Дуэт (итальянча Duetto — эки, кош) — аспаптык коштоодогу эки аспап же эки үн үчүн түзүлгөн музыкалык ансамбль. Башка түшүнүктөрү, эки адамдын ырдоосу же кайсы бир чыгарманы аткаруусу.
Анча чоң эмес өлчөмдөгү дуэт — дуэттино аталып, ойлоп табуучусу катары Паоло Квалиотти саналат (XVII жүз жылдыкдын башы).
XIX кылымдын аягында дуэт көбүнчө бир тектүү же ар башка үндөргө арналган бир же бир нече аспаптын коштоосундагы вокалдык пьеса болгон.
Дуэттин ар бир үн партиясы өз алдынча мүнөзгө ээ. Аспаптык дуэттин формасы кеңири, вокалдык дуэттики — жөнөкөйүрөөк. Вокалдык дуэт өз алдынча концерттик номер катары жазылат же вокалдык-аспаптык чыгарманын курамына кирет мисалы, операнын.
Ошондой эле, дуэт деп эки адамдан турган каалаган артисттик жамаат дагы саналат: ырчылардын, музыкачылардын, бийчилердин, театр жана кино актёрлорунун дуэти. Өтө мааниде дуэт деп жалпы ишмердүүлүгү бар эки адамдан турган каалаган жамаат аталышы мүмкүн (мисалы, футбол чабуулчуларынын дуэти, бизнесмендер дуэти).