Россияга кошулганга чейин Тениртоодогу кыргыздардын бир болугун Кокон хандыгы бийлеп, кез-кез салык салып турушса, экинчи болугу Кашкардагы цин-манжур бийлигинин таасири астында болуучу Кытай аркылуу чектешкен. Кыргызстандын ушул жерин озуно каратууга орус падышачылыгы да чон маани берген. Анткени, ага чейин орус копостору Кашкар менен соода-сатыкты кобунчо Кокон хандыгы ошондой эле Верный жактан Кулжа аркылуу ишке ашырып турчу. Тениртоону каратуу менен орустар Чыгыш Туркстан, Кашкар менен туз соода жасамак. 1863-жылы жайында Борбордук Тениртоого генштаб капитаны Проценко жетекчилик кылган атайын кошуун аттанган. 3-майда кошуун Жумгал ороонуно барат.
Ал аймактагы 56 кокон сарбазы оздору туруучу коргонду таштап качып жоношкон. Андан кийин бул кошуун Сонкол жайлоосу аркылуу Куртка чебине откон. Кокондуктар бул жерден да кун мурдатан эле чегинип кеткен. Тениртоолук кыргыздардын кээ бир манаптары орус падышалыгына оздору отунуч менен кайрылышса, кээ бирлери кутууну чечишет, айрымдары болсо падыша жоокерлери менен куралдуу согушууга чейин барган. Мисалы, 1863-жылы июль айында манап Осмон Тайлак уулу орус жоокерлерине ачык кагылышууга чыккан. Ал жигит-жоокерлери менен Токмок уездинин начальниги, майор Г. Загряжскийди жоокерлери менен туткунга алган.
Ал убакта ага Шабдан Жантай уулу кол сунуп жардам берип, олумдон сактап калган. Осмон озу чыгыш Туркстанга баш калкалаган. Ал 1867-жылы кайтып келип, 3 мин тутун эли менен Россияга баш ийип берген. Сарыбагыш уруусунун чон манабы Уметаалы Ормон уулу да орус падышачылыгына каршы курошкон. Ал орус жоокерлерин бириндетип олтуруп, Ата Мекенден суруп салуу максатында 1863-жылы 19-июнь айында Куртканын Экичат атту аймагында подпоручик Зубаревдин кырк жоокерден турган кошуунуна кол салат.
Эки кун курчоодо калган орус жоокерлерине жардам келбей калганда Уметаалынын жигит-жоокерлери аларды олтурмок эле. Акталаадагы ушул кармаштан кийин Уметаалы Кашкар букаралыгын алуу максатында Чыгыш Туркстанга бет алган. Ал аймакта жаны мамлекет тузгон Жакыпбек Уметаалынын отунучунон баш тарткан. Тениртоодогу черик уруусу Кокон ханына, цин-манжур торолоруно, кийин Кашкардын улугу Жакып бекке салык толоп, кош кабат эзууго туш болгон. Чериктин манаптары Россияга кошулуу аркылуу татаал кырдаалдан чыгуу максатын коздошкон. 1863-жылы жазында 6 мин тутун черик уруусунун чон манабы Турдумамбет (Турдуке) Тоймап уулу баш болгон бийлер Алатоо аймагынын улугу Колпаковский аркылуу падышага кат жонотушкон. Чериктерди букаралыкка кабыл алуу учун император макулдугун билдирген. 1863-жылы 13-октябрь айында чериктердин элчилери Омскиге барып орус падышалыгына откондугу тууралуу ант беришкен. 1868-жылы Нарын чеби туптолгон убакта чериктердин кобу Алатоо аймагына карап, калгандары Кашкардын улугу Жакып бектин кол башчылыгы алдында турган.
Кийинчирээк 1877-жылы Жакып бектин мамлекети жоюлганда, алар Кытай императорунун карамагына отуп кеткен. Черик уруусунун копчулугунун орус бийлигине отушу менен алар ээлеп жургон кен мейкиндик Кыргызстандын жери болуп калган. 1864-65-жылдары Нарындын башын мекендеген бугу, тынымсейит уруусу, Кочкор, Жумгал, Кетментобону жердеген саяк уруулары Россиянын курамына киргизилет. Ал эми Уметаалы бийлеген сарыбагыштар орус бийлигине 1867-жылга чейин каршылык корсоткон. 1868-жылы Нарын ошондой эле Караколдо орус чептери салынып, аларда туруктуу жоокер кошуундары тургандан баштап Кыргызстандын тундугуно Россиянын бийлиги реалдуу орногон. Тундук кыргыздары Россияга негизинен келишим, бутум ошондой эле куралдуу кагылышуу, басып алуу аркасында каратылган.