Тукум куугучтук


Эмне үчүн каакымдын уругунан байчечекей эмес, каакым гана чыгат? Ит күчүк, мышык мыймый тууйт, эмне үчүн анын тетирисинче болбойт? Эмне үчүн балдар ата-энесине, бир туугандар бири-бирине окшош болот? Мындан жүз жыл мурда ошол кезде эч кимге белгисиз чех илимпозу Грегор Мендель буурчактарга көп жылдык даңктуу тажрыйбасын жүргүзө баштаган. Ал ата-эненин белгилери - формасы, түсү жана башка өзгөчөлүктөрү балдарына тукум куугучтуктун туруктуу мыйзамы боюнча бериле тургандыгын аныктаган. Бардык тирүү организмдин негизи - клетка. Клеткалар көбөйөт, ошондуктан организм да өнүгүп-өсөт. Бирок алар ата-энесиндей организмди түзүү жөнүндө буйрукту кайдан алышат? Ата-эненин белгилери балага кантип берилет?

Мендель клеткаларда көрүнбөгөн өтө майда бөлүкчөлөр бар экендигин жана алар тукум куучулук белгилердин берилишин башкара тургандыгын божомолдогон. Ал түгүл ага ген деген атты да берген. Улуу илимпоздун божомолу жүз миң эсе чоңойтуп көрсөтүүчү электрондук микроскоптор пайда болгондо, илим зор ийгиликке жетишип, адам клетканы гана эмес, анын эң майда бөлүкчөлөрү - молекулаларды көрүүгө жетишкенде гана далилденди. Биз ген деп атаган бул таң каларлык затты химиктер ири молекула - ДНК деп кыскартып аташкан. ДНКнын ар бир бөлүкчөсү - клетка кандай затты жана качан жарата тургандыгына берилүүчү өзгөчө буйрук.

Буйрукту үн менен жазып же Морзе коду - чекит жана сызыкча менен берүүгө болот. ДНКдагы буйрукта химиялык заттардын ар кандай бирикмелери менен жазылып коюлат. ДНКда бөлүкчөлөр абдан көп болгондуктан алар жайгашкан клетканын ядросун буйруктар китеби менен салыштырууга болот. Бул буйруктар, биринчиден, ушул клеткага гана керек заттардын пайда болушу үчүн: экинчиден, бүт организмдин бардык клеткаларында бардык заттар пайда болушу үчүн зарыл. Адатта, клеткалар адистикке ээ болгондо (тери, булчуң, сөөк, кан жана башкалардын клеткасы), алар өздөрүнүн ядросунда жазылгандардын бардыгын эле окуй беришпейт, ошол клетканын ишине керек гана саптарды окушат. Бирок клеткалар ар дайым өздөрүнүн ата-бабаларынын клеткасынан алынган гендерге жазылгандай иштешет. Балдар өз ата-энесине окшош болорунун сыры, башкача айтканда, тукум куугучтук кубулушунун себеби мына ушунда. Эгерде жаныбарлардын ар түрдүү породаларын же өсүмдүктөрдүн ар кандай сортторун аргындаштырсак, клеткаларда бир эле нерсе жөнүндө эки түрдүү буйрук (мисалы, гүлдүн таажычасынын түсү жөнүндө - ак же кызыл) пайда болот. Гибриддердин клеткасы, башкача айтканда, мындай аргындаштыруунун натыйжасында пайда болгон клетка бул буйруктардын бирөөнү гана аткарат.

Ошондуктан жаныбар же өсүмдүк гибрид кээ бир белгилери боюнча атасына, башка бир белгилери боюнча энесине окшош болот. Кээде жаныбарда же өсүмдүктө ата-бабаларында да, ата-энесинде да таптакыр болбогон жаңы белгилер пайда болот. Демек, кайсы бир гендерде химиялык тамгалардын орду алмашып, химиялык башка буйрук берилген. Мисалы, эң эле жөнөкөй кат деген сөздүн тамгаларынын ордун алмаштырсак, так же акт деген такыр башка маанидеги сөздөр келип чыгат. Мындай жаңылуулар көбүнчө организм уулуу заттарга же рентген жана космос нурларына дуушар болгондо пайда болот. Биологдор пайдалуу жаңылуудан келип чыккан өсүмдүк жана жаныбарды издеп таап, аларды жаңы породаларды жана сортторду чыгаруу үчүн пайдаланышат. Окумуштуулар азыр өсүмдүктөрдүн үрөнүнө рентген нурлары жана химиялык заттар менен атайын таасир этип, гендерде көптөгөн жаңылууну пайда кылышат, мындай жаңылуулардын ичинен адамга пайдалууларын тандап алышат.

Эгилме өсүмдүктөрдүн көптөгөн жаңы жана мыкты сорттору ушундай жол менен пайда болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4588, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22