Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гидроэлектр станциясы (ГЭС)

Баш барак | Энергетика | Гидроэлектр станциясы (ГЭС)

Электр станциясы деген сөздү элдин баары жакшы билет. Ал эми гидро гректин - суу деген сөзүнөн келип чыккан. Гидроэлектр станциясы бийиктен агып түшкөн суунун кубатын электр энергиясына айлантат. Чоң суулар кенен-кесири, ээн-эркин агат. Эбегейсиз зор устундардын ширеңкенин чийиндей агызса, пароходдорду суу бетинде чайпалта агызып өтөт. Ал эми тоо суулары чоң-чоң таштарды тоголото күрүлдөп-шарылдап тез агат. Сууда күч көп! Ал күчтү кантип пайдаланууга болот? Сууну темир-бетон плотинасы менен бөгөйбүз. Суу өз нугунан көтөрүлүп жол издей баштайт. Мына ошол суунун күчүн алышыбыз керек.

Ал үчүн суу плотинанын тешиктеринен өткөрүлөт. Бул суунун жолунда чон турбина - суу, буу, газ күчү менен аракетке келүүчү кыймылдаткыч орнотулган. Турбинанын ичинде болот калактуу дөңгөлөк бар. Суу күч менен келип калакка урунганда, дөңгөлөк айлана баштайт. Ал эми дөңгөлөккө башка бир машинанын - генератордун ички айлануучу бөлүгү - ротор бириктирилген. Генератор деген латын сөзү өндүргүч дегенди билдирет. Генератор электр энергиясын иштеп чыгарат. Ошентип, бийиктиктен агып түшкөн суунун кубаты электр энергиясына айланат. Суу болсо турбинадан өтүп өз жолу менен кете берет.

Ал ошентип өз күчүн турбинага берет. Ал эми суу жогорудан тынымсыз агып түшкөндүктөн турбинанын дөңгөлөгү токтоосуз айлана берет. Дүйнөдөгү эң чоң электр станциялар бул Енисейдеги Красноярск, Ангарадагы Братск ГЭСтери. Кыргызстанда ири ГЭСтер Нарын дарыясында курулуп, 5 ГЭСтен турган ГЭС каскадын түзөт. Алардын ичинен уникалдуу энергетикалык курулмалар - Токтогул, Күрпсай, Үчкоргон (ГЭС) гидроэлектр станциялары өзүнүн чоңдугу менен таң калтырат. Плотиналары тоодой чоң. Бирок мындай тоолор формасынын дааналыгы, симметриялуулугу, узун-туура сызыктарынын түздүгү, тактыгы менен адамдын колунан чыккандыгын билдирет. Плотинанын жогору жагында көбүнчө учу-кыйрына көз жеткис көгүлтүр деңиз пайда болуп, суу ичинде балыктын аркыл түрлөрү көбөйдү. Гидроэлектр станциясы - плотина, турбина менен генератор эле эмес.

Плотина кемелердин жолун бөгөп калгандыктан, анын жанына шлюздуу канал, балыктар өтө тургандай балык жолу салынат. Плотинанын кырына жол салынат, электр станциясына электр тогун өткөрүүчү зымдарды тартуу керек. Мындан башка да шаар калкы үчүн суу түтүгү, сугат аянттары үчүн каналдар курулат. Көрдүңөрбү, мында электр менен байланышкан көптөгөн түрдүү курулмалардын түйүнү салынат. Ошондуктан бул гидротүйүн деп аталат.

Мындай гидротүйүндү куруу оңой эмес, анын үстүнө көп каражат сарпталат. Бирок ал өмүр бою суу соолуп калмайынча электр энергиясы менен камсыз кыла берет.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 8367, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-12-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу