Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Үркүн

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Үркүн

Какшаалдын бели. Белдин ары жагында Какшаал өрөөнү жатат. Андан ары Кытай жери башталат. Жүк артылган төөлөр, өгүздөр, атчан-жөөлүү адамдар, көчкө аралашкан төрт түлүк мал күзгү катыңкы тартып калган жердин чаңын асманга сапырды. Мал-жандын токтобогон муңдуу дооштору адамдын каңылжарын түтөтөт. Көч жылаандай ийриле сойлоп, улам бир коктудан көрүнүп, жылаңач тоолорду артып барат, тээ тетиги жаңы кар жааган аскалуу тоолорго көтөрүлөт.

Көч көчтөргө, мал малга кошулуп, көчүнөн адашкан, малынан адашкан армандуу адам үндөрү. Жүктөр кулап бир жарда, аны артар киши жок, унаалар, адамдар ташыркап бир жайда, элдин башы маң эле болбодубу. Жалгыз аяк жол... түгөнө турган кейпи жок. Чубалган эл... Чубалжыган жол. Качкындардын терине сугарылган азаптуу жол... Көчтү токтотуп, жүктөр жаңы эле түшүрүлүп, от жагылып жарма бышып-быша электе эле, кокуй карателдер келе жатат - деген каңшаар угулуп, эл кайрадан дүрбөп жолго чыгат. Атылган мылтыктын үнү угулат. Кабырга кайышып, муун бошойт. Күндүр-түндүр тынбай айдалып, жол жүргөн мал кызыл май болуп кырылып кирди, ач жылаңач, арып-ачкан адамдардын корумдалбаган өлүктөрү жол, таштардын арасында калып жатты. Карателдер элди матап аркасынан сая түшүп, чырм эттирип уйку алдырбай, жайланып эс алууга чоло келтирбей айдап алышпадыбы... Бул окуя 1916-жылкы Үркүндөгү, башкача айтканда падышалык Россиянын колониячыл саясатына нааразылык көрсөтүп, колуна курал алып чыккан кыргыздардын көтөрүлүшү орус аскерлери тарабынан ырайымсыздык менен басылгандан кийин, жазалоодон коркуп, Кытайга качкан элдин абалынан бир көрүнүш.

Падыша өкмөтү аймакты башкарууда жергиликтүү элдердин кызыкчылыктарын эске албастан, кыргыздардын суусу мол, дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлерин орус дыйкандарына тартып берген. Биринчи дүйнөлүк согуш маалындагы ансыз да кыйналган элге оор салыктарды салуусу, жергиликтүү элди согуштук-оорук иштерине чакыруу жөнүндөгү падышанын Указы элдин нааразычылыгын күчөтүп, куралдуу көтөрүлүшкө алып келген. Бирок алар орустун мыкты куралданган аскерлерине туруштук бере албай оор жоготууларга учураган. Эл жан айласын көрүп, Кытайга качкан. Азып-тозуп Кытайга зор үмүт менен жеткен эл ал жерде да кытай, уйгур төбөлдөрүнүн оор эзүүсүнө дуушар болуп, көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Бул жөнүндө жазуучу К. Баялиновдун Ажар повестинде таасын чагылдырылган.

Элибиздин тарыхындагы бул кайгылуу окуя тууралуу баяндар муундан-муунга өтүп, элдин эсинде түбөлүккө сакталды. Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин гана Кытайдагы качкын кыргыздарды мекенине кайтып келүүсүнө шарт түзүлдү. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында коомчулук тарабынан Үркүн окуясынын издери менен эскерүү жөө-жүрүшү уюштурулуп, массалык кыргын болгон жерлерге белги коюлуп, аза күтүү жыйындары өткөрүлгөн.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1057, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу