Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дудуктун тили (ыр)

Баш барак | Поэзия | Дудуктун тили (ыр)
Дудуктун тили (ыр)
АвторБайдылда Сарногоев

Жаңжалын күндө салган көп,
Жададым бейжай жардан деп.
Түрткүлөп, жандап сүйлөшкөн,
Дудук кыз алды Абжалбек.

Кеп-сөз жок уккан мурдагы,
Кулагы тынчып жыргады.
Урматтап, сыйлап аялы,
Унчугуп койбойт бир дагы.

Күн өтүп айга байланды,
Ай өтүп жылга айланды.
Балалуу болуп Абжалбек,
Бар жактан көөнү жайланды.

Калбайт го ушак дегени...
Кай бирөө айтты жемени...
Кай жактан таап алган деп,
Карангы, макоо немени.

Болгон соң жашоо, жай бирге,
Болот го чатак ар кимде.
Дудугу менен Абыш да,
Түртүшүп жүрдү кай бирде.

Балапан окшоп жөргөлөп,
Баласы чыкты экиге.
Аталап чуркайт алдынан,
Абжалбек калса кезиге.

Аялы анда кол жансап,
Алганын карап күлүндөп, -
Уулунун өбөт ууртунан:
Мынакей менин тилим — деп.

Жайгаштыруу: 2024-04-05, Көрүүлөр: 106, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу