Социалдык-философиялык ойлордун өнүгүшү

Орто кылымдардагы турк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын философиялык ойлорунун онугушуно 11-кылымда жашап откон Махмуд Кашгари менен Жусуп Баласагун озгочо чон салым кошушкан. Махмуд Кашгари 1029-1038-ж. аралыгында Барскон шаарында туулган. Анын атасы Хусейин ибн Мухаммед Ысык колдун тескейиндеги Барскон шаарын жана дубанды бийлеген бек болгон. Махмуд Кашгари, Багдад, Бухара шаарынан билим алган. 11-кылымдын экинчи жарымынан тартып турк элдери мекендеген жерлерди кыдырып, алардын тилинин диалектилик озгочолукторун жана жалпылыктарын иликтей баштаган. Анын «Китаб жавахир аннахв фи лугат ат турк» («Туркий тилдер тууралуу синтаксистин маныздары») китеби жана «Китаб диван лугат ат-турк» («Туркий тилдер соз жыйнагы китеби») аттуу эмгектери белгилуу. Мунун экинчиси («Диван лугат ат-турк») бизге жеткен.

Чыгышында - Саян-Алтай жана Гань-чжоу, батышында - Итил ороонунон бери жашаган ар кыл турк калктарынын айрым бир окулдору Караханийлер бийлеген аймакка - Тениртоонун чордонуна ото жакын конуш таап келген. Махмуд аларды озу аралап изилдеп, алар тууралуу маанилуу маалыматтарды топтогон. Анын маалыматтары боюнча кыргыздар Чыгыш Тениртоону байыртадан эле мекендешкен жана орто кылымдардын эрте мезгилинде алардын айрым топтору Чыгыш Туркстан аймагында жашаган. Чыгыш Тениртоодогу кыргыздар караханийлер доорунда эле ислам динине откондугу жонундо, ошондой эле кыргыз «Диванда» тили нукура турк тили катары сыпатталган. Махмуд Кашгари жана Жусуп Баласагун «Кыркыз - турктордун бир уруусу» деп жазган. Мында ал «кыргыз» этноними кыркыз турундо берип, орхон енисей жазуу маданиятынын эстеликтеринин салтын уланткан. Бул эмгек караханийлер доорунда Тениртоодо жашаган кыргыздардын топторун изилдоодо маанилуу булактардын катарына кирет.

Жусуп Баласагунинин омур баяны жонундо азырынча толук маалыматтар жокко эсе. Бирок, автор озу жонундо жазып кеткен кээ бир фактыларды анын «Кутадгу Билиг» («Кут алчу билим») поэмасынан кездештирууго болот. Жусуп 1010-16-жылдар же 1018-жылы Баласагун аттуу шаарында торолгон. Окумуштуу Р. Араттын санагы менен поэма жазып буткон убакта Жусуп 54 жашта болуучу. Поэманы Баласагун шаарынан жазып баштап, 1067-70-жылдары Кашкарда аяктап, баш аягы 18 айда бутургон, караханий каганы Кашкар шаарынын бийи Тавгач Буура Карахан Абу-Али-Хасанга белек катары тартуу кылган. Ал алкыш катары акынга «Улуг-Хасс-Хажиб» (хан сарайындагы кадырман адам) деген наам берген. «Кутадгу билиг» поэмасы ата-бабаларыбыздын рухий тричилигинде кылымдардан бирдиктуу, оз ара байланыштуу эки маданияттын — отурукташкан жана кочмон маданиятыбыздын тупку башатын ырастаган элдик кенч. Бул чыгармадан Кыргызстандын орто кылымдардагы тарыхы боюнча маалыматтарды алууга болот.

10-кылымда ислам калк арасында кенири тарап, араб жазуусун оздоштургон илимпоздор осуп чыгат. Демек, «Кутадгу билиг» поэмасынын негизги нускасы араб турк тилинде басылган себеби да ушул болсо керек. Махмуд Кашгаринин айтылуу создугу да араб тамгасы менен жазылган. Учурда Жусуптун «Кутадгу билиг» поэмасынын 3 нускасы, бири Вена шаарында (Австрия), экинчиси - Египеттин борбору Каир шаарында (1986-ж. Хидив китепканасынан директору немис окумуштуу Б. Морин тарабынан табылган), учунчусу - Россиянын Чыгыш таануу институтунун Санкт-Петербургдагы болумундогу кол жазмалар фондунда сакталууда.

Комментариев: 1 RSS

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)