканга чейин Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын «эл аспаптар оркестрында» солист комузчу болуп эмгенет. Бул жылдарда комузчунун дүйнөнү кабылдоосу, аны түшүнүүсү тереңдеп, чыгармачылык изденүүсү түрлөнүп, аткаруучулук өнөрү өркүндөйт. Карамолдо «Анжиян калкы», «Койчулардын коңур күүсү», «Такмаза», «Кара өзгөй», «Чоң кербез», «Колхоз камбарканы», «Терим күү», «Атчандар шыңгырамасы» жана өмүрүнүн акыркы жылдарында «Эл тилеги», «Тынчтык» сыяктуу көптөгөн күүлөрдү чыгарган. Карамолдо Орозовдун элдин өткөн турмушун баяндаган «Сынган бугу», «Көкөй кести», «Чоң кербез» күүлөрү, ошондой эле философиялык мазмундагы «Насыйкат», «Ибарат» күүлөрү эл арасында кеңири чертилет. Анын күүлөрү кыргыз эл музыкасынын классикасы болуп саналат. Кыргыз искусствосунун (1939) ошондой эле адабияты, искусствосунун (1958) Москвада өткөн эки он күндүгүндө, 1942—1944-жылдардагы Орто Азия ошондой эле Казакстан республикаларынын Бишкекте, Ташкенде өткөн музыкалык декадасына катышкан. 1939-жылы Москвадага Бүткүл союздук эл аспаптар аткаруучуларынын кароо сынагында сыйлык алып (лауреат), СССР композиторлору союзуна мүчө болгон. 1940—1941-жылдары Москвадагы композитор-обончулардын курстарына барган. Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында Орто Азия колхоз-совходоруна гастролго чыгып турган. 1958-жылдан 1960-жылга чейин Фрунзедеги Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу-жайда окутуучу, ошондой эле Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 3-чакырылышынын депутаты болгон (1951). Улуу комузчунун элесин түбөлүккө сактоо максатында Кыргыз мамлекеттик филармониясындагы кыргыз эл аспаптар оркестрине, республиканын шаар, кыштактарындагы мектептерге, көчөлөргө анын ысмы берилген. Чыңгыз Айтматов эскерүүсүндө: «Карамолдо Орозов сыяктуу элдик композитор — бул түгөнбөгөн кенч, булак болуп кала бермекчи». 1960-жылдын 8-июлунда каза болгон (Фрунзе). Чыгармачылыгы Улуу Октябрь Революциясына чейинки белгилүү чыгармалары, күүлөрү — «Койчу чоору», «Жан-дүйнө жараты», «Күйүттөр», мында табият сулуулугу, байыркылардын баатырдыгы ырдалып, падышалык бийликтеги элдин оор абалы сындалат. Советтер союзунун мезгилиндеги маанилүү күүлөрү — «Колхоз камбарканы», «Теңдик» (тең укуктуулук), «Жашоо» (Тирилик). Замандаштарынын айтуусу боюнча анын аткаруусу тактыгы жана олуттуулугу, ойноонун классикалык стили менен айырмаланган, ал эми ага мүнөздүү өзгөчөлүгү катары анын эки жана үч үндүү үндөрдө үн алып баруусу эле (көп үндүү музыкалык чыгармадагы үндөрдүн кыймылы). Карамолдо Орозовдун чыгармачылыгы Улуу Октябрь социалисттик революциясынан кийинки мезгилде өзгөчө гүлдөп өсөт. Сыйлыктары «Эмгек Кызыл Туу» ордени «Ардак Белги» ордени (1-ноябрь, 1958) «Ардак Белги» ордени (7-июнь, 1939) — кыргыз театр искусствосунун өнүгүүсү үчүн кошкон салымы үчүн Кыргыз ССРинин эл артисти (22-декабрь, 1935) Кыргыз ССРинин ардак грамоталары Эстелик Каза болгондон кийин (1960, 8-июль) 1961-жылдын 25-февралында анын ысымы менен Кыргыз Мамлекеттик Филармониясынын эл аспаптар оркестри аталган. К. Орозов атындагы Нарын шаардык музыкалык мектеп. К. Орозов атында Балдар искусство мектеби (Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары). 2008-жылы Карамолдонун 125 жылдыгына карата толукталган «Карамолдо» аттуу очерк жарык көргөн. 1980-жылы музыка изилдөөчү Б. Алагушов узактыгы 60 мүнөттүк Карамолдонун чыгармачылыгы жөнүндө концерт-аңгемени чыгарат. 2008-жылы Б. Алагушовдун түзүүсүндө, Карамолдонун өзүнүн чертүүсүндө үнү менен 38 күүсүнүн 100 нускадагы CD альбому жарык көрөт. Б. Алагушов «Карамолдо» (1962), «Карамолдонун күүлөрү» (1977) аттуу китептерди жазган. «Карамолдо замандаштарынын эскерүүлөрүндө» аттуу жыйнак басылып чыккан (1987-жылы Кыргызстан басмаканасы). Өзү төрөлүп өскөн Корумду айылындагы ысымын алып жүргөн мектеп, мептептин алдынагы эстелик Күүлөрү Камбаркан, ботой, шыңгырама, кербез жана башка ушул сыяктуулар күүнүн аталышы эмес, күү жанрлары болуп кетет, аталыштары менен алмаштырбайлы. «Айда ботой» «Ал сабак» (1917) «Анжиян калкы» «Арман күү» «Атчандар шыңгырамасы» «Бешик күү» «Декада» «Дүнүйө» «Ибарат» (1905-1909) «Жаа толгоо» (1909-1911) «Жан-дүйнө жараты» «Жаңы доор» (1945-1949) «Жаш кербез» (1914-1915) «Жашоо» (Тирилик) «Жетекчибиз Ленин» (1921-1924) «Жөө калды» «Жумалык ботой» «Кайра чап» (1912-1922) «Каныкейдин арманы» «Кара өзгөй» «Карылык» «Келиндердин кер толгоо» «Койчу чоору» «Койчулардын коңур күүсү» «Колхоз багы» (1939-1942) «Колхоз камбарканы» (1930-1931) «Колхоз куралы» «Коммунизм таңы» (1949-1953) «Көкөй кести» (1915-1916) «Кубаныч» «Күйүттөр» «Кызыл чок» (1918-1919) «Мас күйөө» «Насыйкат» (1901-1903) «Ой, селки» «Сал моюн» (1929) «Сыздат» «Сынгын бугу — камбаркан» (1916-1917) «Такмаза» (1903-1905) «Терим күү» (1942-1945) «Терме камбаркан» «Теңдик» «Үч коо» «Чар жайыт ботой» (1924-1927) «Чоң камбаркан» (1901) «Чоң кербез» (1911-1914) «Шайыр камбаркан» «Эл тилеги тынчтык» Дагы караңыз Залкар комузчулар Залкарлардын чубатуусу