Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Совет бийлигинин алгачкы мезгилиндеги социалдык-экономикалык курулуш (1917-1940)

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Совет бийлигинин алгачкы мезгилиндеги социалдык-экономикалык курулуш (1917-1940)

Советтик агрардык Пролетариат диктатурасы орногондон кийин саясаттын башаты В. И. Ленин башында турган коммунисттер биринчи кезекте агрардык маселени чечууго аракет жасашкан. Россиянын калкынын негизин тузгон дыйкандардын басымдуу копчулугунун талабына ылайык жерди мамлекеттештируу саясаты жургузулгон. Совет бийлигинин «Жер жонундогу» декрети кабыл алынып, ага ылайык бардык жерлер мамлекеттин менчиги делип жарыяланган. Бул декрет боюнча Совет бийлигинин агрардык саясатынын томондогудой негизги багыттары: - жерге болгон жеке менчикти жоюу, ири жер ээлеринин жерлерин конфискациялоо, -«жер аны иштеткендердики» деген эреже боюнча жерди чарбаларга тендеп болуп беруу, - чарбаларды жерге жайгаштыруу, - натуралай жана акчалай толонуучу салыктарды, аренда акыларын, жана дыйкандардын кредиттик мекемелерге болгон бардык карыздарын жоюу, - дыйкандарга оз чарбасын тузуу учун материалдык-техникалык, акчалай жардам беруу, - айыл чарбасын тейлоо учун кооперативдердин жонокой турлорун уюштуруу жана башкалар аныкталган. Агрардык саясаттын бул багыттары Россиянын чет жакаларында жергиликтуу озгочолукторду эске алуу менен жузого ашырыла баштаган. Жеке менчикте турбаган бардык жерлер мамлекеттин менчиги делип жарыяланып, жергиликтуу бийлик органдарынын козомолуно откон. Натыйжада, Кыргызстанда 326 мин дес. жер, мамлекеттин жери катары аныкталган. Бул жерлерде кийин колхоз-совхоздор уюштурулган, бир болугу жерсиз дыйкандарга болунуп берилген. 1918-жылы 17-майда В. И. Лениндин демилгеси менен «Туркстанда сугат иштерин уюштуруу боюнча» Декрет кабыл алынып жана Туркстанда сугат тармагын оздоштурууго мамлекеттик казнадан 50 млн сом болунуп, анын 3 млн сому Пишпек уездиндеги Чуй суусунун ороонун оздоштурууго чегерилген.

1921-жылы январда откон Туркстан АССРинин казак жана кыргыз кедейлеринин крайлык 1-съездинде келгин дыйкандар ээлеп алган кыргыздардын жерлерин кайтарып бермейинче кыргыз элинин абалын ондоого болбой тургандыгы баса белгиленген. 1921-жылы 4-февралда Жетисуу областук революциячыл комитети бул максатты ишке ашыруу учун жер-суу реформасын кабыл алышкан. Бул реформа жер-суу маселеси боюнча орус жана кыргыз дыйкандарынын ортосундагы оторчул мезгилден калган тенсиздикти жоюуга багытталган. Жер-суу реформасынын 1-этабы 1921-1922-жылдары жургузулгон. Реформа мурун падышалык-помещиктик колония кучтуу орногон Жетисуу облусунун Верный, Бишкек, Каракол уезддерин, Сырдарыя облусунун Олуяата (Талас ороону), Чымкен, Ташкен уезддерин, Фергана облусунун Жалалабат Мархамат райондорун камтыган. Жер-суу реформасынын жана социалисттик жерге жайгаштыруу саясатынын натыйжасында кыргыз жана орус дыйкандарынын жерлеринин олчому тенделип, кыргыз дыйкандарынын саны оскон жана айдоо жерлер кобойуп, жерди иштетуу жакшырган. 1923-жылдын жазынан реформанын 2-этабы башталып, Жетисуу облусунун калкын жапырт жерге жайгаштыруу иши жургузулгон. 1923-1926-жылдары реформа толук социалисттик муноздо болуп, дыйкандарды жерди жеке пайдалануудан коллективдуу пайдаланууга откоруу максатын коздогон. Жерди иштетуунун социалисттик формасына отуу учун Кыргызстанда адегенде кочмон жана жарым кочмон чарбаларды отурукташтыруу керек эле. Совет окмотунун чечими боюнча ар бир дыйкан жерди жекече же биргелешип иштетуунун формаларын тандап алууга, жалданма жумуш кучун пайдаланууга укуктуу болгон.

