Музыка
Музыкага байланыштуу макалалар
Гитара: тарыхы, түрлөрү, түзүлүшү, аксессуарлар
Гитара — кылдуу чертме музыкалык аспап. Музыканын көптөгөн стилдеринде жана багыттарында аккомпаниациялоочу же соло аспабы катары колдонулат.
Музыкалык жанрлар, багыттар, стилдер: түрлөрү, аталыштары
Музыкалык жанрлар — музыканын кайсы бир багытта, стилде, түзүмдө, ритмде, темадикада, маданий салтта же кандайдыр бир өзүнө гана таандык ыргакта аткарылышы. Музыкалык багыттын төрт түрү бар: элдик, рухий (диний), академиялык жана популярдуу (белгилүү) музыка. Ар бир багытка бир нече музыкалык жанрлар таандык, жана ар бир жанрда көптөгөн жанрчалар бар.
Кыл кыяк (Классика)
Кыл кыяк же классикалык кыл кыяк (англисче viola, орусча скрипка) — Gm D1 A1 E2 квинталары боюнча туураланган, төрт кылдуу жаалуу музыкалык аспап.
Жетиген музыкалык аспабы: тарыхы, аталышы, баяндалышы
Жетиген (жеткан, жетихан, чатыган деген аталышта дагы белгилүү) — жалпак арфаны элестеткен кыргыздын байыркы көп кылдуу чертме музыкалык аспабы.
Жыгач ооз комуз
Жыгач ооз комуз (жалпы аталышы — ооз комуз) — кыргыздын тилчелүү чертме музыкалык аспабы (идиофон).
Темир ооз комуз
Темир ооз комуз (кыскача — темир комуз, жалпы аталышы — ооз комуз) — темирден жасалган кыргыздын тилчелүү чертме музыкалык аспабы (идиофон).
Ооз комуз
Ооз комуз (орусча варган) — рамканын кызматын аткарган эки жаагынын ортосунда сөөмөй же жиптин жардамы менен тилчеси эркин термелген тилчелүү музыкалык аспаптын түрү (идиофон).
Добулбас: аспаптын баяндалышы, тарыхы
Добулбас, добул же доолбас (араб-иранча давылнуваз — доолчу [барабанчы], доол уруучу) — үстүңкү бетине, кээде астына дагы жаныбардын терисинен (төөнүн, пилдин, учурда көбүн эсе ири мүйүздүү малдын) мембрана тартылып, формасы цилиндр өңдүү кыргыздын байыркы урма музыкалык аспабы.
Чопо чоор
Чопо чоор — аты айтып тургандай эле чоподон жасалган, формасы сүйрү же тоголок сымал келип, бир учунда ичкерип кеткен оозу бар кыргыздын үйлөмө музыкалык аспабы. Алгач өлкөнүн түштүгүндө, Ош облусунда колдонулган, андан кийин Кыргызстандын бардык аймагына жайылган. Башка аталыштары: ылай чоор, ышкырык.
Сыбызгы: музыкалык аспаптын баяндалышы, тарыхы
Сыбызгы (башкырча һыбыҙғы, карачай-балгарча сыбызгъы, казакча сыбызғы — sybyzgy) — кыргыздын үйлөмө музыкалык аспабы. Узатасынан ачык болгон флейтанын түрү.
Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.