Макалада "Манас эпосундагы көөнө сөздөр" жыйнагын чогултуп чыктык, келгиле анда булар менен таанышып алалы. Ыңгайлуу болуусу үчүн сөздөрдү чыккан тилдерине жараша бөлүп койдук. Алгач, көөнө сөздөр жөнүндө Википедия сайтынан алынган маалымат менен кыскача түшүнүк бере кетели.
Ак таяк | Эшик кайтаруучу, жасоол |
Баглан | Бышып жетилген козу, сүт эмген козу |
Баканооз | Тыңчы |
Бей сарамжал | Шалаакы, бейгам, капарсыз |
Бөкө | Балбан, алп |
Бөрсө | Кенгуру |
Дабан | Бийик ашуу |
Дорго | Чабарман, жасоол жигит |
Забын | Шерик, орток |
Кыңарак (кыргыз, карылык сөзүнөн) | Боз үйдүн үзүк туурдук жасаарда эне- лерибиз кийиз кескен жалпак бычак. |
Коок | Төөнүн ширисинен жасалган баш ки- йим. Туткундарды кыйнаш үчүн кий- гизишкен. |
Кошуун | Кол,аскер, черүү |
Манат | Кымбат баалуу кол менен жасалган, көбүнчө кызыл түстө болгон түктүү кездеме. |
Малкор (кыргыз, иран сөзүнөн) | 1.Малды жакшы баккан, малсар. 2.Өтө мал жандуу, сараң, бите карын. |
Меш (чанач меш) | Эркечтин терисинен жасалган чоң чанач. |
Токон наалат | Жеме, уятка калуу, күнөөлүү болуу |
Тубар | Жибектен жасалган кытай кездемеси |
Түпөк | Найзанын учундагы топ кыл |
Талгак | Тамактын кандайдыр бир түрүн эңсөө, күсөө. Кош бойлуу аялдарга мүнөздүү |
Туулга | Жоокерлердин баш кийими |
Томого | 1.Алгыр куштардын башына каптап кийгизилүүчү булгаарыдан жасалган баш кап. 2. Баш кийимдин түрү. |
Тулум | Айдар өрүлгөн чач |
Улаат | Укум-тукум |
Эгей-шыгай | Жалпы, баары. Бирине бири шай келген. |
Эңиш | Кыргыздын ат оюндарынын бир түрү |
Эриш бузу (кыргыз, тажик сөзүнөн) | Ыйык салтты бузуу, кайындуу кыз- ды же никелүү келинди ала качуу. 2. «Эриш» - кездеме, жип |
Алеңгир (кыргыз-монгол сөзү) | Бүлүк салуучу жаа, саадак маанисинде |
Милте | Бараң, мылтыкты атыш үчүн от берүүдө пайдаланылган өрүлгөн кебез |
Көөнө сөздөр | Түшүндүрмөсү |
Аалы | Өтүктүн такасына тагылуучу темир |
Абайы | Кымбат баалуу кездеме |
Абузамзам | Кол менен жасалган көлчө |
Адеп | Жүрүм-турум |
Азада | Таза, сыпаа |
Арбак | Рух деген сөздүн көптүк түрү |
Асаба | Өтүктүн такасына тагылуучу темир |
Аяр | Амалдуу, шылуун, кыяр деген мааниде |
Баканооз | Тыңчы |
Дилде | Беш сом наркындагы алтын тыйын |
Долон, доолон | Кымбат баалуу кездеменин бир түрү |
Дуба, дуга | 1.Жалынуу, табынуу 2.Сыйкыр, жай, жайлоо, дарымдоо |
Забар | Кооздук үчүн пайдаланылуучу буюм-тайымдар |
Зар, зер | Алтын |
Зумурут | Асыл таштын бир түрү - изумруд |
Зыйнат | Өлүктүн урматы |
Карик | Өтүмсүз, уян, коркунчаак, жер карама. |
Күпчөк | Арабанын тетиги |
Күбө тон | 1.Баалуу сырт кийим же чапан. 2.Ок өтпөс соот кийим. |
Күпсөр | Мылтыктын дарысын сала турган чоң баштык |
Маараке | Даңазалуу майрам |
Мамырчылык | Бейкутчулук, тынччылык. |
Маркаба, мартаба | Даража, мартабаң арттсын |
Наакер | Кооздоп жасалган баатырлар кийүүчү өтүк |
Наби | Пайда, киреше |
Нагара | Барабан, добулбас |
Назыр | Кудай жолуна курмандык атоо, кол кайыр берүү, өлгөнгө атап тамак берүү |
Накыл | Санат сөз |
Нажасат | Булганыч, ыпылас |
Накыл | 1.Айтылыш, уламыш, жомок. 2.Үлгүлүү кеп, санат сөз |
Нөөмөт | Мөөнөт, кезек |
Торгун | Жибек кездеме, бышык жибек, |
Тургун | Кымбат баалуу кездеменин түрү |
Шаңшуур | Уютулган алтын |
Шапаат | Жардамдашуу |
Шараат, шарыят | Ислам дининдеги мыйзамдардын топтому жыйнагы. |
Эбедей | Жакшы көрүү, боор ооруу, жалынып- жалбаруу |
Эге | Кудай деген мааниде |
Этибар | Көңүл буруу |
Эриш бузуу | Нике бузуу, үй-бүлөнү бузуу адатта эл түшүнүгү боюнча эр өлтүрүү менен бирдей бааланган өзгөчө чоң кылмыш эсептелген. |
Эбедейи эзилип | Кубанганды билгизет |
Тумар (кыргыз, араб сөздөрүнөн) | Диний ишеним боюнча шайтан, жинден, ар кандай кырсыктардан дуба жазылып, баалуу кездеме же булгары менен үч бурчтук түрүндө тышталып тигилет |
Эрен (кыргыз, араб сөздөрүнөн) | Өтө алыс, ыраак. |
Ажайыпкана | Жан-жаныбарлар чогултулган имарат |
Бадирек | Теги жаман деген сөздү түшүндүрөт |
Баргек | Чачка тагылуучу кооздук |
Бей сарамжал | Илээнди деген мааниде. |
Бурак | 1.Чалыкпас, чарчабас күлүк, канаттуу ат. 2.Өлгөн адамдын арбагына арналып берилүүчү ат. |
Дене кул | Түбөлүк кул дегенди түшүндүрөт |
Дөрөө | Балак камчы, балак уруучу курал |
Дубал | Сокмо же кыштан салынган тосмо |
Кенизек | Малай кыз, күң |
Кеште | Сайма |
Баяндос | Көрпөчө |
Кырк чилтен | Колдоочу пир, олуя |
Кисе | Ар түрдүү майда буюмдар тагылуучу кайыш баштык курга тагылат. Оттук жана милте салынуучу кайыштан жасалган баштык. |
Кожосан | Баатырларды колдоочу дөөтүнүн, периштенин (духтун) бири |
Мант | 1.Байланган, байлоо. 2.Күмүш менен кооздолгон кур 3.Дарымдаганда байлануучу жип |
Мырза | Катчы |
Набыт | Кыйроо |
Набат | Мөлтүр кант, чакмак кант |
Найзакер | Каскак менен сайышууга уста адам |
Накуста, накүштө | 1.Сараң, битекарын, катуу баш 2.Ичи бузук, ичи арам |
Накис | Назары пас, арам ойлуу, жек көрүнчү |
Намаз | Кудайга жалынуу, ыйбадат кылуу |
Орошон | Жаркыраган |
Түрк кылуу | 1.Күчтүү,чоң. 2.Ашып-ташыган, өсүп жетилген. Койду түрк кылуу - койду семиртүү, жетилтүү. |
Туушар | Кабылуу, жолугуу |
Чатыраш | Шахмат |
Чомочо | Маңдай |
Чырай | Ажар |
Шербет | Татгуу суусун |
Шап | Пилдин сөөгүн каптаган канжары бар, шабы бар кылыч |
Шатыраш, чатыраш | Шахмат сыяктуу байыркы оюндардын түрү |
Шер | 1.Арстан 2 Эр-баатыр |
Эрешен, оро- шон, рошон | Жаркырак, жаркын, өтө көрүнүктүү болуу, белгилүү болуу |
Азар түмөн | Көп, миң деген мааниде |
Апторой | Жер бети |
Бадирек | Оңбогон, теги жаман |
Батене | Денеге бап, денеге жарашыктуу |
Баяналуу | Оор, кайгылуу, түйшүктүү |
Заңги | Негир, капкара, пенде |
Зардал | Балбан, алп, бөкө |
Зубун | Уруу, топ, бөлүк, аскердик отряды |
Кара байыр | Колдо туулган ат |
Кашка | Башчы, мыкты жетекчи, сай кашка- эң мыкты |
Убазир | Хандын акылчысы, (министр) |
Шоорат | Данк, даңаза |
Эндөөлөшүү | Чачкындуу болуу,туш-тушка тарап кетүү, энөөлүк, капарсыздык |
Силер, "Манас эпосундагы көөнө сөздөр" жөнүндө кандайларын билесиңер? четинен пикир жазып калтыра берсеңер да болот, алтбетте, түшүндүрмөсүн дагы жаза кетсеңер деп суранат элек.