TYUP.NET
Баш барак | Поэзия | Чал кемпирин азилдейт (ыр)

Чал кемпирин азилдейт (ыр)

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Чал кемпирин азилдейт (ыр)
АвторБайдылда Сарногоев

Билесиң го кемпирчем,
Биз жылгындай чактарда,
Бир керебет, бир жаздык,
Кеңдик кылчу жатканда.

Азыр неге кемпирчем,
Алтымыштан ашканда,
Кош керебет, кош жаздык,
Тардык кылат жатканда?

Болбос жерден мен эми,
Полго кулап өлөмбү?
«Бери жатың» азайып,
«Ары жатың» көбөйдү.

Узун берсин өмүрүн,
Уулум менен келиним.
Жаны калбай турушат.
Жаман көрөт мени ким?..

Көрүнбөсөм кээде мен,
Чон аталайт неберем.
Жактырбайсың сен гана,
Жадаттымбы... бул эмнең?

Бармактайдан баш кошкон,
Абышкаңмын, аны бил.
Айтсаң сотко беремин,
«Ары жат» деп дагы бир.

Көрүүлөр: 348
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.