Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

ак чыны

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | ак чыны

Созу Б. Сарногоевдики

Обону Б. Нишараповдуку

Чанкаганда чай ичкин деп сен мага,

Белек кылып берген эле жаш сулуу.

Колдон тушуп сынып калды кокустан ай,

Атаганат омурунун аздыгы.

Ак чыны ай, ак чыны,

Атаганат омурунун аздыгы.

Ошол куну чыны жатты быркырап,

Ар бир сынык оз алдынча буркурап.

Сен сынсан да, сени сунган перизат ай,

Жашаса экен жары менен ынтымак.

Ак чыны ай, ак чыны,

Жашаса экен жары менен ынтымак.

Кош бол эми, кооз гулдуу ак чыны,

Сага жетпейт чынылардын актыгы.

Сен сынсан да сени сунган перизат ай,

Жашаса экен жары менен бактылуу.

Ак чыны ай, ак чыны,

Жашаса экен жары менен бактылуу.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 5173, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо