Достор тыбыштар жана тамгалар жөнүндө эмне билесиңер? келгиле билимибизди ушул макаладан тереңдетип алалы.
Эгер мен силерден үй деген сөздө канча тамга бар деп сурасам, силер: эки тамга бар - деп жооп бересиңер. Кайрадан: Бул сөздө канча тыбыш бар? - десем, силер: эки тыбыш бар - деп жооп бересиңер. Мындай суроого таң калышыңар мүмкүн: ар бир тамга бир эле тыбышты билдирет эмеспи. А чынында ошондойбу? «Үй» деген жөнөкөй сөздүн ордуна съезд сөзүн алып көрөлүчү. Мындай сөздүн бар экенин баарыңар билесиңер. Кана, эсептегилечи. Бул сөз канча тамгадан турат? 5 тамгадан турат!
Эми ойлонгула: бул сөздө канча тыбыш бар? Силер дароо эле 4 тыбыш бар экендигин айтасыңар. Бул сөздөгү ажыратуу белгиси - тамга, ал тыбышты билдирбейт. Демек, сөздө тыбышка караганда тамга көп болушу мүмкүн экен. Эми биз аюу деген кыска сөздү алалы, Мында канча тамга бар? Үчөө. А, канча тыбыш бар? А у тамгалары бирден тыбышты ал эми ортодогу Ю тамгасы эки тыбышты (й+у) билдирет.
Демек аюу сөзүндө төрт тыбыш бар. Ошентип, бул сөздө тыбыш тамгага караганда көп болуп чыккандыгын көрдүк. Мына, бул бир караганда жөпжөнөкөй көрүнгөн байкоодон олуттуу жыйынтык чыгарууга болот. Ал жөнөкөй гана эреже менен түшүндүрүлөт: тамга башка, ал эми тыбыш такыр башка нерсе. Бирок бул экөөнүн ортосунда тыгыз байланыш бар: тамгалар тилдеги тыбыштарды белгилөө үчүн ойлоп табылган. Бирок тилди үйрөнүүдө бир тамга ар башка эки же андан да көп тыбышты билдире тургандыгын эстен чыгарбоо керек. Кээде бир тыбышты жазуу үчүн бир, эки же андан да көп тамга керек болушу мүмкүн. Эгерде кимде-ким муну билбесе, ал айтылган же жазылган сөздүн курамын (айтылышын же жазылышын) туура ажырата албайт.
Эми тыбыш жана тамгалар жөнүндө кеңири билип алалы, алгач, кыргыз тилинде 36 тамга, 39 тыбыш бар экенин билип алалы.
Тыбышты белгилей турган белги тамга деп аталат. Тамганы көрөбүз, жазабыз, айтабыз.
Бир тилдеги тамгалардын ирети менен жайгашышы алфавит деп аталат.
Аа, Бб, Вв, Гг, Дд, Ее, Ёё, Жж, Зз, Ии, Йй, Кк, Лл, Мм, Нн, ң, Оо, Өө, Пп, Рр, Сс, Тт, Уу, Үү, Фф, Хх, Цц, Чч, Шш, Щщ, ъ, Ыы, ь, Ээ, Юю, Яя.
Биз сүйлөгөндө угулган айрым-айрым үндөр тыбыш деп аталат. Тыбыштарды биз айтабыз жана угабыз
Үч - 2, кыз - 3, бала - 4, китеп - 5, мектеп - 6, отургуч - 7 тыбыштан турат.
Сүйлгөнөбүздө эч кандай тоскоолдукка учурабай чыккан тыбыштар үндүүлөр болушат. Алар жалаң үндүн жардамы менен айтылат. Үндүү тыбыштарды созсок болот.
Кыргыз тилинде 14 үндүү тыбыш бар алар: а, аа, э, ээ, о, оо, ө, өө, у, уу, ү, үү, ы, и.
Тилибиздин алдыга карай кыймылы менен жасалган үндүү тыбыштар ичке үндүүлөр деп аталат.
Кыргыз тилинде ичке үндүүлөр 7, алар: э, ээ, ө, өө, ү, үү, и.
Тилибиздин артка карай кыймылы менен жасалган үндүү тыбыштар жоон үндүүлөр деп аталат. Кыргыз тилинде жоон үндүүлөр 7, алар: а, аа, о, оо, у, уу, ы.
Кыргыз тилиндеги үндүү тыбыштар айтылышына карай кыска жана созулма үндүүлөр болуп экиге бөлүнөт.
Кыска үндүүлөр 8: а, э, о, ө, у, ү, ы, и. Созулма үндүүлөр 6: аа, ээ, оо, өө, уу, үү.
Сүйлөгөнүбүздө үн менен шыбыштын жардамы менен жасалган тыбыштар үнсүз тыбыштар болот. Аларды биз үндүүлөрдөй созо албайбыз. Кыргыз тилинде 25 үнсүз тыбыш бар, алар:
б, в, г, д, ж, з, й, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ.
Жазылышына кара үнсүз тыбыштар жумшак жана каткалаң үнсүздөр болуп экиге бөлүнөт.
Жумшак үнсүздөр үн менен шыбыштын жардамы менен жасалат, алар: б, в, г, д, ж, з, й, л, м, н, ң, р.
Каткалаң үнсүздөр жалаң шыбыштын жардам менен жасалат: к, п, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ.
Үнсүз тыбыштар түгөйлүү жана түгөйсүз болушат.
Айтылышы жана угулушу боюнча бири-бирине өтө жакын тыбыштар түгөйлүү үнсүздөр аталат, алар: б-п, в-ф, г-к, д-т, ж-ш, з-с.
Түгөйсүз үнсүздөр: й, л, м, н, ң, р, х, ц, ч, щ.
К, Г тыбыштары ичке үндүүлөр менен келгенде ичкерип айтылат жана угулат. Мисалы, гезит, гүлдесте, күз, күчүк, күзгү.
К, Г тыбыштары жоон үндүүлөр менен келгенде жооноюп айтылат жана угулат. М: жоогазын, кагаз, кулак, глобус, кайык, кыш.