Бүркүттүн өлүмү (ыр) | |
---|---|
Автор | Байдылда Сарногоев |
Өзүңчө оокат кылгың — деп
Көп бактырбай энени,
Учуруп бүркүт уядан
Баласын күүлөп жөнөдү.
Окутуп жүрдү балага
Коркпогон кыраан болууну,
Абада кандай учууну,
Аскага кандай конууну.
Окутуп жүрдү балага
Көрсөтүп түрлүү жерлерди,
Түлкүнү кандай сермээрди,
Эликти кандай эңгенди.
Окутуп жүрдү балага
Көрөгөч, сактык жактарын,
Карышкыр, каман мүнөзүн,
Кайберен кайда жатканын.
Окуу да бүтүп окуткан
Зуулады кыраан көк жарып.
Этият болуп артынан
Энеси жүрдү көз салып.
Кекилик менен уларды
Таранчы менен бирдей деп,
Коёнго койду кол шилтеп
Тумшугум булгап журбөйм — деп.
Эмгектен колун бошотуп
Энесин салды жыргатып.
Кашкулак алды кашкайтып,
Түлкүнү алды туйлатып.
Талыды бутум көп басып,
Табам—деп — кайдан тамакты.
Капчыгай өрдөп бир күнү
Карышкыр кетип баратты.
Көргөндө кыраан турчубу,
Көп турбай көккө чыкты атып.
Айланып алып азыраак
Көзүндө өрт, бойдо күч ташып.
Салмоор таш болуп заматта
Сайылды төмөн куркурап.
Асманда жүрдү энеси
Жүрөгу жүз жол зыркырап.
Жемине кыраан жетти эми,
Чеңгелдеп оозун көктөдү.
Асманга алып чыгууга
Ал-күчү бирок жетпеди.
Кай бирде томолонушуп,
Кай бирде жулмаланышып.
Өчөшүп жатты экөө тең
Өлбөгөн жерде калышып.
Далайды көргөн карт бөрү
Далайдан митаам сак бөрү.
Бошонуп темир чеңгелден
Боёнуп канга качты эми.
Жаш кыраан жатты жаны жок
Акыркы демин бүтүрүп.
Көк жалдан карды эшилип,
Көк жалдан башы үзүлүп.
Ошондо байкуш энеси
От болуп жанды денеси.
Капталдай жүргөн көк жалды
Качырып кирди эми өзү.
Көз ачып, кайра жумгуча
Көтөрүп чыгып асманга.
Кайрадан таштап жиберди
Таманы таштуу как сайга.
Аза күтүп баласын
Асманда муңдуу шаңшыды.
Аза күтүп баласын
Асманда сырдуу калкыды.
Аздан соң төмөн бурулду
Акыркы үнү угулду.
Күүлөнүп келип аскага
Өзүнүн боюн бир урду.
Балам — деп күчүн сарп кылып,
Балам — деп өзүн ташка уруп,
Өлсө да эки көзүнөн
Балам деп жатты жаш чыгып.