Бир жылдык керектелүүчү тоюттун нормасын түзүш үчүн норма жана рацион деген түшүнүктөр менен тааныш болушубуз керек.

Тоют нормасы - бул малдын өзүнүн организминин талабын, физиологиялык өзгөчөлүктөрүн, ден соолугун канааттандырыш үчүн керектелүүчү аш болумдуу азыктын топтому. Айыл чарба малдарына малдын түрүнө, жынысына, жашына, продуктуулугуна, багуу шартына жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша керектелүүчү тоюттун нормасы аныкталат. Малды тоюттандыруунун алдында тоюттун нормасы бекитилип алынат дагы, андан кийин гана тоюттун аш болумдуу сапаты, малдын түрү, жашы, жынысы, өндүрүмдүүлүгү, физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тоюттун рациону түзүлөт.

Рациондор
Айыл чарба малдары үчүн рациондор - белгилүү убакыт аралыгына аш болумдуулугу боюнча норманын талаптарына жооп берүүчү, керектелген тоюттардын жыйнагы. Адатта рацион бир суткага, жумага, айга жана бир жылга түзүлөт жана төмөндөгүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1.Азыктуулугу боюнча тоюттандыруу нормасына ылайык келүүгө тийиш;
2.Малдын ошол түрүнүн биологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келүү керек жана тамак сиңиришине жагымдуу таасир этиши зарыл;
3.Мал ачкачылыкты сезбегендей көлөмү боюнча жетиштүү болууга тийиш;
4.Рациондун арзан тоюттардан түзүлгөнү максатка ылайык болот.

Бир жылда 2000-2500 кг сүт (сүттүн майлуулугу 3,7-3,9%) берүүчү уй 1 кг сүткө 1,0 –1,2 тоют бирдигин талап кылат. Байыган уйлардын рациондорунда 7ден 11ге чейин тоют бирдиги болуш керек. Бир суткада 10 кг сүт берген уйдун рационунда ар бир тоют бирдигине 95 – 100г сиңирүүчү протеин болуусу зарыл, 10-15кг – 100-105г, 15тен жогору жана байыган уйлардын рациондорунда 110-115 г.

Уйларга бир суткада тоюттардын болжолдуу берилиши (минималдуу - максималдуу):

Сүт берет (кг)Бир суткада берүүгө болот (кг)
ЧөпСаманСилосСенажКызылчаКартошкаКонцентраттар 1кг сүткө (г)
12ге чейин4-62-420-3015-2010-155-10150-250
13-204-62-420-3015-2515-257-12250-300
21-254-61-220-3015-2515-3010-15250-350
26-304-61-220-3015-2515-3010-15300-350
Байыган уйларга5-7-10-1510-205-105-82-3кг бир башка

Рациондор


Бир жылдык керектелүүчү тоюттун нормасын түзүш үчүн норма жана рацион деген түшүнүктөр менен тааныш болушубуз керек.Тоют нормасы - бул малдын өзүнүн организминин талабын, физиологиялык өзгөчөлүктөрүн, ден соолугун канааттандырыш үчүн керектелүүчү аш болумдуу азыктын топтому. Айыл чарба малдарына малдын түрүнө, жынысына, жашына, продуктуулугуна, багуу шартына жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша керектелүүчү тоюттун нормасы аныкталат. Малды тоюттандыруунун алдында тоюттун нормасы бекитилип алынат дагы, андан кийин гана тоюттун…

Толук маалымат менен таанышуу акылуу, 1 күнгө - 100 сом, 30 күнгө - 500 сом, 365 күнгө - 5000 сом. Алгач сайтка катталыңыз же катталган болсоңуз аккаунтуңузга кириңиз. Эгер, сайтка катталбастан маалыматты тез алууну кааласаңыз 0(704)28-63-61 вотсап номерине жазыныз.

Аталган баалар физикалык жактарга гана, ал эми юридикалык жактар, мамлекеттик мекемелер, жеке ишкерлер үчүн support@tyup.net дарегине кайрылуу зарыл.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 728, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18