Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сүйлөшүүлөр (ыр)

Баш барак | Поэзия | Сүйлөшүүлөр (ыр)
Сүйлөшүүлөр (ыр)
АвторБайдылда Сарногоев

–Эй, Эргешбай, кайда бара жатасың?
–Ак-Суудагы Асан чалды көргөнү.
–Ал өлгөн да...
— Ал жалган сөз, ал өлбөйт,
Тирүү сөзүн угуп жүрөм элдеги.

–Эй, Ормошбай, кайда бара жатасың?
–Жатып ичер Жантакбайды көмгөнү.
–Ал тирүү да...
–Элге пайда бербесе
Ал эмеспи тирүү жүрүп өлгөнү.

II
–Ушул үйүн канча сомго салды экен?
–Отуз миңге...
–Кайдан таап алды экен?
–Шылуун, жегич...
–Уялбайбы жегенден?
–Жегичтерде уят-сыйыт бар бекен...

–Дос, тууганы куттукташып күндө эле,
Той өткөрүп жаткан чыгаар шум неме?
–Элдин мүлкүн эңшердиң деп эсепсиз,
Эчак эле тыгып салган түрмөгө.

III
–Эй, Курманбай, куттуу болсун колуктуң,
Кыздар турса, жубан алды деп уктум.
–"Кызга бергис жубан бар" дейт кыргызда,
Билип жүрүп, сүйүп жүрүп жолуктум.

–Эрден чыгып, эшик түрткөн убагы,
Жубан сага кыз окшойт го сыягы?
–Эки-үч аял алып ийдиң сен деле,
Эркектердин болбойт бекен жубаны?..

IV
–Кээ бир жигит кез келгенин ылгабай,
Алган жүрөт келинби, же кемпирби...
–Сенин оюң атасындай чалдарга.
Жалаң эле кыздар тийсе дейсиңби?

–Өзү отузда, билесиң го Курманды...
Алып алды кыркка чыккан Жыргалды.
–Алсын мейли, абдан ырас болуптур,
Сүйгөн жүрөк кары, жашын ылгайбы...

Жайгаштыруу: 2024-04-05, Көрүүлөр: 38, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу