Президентти шайлоо жана мамлекеттик эгемендуулук жонундогу декларация. 1990-жылы мартта СССР Эл депутаттарынын 3-съезди олкодо Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик олкодо окмоттун ишмердигин аныктаган жана анын ишин козомолдогон. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы толоо жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын козомолдогон. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Озбекстанда жана башка бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-жылы 27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргызстандын тунгуч Президенти болуп шайланган.
1990-жылы 15-декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендуулугу жонундогу» Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен олко катары жарыяланган. 1991-жылы 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жонундо» мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтуу бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. Республиканын биринчи премьер-министрлигине Н. Исанов, мамлекет катчылыкка: Т. Койчуев, А. Иордан, Э. Дуйшеев, Я. Фишер, А. Муралиев, жаны кабинеттин министрлери жана мамлекеттик комитеттердин торагалыгына кандидаттар бекитилген. СССРдеги саясий системаны реформалоонун натыйжасында коомдук-саясий турмушта демократиялык принциптер кобуроок жузого ашырыла баштаган. Олкодо ар турдуу демократиялык уюмдар тузулгон. Бирок олкодо улут аралык мамилелер татаалданып, курчуй берген.
[ushka=seredina]Республикалардын эгемендуулук учун курошу куч алган. Айрым республикалар союздан чыгаарын ачык эле билдире башташкан. Союздук жана республикалык мыйзамдардын ортосунда тирешуу пайда болгон, экономикалык кыйынчылыктар кучогон. 1991-жылы 5-февралда республиканын борбор шаарынын тарыхый аты калыбына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-жылы 8-майда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаны Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-жылы 19-апрелде «Жер реформасы жонундо» Мыйзам кабыл алган.
Ушул эле жылы 26-июнда Кыргыз ССР Жогорку Совети эгемендуу мамлекеттердин союзу жонундо Келишимдин долбоорун жактырган. Союздук келишимдин долбоору боюнча борбордук бийлик союздук республикаларга коп ири маселелерди оз алдынча чечуу мумкундугун берген. Олкодогу консерваторлор союздук келишимди «Совет мамлекетин сатуу» катары баалап, олкону аскердик тонкоруш аркылуу сактап калууну чечишкен. Бул максатта алар «СССРдеги озгочо абал боюнча Мамлекеттик Комитет» (ГКЧП) тузушуп, 19-21-августа «мамлекеттик тонкоруш» жасоого аракет кылышкан. Бул окуя СССРдеги ансыз дагы аран турган мамлекеттик бийликтин баркын биротоло кетирген.
ГКЧПнын ишин Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев кескин турдо сынга алып, республика алардын саясатын колдобой тургандыгын билдирген. Союздун башка республикалары да бул окуяны аскердик тонкоруш жасоого кылган аракет катары айыпташкан жана союздан чыга тургандыктарын ачык билдире башташкан. Кыргызстандык коз каранды эместигин жарыялоо КМШнын тузулушу. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде 1991-жылы 31-августта «Мамлекеттик коз карандысыздыгы жонундо» Декларация кабыл алынып Кыргыз Республикасы коз карандысыз, эгемендуу демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Коз каранды эместиктин шартында 1991-жылы 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республиканын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-жылы 20-октябрда Мамлекеттик коопсуздук комитети жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы тузулгон. 1991-жылы 8-декабрда Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы окмоттук резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Коз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) тузуу жонундогу келишимге кол коюшат. 1991-жылы 21-декабрда Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Таджикистан, Туркменстан жана Озбекстан КМШны тузуу келишимине кол коюшкан. 25-декабрда М. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.
КМШнын маселелерин биргелешип, тен укукта чечиш учун мамлекет башчыларынын Совети жана окмот башчыларынын Совети тузулгон. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук комитетинде КМШнын кызыкчылыгын жактоо милдети Россияга жуктолгон. КМШ тузулгондугун жарыялаган Алматы жолугушунда эле мамлекет башчылары КМШ олколорун БУУга мучо кылып кабыл алуу отунучу менен кайрылышкан.