Музыка
Музыкага байланыштуу макалалар
Сурнай. Этимологиясы, тарыхы, баяндалышы
Сурнай (сурна, азербайжанча жана түркчө zurna, курдча zirne, армянча զուռնա, грекче ζουρνάς, казакча сырнай, чувашча сарнай, сербче жана македонияча зурла) — Жакынкы жана Орто Чыгышта, Индияда, Орто Азияда, Кичи Азияда, Кавказда, Балкандарда, ошондой эле, Кыргызстанда жайылган кош таякчалуу, тилчелүү (чымылдагы) жыгач үйлөмө музыкалык аспап.
Керней деге эмне: баяндалышы, тарыхы
Керней (персче чоң най) — кыргыздын, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Ирандын жез үйлөмө музыкалык аспаптар тизмесине кирет.
Кыл кыяк
Кыл кыяк — кыргыздын байыркы улуттук кылдуу жана жаалуу аспабы. Кыл кыяк өрүктүн же жаңгак жыгачынан жасалат. Аспап эки топ кылдуу, жаасы бир топ кылдуу.
Кыргыз музыкалык аспаптары: тарыхы, тизмеси, баяндамалар
Кыргыз музыкалык аспаптары же улуттук музыкалык аспаптар — кыргыз элинин улуттук салтуу музыкалык аспаптары. Кээ бир аспаптар алгач тиричилик буюмдарынын кызматын аткарган, убакыттын өтүшү менен кыргыз элдик музыкалык аспапка айланган.
Электрондук музыкалык аспаптар: тарыхы, негизи, өндүрүүчүлөр
Электрондук музыкалык аспаптар (ЭМА) — үндү генерациялоо үчүн (анын ичинде сентездоо үчүн дагы), түрдүү электрондук схемаларды, алгоритмдерди колдонгон аспаптар. Мындай аспаптар, электрлик жана электрондук же аналогдук аудио белгилердин (сигналдардын) жардамы менен үндүн бийиктигин, катуулугун, жыштыгын же ар бир генерациялануучу кесиндини өзгөртө алат.
Клавишалуу музыкалык аспаптар: түрлөрү, тарыхы, түшүнүк
Клавишалуу музыкалык аспаптар — үн чыгаруусу клавишалар аркылуу башкарылуучу музыкалык аспаптар.
Урма музыкалык аспаптар
Урма музыкалык аспаптар — үнү кандайдыр бир термелүүчү капкак же бетке уруудан улам пайда болгон музыкалык аспаптар тобу. Хорнбостель — Закс системасы боюнча өзүнүн ичинен үч топчого бөлүнөт — мембранафондор, идиофондор (үнү өзү чыгуучу) жана хордофондор (кылдуулар). Мындай аспаптардын үнүнүн бийиктиги аныкталган же аныкталбаган болушу мүмкүн.
Тилчелүү музыкалык аспаптар
Тилчелүү музыкалык аспаптар — жалгыз же кош уруучу тилчеси бар үйлөмө же өзү үн чыгаруучу (идиофон) музыкалык аспаптар. Кеңири мааниде тилчелүү музыкалык аспаптарга уруучу металл тилчелери бар орган түтүгү жана тилчелери эркин өтмө аспаптар дагы кирет: гармоникалар, эрин органдар.
Кылдуу музыкалык аспаптар: баяндалышы, түрлөрү
Кылдуу музыкалык аспаптар — үн булагы кылдардын термелүүсү болгон музыкалык аспаптар. Хорнбостел-Закс системасында булар хордофондор деп аталат. Кылдуу музыкалык аспаптардын типтүү өкүлдөрүнө классикалык кыл кыяк, виолончель, альт, контрабас, арфа, гитара, ошондой эле комуз, домбура, укулеле, гусли, балалайка сыяктуу көптөгөн элдик аспаптар таандык.
Үйлөмө музыкалык аспаптар
Үйлөмө музыкалык аспаптар — музыка таануу терминологиясында жана өзгөчө аспап таануу (органология) чөйрөсүндө үйлөмө аспаптар термини аба мамычасынын термелүүсүнөн үндөрдү чыгаруучу музыкалык аспаптарды баяндайт.
Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.