[ushka=seredina]

Реформанын натыйжасында феодалдык-помещиктик чарбалар жоюлган, патриархалдык-феодалдык мамилелер кыйраган. Айыл-кыштактын калкын негизинен орто дыйкандар тузуп калган. Реформанын журушундо 65 колхоз тузулуп, кочмондор отурукташа баштаган. Айыл чарбасын туташ коллективдештирууго чейин эле кыргыздардын 40 мин кочмон мал чарбасы отурукташкан эле. Натыйжада натуралдык мал чарбасы товар ондуруучу дыйкан чарбага кобуроок ото баштаган. Кооперациялар жана коллективдуу чарбалар Агрардык реформалардан кийин кооперация кучтуу темп менен осуп, кыргыз дыйкандары социалисттик кооперациянын ар турдуу формаларына бириге башташкан.

Кооперациянын жонокой формалары Борбордук Азияда граждандык согуштун мезгилинде эле пайда болгон. Кыргызстанда болсо кочмон мал чарбасына ылайыкташтырылган малчылардын «Чолпон» (1924-ж.) жана «Аксай» (1925-ж.) шериктештиктери тузулгон. Кыргыз Автономия облусу тузулгон сон кооперациялар кобойгон. 1925-жылы октябрына карата Кыргызстанда 232 айыл чарба кооперативдери тузулуп, аларга 21,8 мин адам мучо болгон. 1926-жылдан Кыргызстандагы кооперацияларды Кыргыз АССРинин кооперациялык Совети жетектеген. 1926-1928-жылдары кооперациялардын саны 29,2 минден 5,7 минге кобойуп, Республика боюнча 1926-жылы дыйкан чарбалардын 23 пайызы кооперацияларга бириккен болсо, 1928-жылы бул корсоткуч 42,2 пайызга оскон. Кыргызстандын шартына ылайык мал чарбачылыгы боюнча кооперацияларды тузууго, аларды онуктурууго кобуроок конул бурулган. 1929-жылы Кыргызстанда кооперациянын адистешкен формаларын тузуу жонундо чечим кабыл алынып, ага ылайык, «Кыргыз пахта союзу», «Кыргыз мал чарба союзу», «Кыргыз колхоз союзу» жана башка тузулгон.

Бул союздар онор жайы менен дыйкандардын ортосун байланыштырып, дыйкандарды жерди биргелешип иштетуу шериктештигине (ТОЗ) жана айыл чарба артелдерине биригишине даярдоодо чон роль ойногон. 1925-жылы Кыргызстанда 64 колхоз жана 6 совхоз болгон. Совет окмоту аларды ар тараптан колдоого алган. 1924-жылы Чуй ороонундо «Аламудун», Каракол уездинде «Токтоян» чарбалары уюштурулуп, аларда уйлардын асыл тукум породалары остурулуп, мал учун сарайлар курулуп, сут товар фермалары, сыр жасоочу цехтери иштеп, башкаларга улгу болгон. 1928-жылдын аягында Кыргыз АССРинде 5 коммуна, 102 ТОЗ, 180 айыл чарба артели иштеген. Алар республиканын 5,7 минден ашуун дыйкан чарбаларын башкача айтканда республиканын дыйкан чарбаларынын 1,7 пайызын гана бириктирген, анын ичинде колхоздорго бириккендер 2,9 пайызды гана тузгон. Жаны экономикалык саясаттын шартындагы онор жай Совет бийлиги орногон мезгилде Кыргызстан агрардык мал чарба региону катары айырмаланып, негизинен пахта тазалоочу, женил жана тамак-аш тармактары боюнча гана аз сандагы ишканалар иштеген.

1925-жылы апрелде Чехословакиянын коммунист жумушчуларынын демилгеси менен Бишкек шаарында «Интергельпо» («Оз ара жардам») интернационалдык кооперативдик шериктештиги тузулуп, ага Пишпек станциясынын жанынан 43 га жер болуп берген. Алар кыска моонотто эле айына 4 мин терини иштетуучу завод, сукно фабрикасын, кыш, тактай заводдорун, электр станциясын, бир нече мастерскойлорду курушкан. 14 улуттун окулдорунон турган бул жамаат республиканын онор жайынын онугушуно, жумушчу адистерди даярдоодо чон роль ойногон. Жаны экономикалык саясат майда кол онорчулук (кустардык) ишканаларга продукция ондурууго жана аны сатууга эркиндик берген. 1922-1923-жылдары Кыргызстанда 1964 кустардык ишкана болсо, 1925-26-жылдары алардын саны 4525ке жеткен.

Аларга женилдиктердин берилиши, республикада мамлекеттик ишканалардын дээрлик жокко эсе болушу кустардык онор жайдын онугушуно ынгайлуу шарт тузгон. 1925-ж. кол онорчулордун 11 пайызын баш коштурган 30 онор жай артелдери пайда болгон. 1920-1924-жылдары майда онор жай ишканаларынын дун продукциясы республика боюнча 41 пайызга осуп, 1925-жылы алар 1914-жылы чейин ондургон продукциянын 55 пайызын ондургон. Жалпысынан алганда, Кыргызстан агрардык олко бойдон кала берген. 1926-жылы республиканын эл чарбасынын дун продукциясында онор жайы 2,3 пайызын, ал эми 97,7 пайызын дыйканчылык менен мал чарбачылыгы ондургон. ВКП(б)нын 14-съезди (1925-жыл, декабрь) олкону индустриялаштыруу курсун аныктаган. Союздук пландарга ылайык, Кыргызстанды агрардык-индустриялык республикага айландыруу милдети коюлган жана Республиканын техникалык-экономикалык жактан артта калышын жоюу, жергиликтуу улуттардан жумушчу адистерди жана инженердик-техникалык интеллигенцияны даярдоо каралган. Жалпы союздук пландын негизинде иштелип чыккан республиканын биринчи беш жылдык планын 1929-жылы 10-декабрында откон Кыргыз АССРинин 2-сессиясы кабыл алган. Бирок мурда капитализмди басып отпогон Кыргызстандын шартында индустриялаштырууну жузого ашыруу озгочо оор болуп, кыргыз калкынын кочмон турмушта жашашы, патриархалдык мамилелердин устомдук кылышы, калктын сабатсыздыгы, тап душмандарынын каршылыгы бул саясатты турмушка ашырууда залакасын тийгизген.

Индустриялаштыруунун башталышында Кыргызстанда негизинен айыл чарба продукцияларын иштетуучу, башкача айтканда пахта, тери иштетуучу, женил жана тамак-аш онор жайы онуккон. 1926-жылы Кыргызстанда 20 мамлекеттик ишканалар иштеген. Мындан тышкары шаарларда жана айыл-кыштактарда коптогон майда жеке менчик ишканалары болгон. Биринчи беш жылдыкта Кыргызстанда 41 жаны онор жай иш-канасы ишке киргизилип, онор жайдын дун продукциясы 3,5 эсеге оскон. Онор жайынын республиканын эл чарбасындагы улушу 23,5 пайызга которулгон.

1935-жылы январда Кыргыз АССРинин советтеринин IV-съезди жалпы союздук планга ылайык эл чарбасын онуктуруунун экинчи беш жылдык планын кабыл алган. Бул план боюнча республиканын онор жайына, озгочо комур казып алууга ири суммадагы капиталдык салымдар болунгон. Экинчи беш жылдыкта биринчи беш жылдыктан айырмаланып, жаны онор жай ишканаларын иштетууго, аларда жаны технологияларды оздоштурууго конул бурулган. 1935-жылы Ташкомур кени ишке киришип, башка комур кендери реконструкцияланган жана жаны механизмдер менен жабдылган. Республикада комур казып алуунун колому оскон.

Мунай ондуруу жолго коюлган. Женил жана тамак-аш онор жайында да жаны жетишкендиктерге жетишип, камсыз болгон. 1- жана 2- беш жылдыкта Кыргызстандын онор жайы бир кыйла жогорулаган. Кыргызстанда учунчу беш жылдыкта (1938-1942-ж.) 40 онор жай иш-каналары ишке киргизилип, 1940-ж. онор жайы 1937-жылга салыштырмалуу продукцияларды 1,5 эсеге кобуроок ондургон. Кыргызстандын эл чарбасынын дун продукциясында онор жайынын улушу 50,3 пайызды тузгон, анын ичинде озгочо оор онор жайы, тустуу металл, машина куруу, курулуш материалдарын, электр энергиясын ондуруу тармактары онуккон. Колхоздоштуруу жана кочмондорду отурукташтыруу 20-жылдардын аягында жаны экономикалык саясаттын алкагында калыптанып калган багыт туп-отурукташтыруу тамырынан бери озгортулуп, индустриялаштыруу эн негизги жана башкы максат катары жарыяланып, эл чарбасынын башка тармактары жалан гана ошол максатты жузого ашырууга оболго болуш керек деп аныкталган.

Индустриялаштырууну дыйкандарды тике жана кыйыр экспроприациялоо аркылуу ишке ашыруу багыты аныкталып, дыйкандарга азык-тулук чагымы кайрадан киргизилген. Дыйкандар оздорунун артыкбаш эгинин эркин сата албай, аны да мамлекетке арзан баада тапшырууга милдеттендирилген. Каршылык кылгандары кулак деп жарыяланып, сот жообуна тартылган, эгини конфискацияланган. Ушул мезгилде киши жалдап иштеткен ондуруш ээлерин эзуучу тап катары жоюу иши мурдагыдан да куч алган. Эзуучу таптарды жоюу менен бирге дыйкандарды да кынк эттирбей баш ийдируу учун аларды ондуруш каражаттарынан ажыратып, менчиктин бардык формаларын мамлекеттин колуна откоруу саясаты башталат. И. Сталин 1929-жылы жайында айыл чарбасын «туташ коллективдештируунун» ураанын жарыялаган. 1930-жылы 5-январда ВКП(б) Борбордук Комитети «Коллективдештируунун темпи жана колхоз курулушуна мамлекеттик жардам корсотуунун чаралары жонундо» токтом кабыл алган. Анда коллективдештируунун мооноту бекитилип, ал сталиндик администрациясынын буйрукчул системасынын жетекчилиги менен жургузулгон.

1930-жылы январь-февраль айларында коллективдештируу ото тез темп менен жургузулуп, 1929-жылы дыйкандардын 6,6 пайызы гана колхоздорго кирген болсо, 1930-жылы мартында бул корсоткуч 37,2 пайызга жеткен. Кыргызстанда айыл чарбасын коллективдештируу Кочмон жана жарым кочмон чарбаларды отурукташтыруу менен кошо бир мезгилде жургузулгон. Калкты отурукташтыруу Совет бийлигинин алгачкы жылдарында жургузулгон жер-суу реформаларынын журушундо эле башталып, 20-жылдардын аягында 42 мин чарба отурукташкан. Бирок 30-жылдардын башында Кыргызстанда дагы 85 мин чарба кочмон абалда калган. 1932-жылы кочмондорду массалык турдо отурукташтыруу башталып, жер-жерлерде турак жай, мектептер, ооруканалар, китепканалар, мал сарайлар курула баштаган. 1933-жылы 43,4 мин чарба отурукташууга отуп, 148 айыл-кыштак уюшулган. Отурукташкандар учун 2,5 млн га айдоо жана жайыт аянттары болунуп берилген. 4 жылда отурукташтырууга 34 млн сом жумшалган.

1931-1941-жылдары Кыргызстанда 98 мин кочмон жана жарым кочмон чарбалар отурукташтырылып, 300 жаны кыштактар пайда болгон. Аларды социалдык-экономикалык жактан которуу учун 307 млн сом жумшалган. Ал эми 20 жылдын ичинде (1918-37) 600 мин адамды камтыган 142 мин чарба отурукташкан. Отурукташкан калк уй-жай менен негизинен камсыз болгон. Кыргыз элинин отурукташкан турмушка отушунун натыйжасында, Кыргызстанда туруктуу айыл-кыштактар, чарбалык борборлор пайда болгон. Аларда турдуу агартуу мекемелери, мектептер, турмуш-тиричилик ишканалары курулган.

Феодалдык-патриархалдык ан-сезим жаны коомдук идеология менен алмаша баштаган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 21103, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу