Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жаныбарлар жана өсүмдүктөр клеткаларынын айырмачылыктары

Баш барак | Биология | Жаныбарлар жана өсүмдүктөр клеткаларынын айырмачылыктары

Салам достор, бул макалада жаныбар жана өсүмдүк клеткаларынын айырмаларын тергейбиз, келгиле бирге окуйлу.

Жаныбарлар жана өсүмдүктөр клеткаларынын айырмачылыктары

Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн клеткалары эукариоттук болгондуктан, алар бири-бирине окшош. Бул клеткалардын экөө тең митоз жана мейозду камтыган көбөйүүнүн жана бөлүнүүнүн бирдей өңдүү процесстерине ээ. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр энергияны абадан алат.

Бул эки түрдөгү клеткаларга клетка түзүмүнүн болушу мүнөздүү, алар органеллалар. Органеллалар нормалдуу иштөөнү камсыз кылуучу атайын функцияларды аткарышат. Бирок, ошого карабастан жаныбарлар жана өсүмдүк клеткаларынын көптөгөн айырмачылыктары бар.

Жаныбарлар жана өсүмдүктөр клеткасынын түзүлүшү
Жаныбарлар жана өсүмдүктөр клеткасынын түзүлүшү

Негизги айырмачылыктар

Өлчөмү же көлөмү — шартка ылайык жаныбарлардын клеткалары өсүмдүктүкүнө караганда кичирээк болот. Өлчөмү 10дон 30 микрометрге чейин, ал эми өсүмдүктүкү 10дон 100 микрометрге чейин.

Формасы — жаныбарлар клеткасы тегерек сыяктуу же туура эмес формада, өсүмдүк клеткасы болсо тик бурчтук же куб формасында.

Энергияны сактоо — жаныбар клеткасы энергияны татаал углевод гликоген түрүндө сактайт. Өсүмдүк клеткалары болсо крахмал түрүндө.

Белокторбелокту синтездөө үчүн керектелүүчү 20 амин кычкылынын 10 гана жаныбар клеткасында табигый түрдө өндүрүлөт. Башка алмаштыргыс амин кычкылдыктары азыктан алынат. Өсүмдүк болсо бардык 20 амин кычкылын синтездөөгө мүмкүнчүлүгү бар.

Дифференциация — жаныбарларда сөңгөк клеткалар (стволовые) гана башка түрдөгү клеткага айлануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми өсүмдүктөрдүн көбүнчөсү дифференциациялана алат.

Өсүүсү — жаныбарлар клеткасы көлөмү жана саны көбөйүп, клеткалардын санын көбөйтөт. Өсүмдүк клеткасы болсо негизинен көлөмүн гана чоңойтот. Борбордук вакуолдо сууну топтоп өсөт.

Клетка кабыгы (стенкасы) — жаныбарларда клетка кабыгы жок, бирок клетка чели (мембрана) бар. Өсүмдүктө болсо клетка кабыгы бар, ал целлюлоза жана челден турат.

Центриолдор — жаныбарда бар, өсүмдүктө жок.

Кирпикчелер — жаныбарлар клеткасында кезигет, бирок, шартка ылайык өсүмдүк клеткасында жок.

Цитокинез — клеткалар бөлүнгөндө жаныбар клеткаларында цитоплазма бөлүнөт, өсүмдүк клеткаларынын цитоплазмасында клетканы бөлүп турган клетка пластинасы түзүлөт.

Гликсисомалар — бул түзүмдөр жаныбарлар клеткасында кезикпейт, өсүмдүктүкүндө болот. Гликсисомалар липиддерди кантка бөлүүгө жардам берет, өнүп баштаган уруктарда жакшы байкалат.

Лизосомалар — жаныбарлар клеткасында болот, булар клетка молекулаларын сиңдирүүгө жардам берүүчү ферменттерди камтыйт. Өсүмдүк клеткаларында лизосомалар сейрек кездешет, анткени өсүмдүктүн вакуолу молекуланын деградациясын иштетет.

Пластиддер — жаныбар клеткасында жок. Өсүмдүктө хлоропласт сыяктуу пластиддер бар, алар фотосинтез үчүн зарыл.

Плазмодесмалар — жаныбарда жок, өсүмдүктө бар.

Вакуоль — жаныбар клеткалары көптөгөн кичине вакуольдорду камтышы мүмкүн. Өсүмдүктө болсо чоң борбордук вакуоль болот. Ал клетка көлөмүнүн 90% түзүшү мүмкүн.

Прокариоттук клеткалар

Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн эукариоттук клеткалары прокариоттук клеткаларынан айырмаланып турат, мисалы бактерия сыяктуу. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр клеткалары көп клеткалуу болгону менен прокариоттор негизинен бир клеткалуу организмдер. Эукариоттор прокариотторго караганда татаал жана чоңураак болот. Жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн клеткаларына көптөгөн органеллалар тиешелүү, прокариоттук клеткаларда мындайлар табылган эмес. Прокариоттордун чыныгы өзөгү болбойт, анткени ДНК (дезоксирибонуклеин кычкылы) булардын челинде жок, башкача айтканда цитоплазма аймагында оролуп, нуклеоид (нуклеин менен алмаштырбайбыз) аталат. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр клеткасы митоз жана мейоз аркылуу көбөйсө, прокариоттор көбүнчө бөлүнүү же майдалуу аркылуу көбөйөт.

Башка эукариоттук организмдер

Өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын клеткалары жападан жалгыз эукариоттук түрдөгү клеткалар эмес. Протейлер (мисалы, эвглен жана амеба) жана козу карындар (мисалы, козу карындар, ачыткылар, көк дат) эукариоттук организмдердин эки башка мисалы.

Түшүндүрмөлөр

Эукариоттук клеткалар — прокариоттук клеткалардан айырмаланып Эукариоттук клеткалардын өзөгү болот (ядро). Ал клетканын жашоо-тиричилигин координациялайт. Анда организмдин тукум куучулук аппараты, түрдүү функцияларды аткаруучу көптөгөн органоиддер бар. Көпчүлүк эукариоттор аэроб болушат, башкача айтканда энергетикалык алмашууда аба кычкылтегин колдонушат.

Дифференциация — бул бирдей элементтен, жана сапаты боюнча тең бөлүктөн турган системанын бөлүштүрүүсү. Мисалы, адамдарды улутуна, жынысына карай бөлүштүрүү, тамгаларды үндүү же үнсүз деп бөлүү, ушул сыяктуу эле клеткалардын дагы бөлүштүрүүсү. Ошондой эле, калк кирешесин, товарларды, бааларды, биологиялык ткандарды жана башка көп нерселерди дифференциацияласа болот.

Жайгаштыруу: 2019-05-15, Көрүүлөр: 51476, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-12-19
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу