Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Сөз жана сөз айкаштары

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Сөз жана сөз айкаштары

Адам оюн сүйлөп билдирет. Ал үчүн сөздөрдү колдонот. Сөздөр бир нече тыбыштардан жасалат. Ар бир сөздүн мааниси болот.

Мисалы: Калпак - кыргыздын баш кийими, ээр - ат жабдыгы, компьютер - электрондук эсептөөчү машина.

Жөнөкөй сөздөр

Сөздөр түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнөт. Бир сөздөн турган сөздөр жөнөкөй сөздөр болот. Мисалы: интернет, телефон, чайнек, чыны, китеп, мектеп.

Татаал сөздөр

Эки же андан көп сөздөрдүн айкашынан туруп, бир гана маанини билдирген сөздөр татаал сөздөр болот. Татаал сөздөр өз ара кош, кошмок, кыскартылган болуп үчкө бөлүнөт.

Кош сөздөр

Эки сөздөн туруп, бири-биринин маанилерин толуктап, бир гана маанини билдирет. Мисалы: анда-санда, сый-урмат, майда-чүйдө, ата-эне, толгон-токой, белек-бечкек, тамак-аш.

Кошмок сөздөр

Эки же андан көп сөздөн куралып, ар биринин өз мааниси бар. Бирок бири-бири менен айкашып келип, жаңы маанини туюнтат. Мисалы: Ала-Тоо, бала-бакча, боз-үй, ооз комуз, көз айнек, Ысык-Көл.

Кыскартылган сөздөр

Эки же андан көп сөздөрдүн баш тамгаларынан биригип жасалат. Мисалы: БШК - Борбордук шайлоо комиссиясы, БУУ - бирикке улуттар уюму, КР - Кыргыз Республикасы жана башкалар.

Сөз айкаштары

Сөздөр бири-бири менен маанисине жараша байланышып сөз айкаштарын түзүшөт. Сөз айкашы эки же андан көп сөздөрдөн турат. Мисалы: жети-сегиз кой, сабак окуу, жылуу үйдө, эрте туруу.

Сөз айкашында негизги жана багыныңкы сөз болот. Мисалы: Менин (багыныңкы) мектебим (негизги). Сөз айкашындагы сөздөр мааниси жана мүчөлөр аркылуу да байланышат.

Мааниси боюнча: жети-сегиз + кой, эрте + туруу.

Мүчөлөрдүн жардамы менен: ме-нин мектеб-им, сабак-ка келүү.

Ар кандай сөз түркүмдөрүнөн түзүлөт: сабакка (зат атооч) келүү (этиш), жылуу (сын атооч) үйдө (зат атооч), жети-сегиз (сан атооч) кой (зат атооч), менин (ат атооч) мектебим (зат атооч), эрте (тактооч) туруу (этиш).

Жайгаштыруу: 2020-04-07, Көрүүлөр: 58799, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-04-07, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу