Эл арасында айтылып жүргөн легенда-уламыштарга кайрылсак 14-15-кылымдарда жашап өткөн кыргыздын белгилүү, атактуу сынчысы ошондой эле акылман-философ Толубай атабыз жаратылыштын ошондой эле коомдук тиричиликтин маселелерин таанып-билүүдө алысты көрө билген адам экендиги айтылат. Толубай сынчы Жаныбек хандын убагында жашап, өз заманында жаныбарлардын касиетин, өзгөчө жылкылардын күлүктүгүн, тулпар боло тургандыгын көзү жетип, алдын ала биле алгандыгы, көрөгөчтүгү, сынчылыгы менен даңазаланган мыкты саяпкер болуучу. Толубай атабыз эл арасында чечендиги, ойчулдугу, философдугу менен таанылып, ханга тайманбай сөз кайрый алган, элди ынтымактуулукка үндөгөн инсан катары белгилүү болгон. Элдик уламыштардын негизинде кыргыздын акыны Алыкул Осмонов Толубай сынчы аттуу поэмасын жазган. Кыргызда качандыр бир убакта Толубай деген сынчы болуптур. Ал тоону да, сууну да, жерди да, жан-жаныбардын баарын тең сынай билген адам экен. Ал жөнүндө эл ичинде не бир даңазалуу уламыштар айтылып келет.
Ошол уламыштардын биринде Толубай сынчы төмөнкүчө баяндалат. Толубай жол жүрүп келе жатып сайдын чыга бериш жериндеги шагылдан аттын башын көрөт. Ал аны колуна алат да, тунжурап карап туруп жашып кетет. - Аттигиниң ай, айлык жолго арыбаган теңдеши жок тулпар экен. Бирок, тулпардын тулпарлыгы билинбей, өмүрү жарышка бир түшпөй өтүп кетиши кандай гана кайгылуу! Кандай гана өкүнүчтүү! Менин колума тийгенде бир гана айдын ичинде дүйнөнү дүңгүрөтпөйт белем, ов! Башын чайкап, каңырыгы түтөйт. Сөзүнө кызыгып, эртеден бери ээрчип жүргөн бир киши бул жөнүндө элге аяндайт. Кабар канга да жетет.
Кан туш тарапка ат чаптырып, Толубайды таптырып келет. - Андай кыйын болсоң менин тулпарларымды сыначы - деп жылкыларын Толубайдын алдынан чубатып өткөрө баштайт. Бирок жаза тайып жаңылсаң, көзүңдү оюп алам деген шартты да коёт. Тулпардын тулпары деген азоо жылкыларын көргөндөн кийин Толубай: - Күлүктүгүндө даба жок экен, каным. Бирок ар биринин бирден айыбы бар - дейт. Ушунча көп жылкымдын ичинен кантип бир тулпар чыкпасын деп каарданган кан сан күлүктөрдүн баарын Толубайдын көз алдынан өткөрөт. Толубай баш чайкап жактырбайт.
Акыры жоор болгон чобур чаар атты жетелеп келгенде, мына тулпар деп кубанып кетиптир. Эртеден бери кыжыры кайнап, араң турган кан Толубайдын эки көзүн ойдуруп салат. Толубай кандан чобур атты көздүн куну деп алып, кырк бир күн таптап, кемпири экөө кандың алдына кулпунтуп минип келет. - Мына, баягы өзүң берген чаар ат, ушуну тулпар десем кордодуң эле. Эр болсоң эми чобурга күлүктөрүң менен кубалап жетип кор! - деп аттын оозун коё берет. Күлүктүн күлүгүн тандап минген кан жигиттери менен чаар тулпарды кууп жетпей кала берген экен. Зулум кандын каарына калган Толубайдын сынчылык, көрөгөчтүк өнөрүн жогору баалаган эл ичиндеги Толубайдай сынчы бол деген накыл кеп ошондон улам калган дешет.
Бул Толубай сынчы жөнүндөгү уламыштан кыскача гана баян. айтып өткөндөй эле Алыкул Осмонов элдик сюжеттен пайдаланып Толубай сынчы деген поэма жазган. Эгер окубаганыңар болсо, Толубайдын сынчылык өнөрү жөнүндө толугураак билиш үчүн окусаңар болот.