Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү жалпы маалымат

Баш барак | Күндөр | Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү жалпы маалымат

7-8-ноябрь Кыргызстанда официалдуу түрдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү жарыяланып, буга тиешелүү Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгына 2017-жылдын 26-октябрында кол коюлган.

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү

Бул күндү белгилөө Республиканын коммунисттер партиясынын парламент фракциясына тиешелүү. Мыйзам биринчилерден болуп 2001-жылдын аягында кабыл алынып, Улуу Социалисттик Октябрь революциясынын күнү аталган. 2002-жылдын 7-ноябрында белгиленип, ошондон тарта жылда өткөрүлөт.

Салтка ылайык бул күнү Бишкек шаарынын эски аянтында (В. И. Ленин аянты), облус борборлорунун аянттарында Кыргызстан коммунисттер партиясы тарабынан уюшулган митингдер өткөрүлүп, дүйнө пролетариатынын лидерине гүл коюуу аземдери жүрчү.

2003-жылы 1984-жылы Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Ленинге орнотулган эстелик, парламент алдындагы эски аянтка жылдырылган. Ошол эле жерде «Кыргыз ССРинин түптөлгөнүнө 50 жыл» мемориалы калыбына келтирилип, совет мезгилинде республика ээ болгон ордендер төрт жаңыртылган стеллада бекитилген.

2017-жылдын 26-октябрында өлкөнүн президенти 7-8-ноябрда белгиленүүчү «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» белгилөө жөнүндөгү жарлыкка кол коюп, документте майрамды өзгөртүүнүн себеби түшүндүрүлгөн.

2017-жылдын 7-ноябрында тарыхты жана бүткүл дүйнөлүк тартипти өзгөрткөн Улуу Октябрь Революциясына 100 жыл болуп, XX кылымдын башында Россиянын таасирине кабылган көптөгөн элдер үчүн чоң мааниге ээ болгон. 1916-жылкы улуттук-боштондук үчүн көтөрүлүш (үркүн) артынан Октябрь революциясы кыргыз эли үчүн жеке мамлекет түзүүнүн үмүтү болгон. Бирок совет мезгилиндеги аркыркы жылдардын тарыхый каталарын таанып билип, бул дата мааниге ээ эмес — деп жазылат (котормо).

Анын үстүнө кыргыз эли сталиндик репрессия жылдары (1930-жылдардагы Репрессия жөнүндө маалымат) чоң жоготууларга дуушар болуп, 8-ноябрь күнү «Саясый репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү» белгиленчү, ал эми 2017-жылы ал күндөрдүн 80 жылдыгы өткөн.

Ушунун баарына байланыштуу майрам (эскерүү) күндөрүн башка күндөргө байланыштыруу чечими кабыл алынган. Республика башкармалыгынын ою боюнча «Кыргыз элинин совет мезгилиндеги башынан өткөн өнүгүүсүнө, позитивдүү өзгөрүүлөрүнө объективдүү баа берип, өлкөнүн трагедиялык күндөрүн дагы эстен чыгарбоо керектиги» (котормо) зарыл деп айтылган.

Акыркы жылдары Мекенибиздин көрүнүктүү тарыхчылары XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуялардын өз-ара тыгыз байланышы бар деп эсептешет. Улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана 1916-жылдагы трагедиялык окуяларды, 1917-жылдын февраль, октябрь революцияларын, совет мезгилиндеги өнүгүүнүн сабактарын жана мурастын, XX кылымдын саясый репрессиясынын натыйжаларын объективдүү тарыхый баалоо максатында, ошондой эле ата-бабаларга сый-урмат көрсөтүү менен 7-жана 8-ноябрь жыл сайын белгиленүүчү «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» жарыяланып токтом кылынат (котормо).

Жайгаштыруу: 2019-01-15, Көрүүлөр: 5188, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо