Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бешигим — Мекен (ыр)

Баш барак | Поэзия | Бешигим — Мекен (ыр)
Бешигим — Мекен (ыр)
АвторБайдылда Сарногоев

Бешигим — Мекен ырысым,
Өзүңсүң өткүр кылычым.
Өзүңсүз жашап жанмын деп,
Өткөргөн күнүм курусун.

Атасың, тууган энесиң,
Ар дайым көздө элесиң.
Ааламга даңктуу чокуң бар,
Ай өпкөн күмүш төбөсүн.

Сан байлык жаткан жериңден,
Сары өзөн, салкын төрүңдөн.
Замандын күүсү коштогон,
Сары-Челек, Ысык-Көлүңдөн.

Созулуп жаткан Соң-Көлүм,
Соолбос алтын чөйчөгүм.
Көгүлтүр түбүн тиктесем,
Көрүнүп турат эртеңим.

Алыста жүрсөм өзүңдөн,
Айырмам болбой жетимден,
Түндүктөн чыккан түрүлүп,
Түтүнүң учат көзүмдөн.

Көркүндөй гүлдүү белестин,
Көңүлүм куунак мен өстүм.
Көкөлөп учкан торгойдой,
Көгүңдөн канат элеттиң.

Сууңду ичтим кашкайган,
Сулууңду сүйдүм назданган.
Күүлөнүп учкан жебедей,
Күлүгүң чаптым тапталган.

Эмгеги сиңген немедей,
Тузуңду таттым ченебей.
Карызмын сага. Өзүңдө–
Калган жок акым кенедей.

Күч курап сансыз сайлардан,
Күрпүлдөп аккан дайраңдан,
Балыгың болуп сүзө албай,
Баратат өтүп кайран жан.

Көрсөткөн анча пайдам жок,
Колумдан келбейт айлам жок.
Кош мамаң берген сүттү актап,
Көзүмдү жумсам арман жок!

Жайгаштыруу: 2024-04-05, Көрүүлөр: 160, Өзгөртүлгөн: 2024-04-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу