Адам дайыма үзбөй пайдаланган нерселер бар. Мисалы, календарь, саат же жадыбал таблицасы. Химиялык элементтердин мезгилдик системасы - химиядагы жадыбал таблица болуп калды. Аны 1869-жылы орус окумуштуусу Д. И. Менделеев түзгөн. Дмитрий Иванович Тобольск шаарында туулган. Анын бала чагы оорчулукта өткөн. Ал Тобольск шаарындагы гимназиянын директорунун он жетинчи баласы болуп, өтө жаш кезинде эне-атасынан ажыраган. Педагогикалык институтту бүтүргөндөн кийин Менделеев адегенде мугалим болуп иштеген. Көптөгөн көрүнүктүү химиктер андан окуп билим алышкан. Ал Химия негиздери деген мыкты окуу китебин жазган.
Бул окуу китеп бүтүндөй бир химия энциклопедиясы. Менделеев аны дайыма өркүндөтүп, жаңы ачылыштар жөнүндөгү маалыматтар менен толуктап турган. Химия негиздеринин үстүндө иштеп жатып, ал өзүнүн атактуу эмгегин - химиялык элементтердин мезгилдик системасын түзгөн. Д. И. Менделеев ошол кездеги белгилүү болгон 63 химиялык элементтерди, алардын атомдук салмагына жараша: эң женили - суутектен, эң оору - уранга чейин ырааттуу тартипте жайгаштырса, бул элементтердин касиеттери мезгил-мезгили менен кайталана тургандыгын ачкан. Бул мыйзам ченемдүүлүк мезгилдик системага негиз болгон. Системада бул ачылышка чейин башаламан изилденген химиялык элементтер дүйнөсү тартипке салынып, андагы ырааттуу мыйзам ченемдүүлүктөр белгиленген. Д. И. Менделеевдин мезгилдик системасы менен окуучулар жогорку класстарда, химия сабагында таанышат.
Өз системасына таянып, Менделеев али белгисиз бир нече химиялык элемент бар деп алдын ала айткан жана алардын эң маанилүү касиеттерин күн мурдатан көрсөткөн. Кийин бул элементтердин баары ачылды. Бул химия илиминдеги эң алгачкы илимий алдын ала айтуу болгон. Адам иш-аракетинде Д. И. Менделеев кызыкпаган тармакты табуу кыйын. Ал нефть кендерин, нефтинин курамын изилдеген. Нефть күйүүчү гана май эмес, андан көптөгөн эң маанилүү заттарды алууга болот деген жыйынтыкка биринчилерден болуп келген.
Ал жер атмосферасын изилдеген, аба шарында коркпостон өзү жалгыз учкан. Арктиканын өздөштүрүлүшүнө да кызыгып, муз жаргыч кеменин долбоорун түзгөн. Бирок бул кеме курулбай калган. Ал көп жылдар бою Чендер жана таразалар башкы палатасында директор болуп иштеп, так өлчөөлөр жөнүндөгү илимдин өнүгүшүнө көмөк берген. Менделеев айыл чарбасын да билген, соода ишин үйрөнгөн, түтүнсүз жарылма дарынын долбоорун түзгөн, абада калкуу ишине кызыккан...
Анын чыгармаларынын толук жыйнагы калың-калың жыйырма беш том болду. Ал дүйнөдөгү көптөгөн өлкөлөрдүн академияларына жана илимий коомдоруна ардактуу мүчө болуп шайланган. Бир жолу Бобловодо (Менделеевдин чарбагы) дыйкандар андан: Айтчы, Дмитрий Иванович, эмне себептен сенин буудайың жакшы болду? Бул сенин талантыңа жарашабы же бактыңабы? - деп сурап калышты. Албетте, талантка жараша, туугандар! - деп жылмая жооп берген экен Менделеев. Ал кымындай да апырткан эмес.
Бул чындыгында эле таланттын, бирок талбаган эмгекке курчуп, чыңалган таланттын жемиши болчу. Бардык жерде дайыма чыдамкайлык менен эмгектенүү керек. Менделеев өзүн гений деп атаганды жактырчу эмес. Кайдагы гений! Өмүр бою тынбай эмгек кылдым, ошентип гений атка кондум! - деп баса айтчу.
Менделеевдин өлүмү жалпы журтту кайгыртты. Аны акыркы сапарга - Петербургдагы Волков көрүстөнүнө миңдеген адамдар узатышты. Сөөк коюу процессиясынын эң алдында элементтердин мезгилдик системасынын зор таблицасын алып келе жатышты. Ал улуу илимпоздун болочок окумуштуулар үчүн калтырган мурасы сыяктуу кабылданды.