Музыкага байланыштуу макалалар
Аккордеон (французча — accordeon) — фортепиано түрүндөгү клавиатурасы бар тилчелүү музыкалык аспап.
Кларнет (итальянча clarinetto, французча clarinette, немисче Klarinette, англисче clarinet же clarionet) — бир тилчелүү жыгач үйлөмө музыкалык аспап.
Флейта (латынча flauta, аталыш flatus сөзүнөн — жел ыргагы, желдөө) — лабиалдуу (аба аспаптын башындагы атайын туураснын кеткен, айрыкча жалпак көзөнөк аркылуу үйлөнөт) үйлөмө музыкалык аспап.
Корнет (итальянча cornetto, французча cornet à bouquin, англисче cornett), же цинк (немисче Zink) — эски үйлөмө музыкалык аспап. Көбүнчө жыгачтан жасалчу, сейрек — пил сөөгүнөн. XV кылымдын ортосунан XVII кылымдын ортосуна чейин батыш Европада жайылган; гүлдөө мезгили — XVII кылымдын башы. Аутентизм кыймылынын жана орто кылымдык музыкага болгон кызыгуунун аркасынан корнет XX кылымдын аягында кайрадан белгилүүлүккө ээ болгон.
Корнет (немисче Kornett), корнет-а-пистон (французча cornet a pistons — жапкычтары [вентильдери] бар корнет) — помпалык (сейрек — бурма) жапкычтары (поршендери) бар жез үйлөмө музыкалык аспап.
Саксофон (французча Saxophone) — үн алуу негизи боюнча тилчелүү жыгач аспаптарга таандык үйлөмө музыкалык аспап.
Тромбон (итальянча trombone, түз мааниде «чоң түтүк», англисче жана французча trombone, немисче posaune) — бул европалык үйлөмө амбушюрдук (мүштөктүү) музыкалык аспап.
Валторна (немисче Waldhorn — токой мүйүзү, итальянча corno, французча cor, англисче horn) — тенор регистрындагы жезден, көбүнчө сары жезден жасалган үйлөмө музыкалык аспап.
Күү — кыргыз музыкалык аспаптарынын обондорунун, музыкасынын жалпы аталышы. Башкача айтканда, кыргыз музыкалык аспаптарындагы кайсы бир чыгарманын ойнолушу (кээде ыр менен коштолушу мүмкүн), кыргыз эл музыкасынын жана деги эле жалпы музыканын негизги элементи. Залкар күүлөр үн же ыр менен коштоболстон, башында сөз менен түшүндүрүлөт.
Концерт (немисче konzert италиянын concerto сөзүнөн — гармония, ырашкерлик, латынча concertare — таймашуу) — көбүнчө оркестрда бир же бир нече соло ойноочу аспаптар үчүн музыкалык чыгарма. Ошондой эле, оркестрсиз бир аспапка арналган концерттер, белгилүү бир соло партиясыз оркестрга арналган концерттер, оркестр менен үнгө арналган концерттер жана a cappella хорунун концерттери бар.