TYUP.NET
Баш барак | Поэзия | Чалдын аялына (ыр)

Чалдын аялына (ыр)

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Чалдын аялына (ыр)
АвторБайдылда Сарногоев

Баа бербей жаштык чагына,
Ээ болуп байлык, малына.
Дүйнөдөн жыргап өтөм деп,
Тиерин тийдиң чалыңа...

Ооруса кээде абышкаң,
Өң-түсүн байкап, калып таң.
Ооз учун менен айтасың:
«Онолсоң жаным, айыксаң».

Ойношуң келсе үйүңө,
От болуп көзүн чачырап.
Ооруган чалга угузбай,
«Өлсөкен, — дейсиң, — батыраак».

Имерип келсе шум ажал,
Иргебейт жашты, карыны.
Өзүңдү билбейм... жүз жашка,
Чыгарбай эле чалыңды.

Көрүүлөр: 338
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.