Эрегишкен жоо менен баатырлар "намыс" үчүн жерим, элим деп өткөндөгүнүн кегин кууп, кашык каны калганча салгылашкан. Кыргыз жоокерлери бет алдынан жарадар болгонду эрдик дешкен, артынан жарадар болгонду кордошкон, «коркок качып баратып ок жеди» дешкен.

"Амалым канша" же Амалым канча? деген суроого жооп жазууга аракет кылалы. Адатта кыргыздар эки "жоо" беттешерде байыртадан жоокерчиликтин наркы болуп келген эрөөлгө чыгууну аздектеп келишкен. Эрөөлгө эри чыкпаса, бул эл жоокердик наркты билишпейт экен дешкен кыргыздар. Эгерде эки эр сайышта, жеңилген жак ат тартуулап, айыбын тартып, алдыга түшсө, жеңилгендигин моюнга алышса, анда кошундар тынчтык жол менен тарашкан.

"Майдан" аттанар алдында өргүүдөн кыргыз кошуундарынын алдында чечендер тилин сайратып, акындар ыр ырдап, санжыра, эпостордон үзүндүлөр айтышып, жоокерлердин көңүлүн көтөрүшкөн. Айрыкча, кыякчы, комузчулар «Ураан», «Байге», «Кайра качпа», «Найзасал», «Олжо» сыяктуу жоокерди намыстанткан, дем берген күүлөрдү чертишип, сурнай тартышкан.

Байыркы кыргыздарда жоокердик сырт кийимди, чапанды тон деп да атай беришкен. Жоокерлер майданга көк адеми тон, чопкут тон, күрөөкө соот, күрмө, көк нөкөр, бөрк, ак күбө, көк күбө, жекей-боз, чайинки, беш кадырга, карыпчы сыяктуу кийимдерди кийишкен.

"Эстелик" - Теңир-Тоонун, Саян, Алтай тоолорунун аскаларынын апай бетинде байыркы сүрөтчү (бедизчи) бабаларыбыз баатырлардын жасаат-турпатын ташка чегишкен. Алар жоо куралдары менен Батыштын айтылуу рыцарларына кудум окшош.