Бул жүнү кыркылбаган улакты союп, карчыганын кош канатын, кыр аркасын, бөйрөк майын албай, чалкасынан казанга салып бышыруу.
"Балгам" - илгерки асыл тамактардын бири. Жаш багылан кара козуну (болжолдуу 15-20 күндүк) союп, этин бээнин сүтү кошулган кымыранга (айрымдар кымызга) кайнатат. Кадимкидей сапырылып, чийкөбүгү алынат. Ак сорпого айланат. Арчанын отунун жагат.
Башка мусулман элдеринде жылкынын азык-түлүктөрүн анча барк алышпайт. Союшпайт, этин жешпейт. Анын да өзүнчө себеби бар. Кыргыз баласы анын этин, айрыкча ички эттерин ардактуу тамак көрүшөт.
Бул - козу-койдун куйругуна боорду аралаштырып, туздап, кабаттай кармап жеш. Боор бат бышкандыктан аны солкулдак чагында чыгарып алат. Куйрук жумуру болгондуктан анын ойдогудай бышышы үчүн бишкектеп да коет.
Чык - бул нарын эт берүүдөгү ар бир адамдын алдына чыныга куюлган сорпо. Этти ошол сорпого малып жейт деген түшүнүктү берет. Куйрук-боорго туз аралаш сорпо берүү, карта, жал, казынын кыртышын, чүйлүү этти ошол чыныдагы сорпого кесип, ирээти менен улуулата сунуп жешүү.
Бодонун этинен бешбармак - уйдун, топоздун жана төөнүн этинен да бешбармак жасалат. Аталган бодо малдын эти ширелүү келип, жагымдуу болот. Кесме, чык кошулса ансайын даамы артат. Бодонун эти көптө бышат. Бышканда чыгарып, табы кайтканда нарын тартып туурайт.
Жылкынын тууралган эти кыргызда өткөрө барктуу. Себеби, тууралган соң ал жегиликтүү, ары даамдуу болуп чыга келет. Камыр (кесме), чык кошулса ого бетер даамына чыгат. Анан калса аны тууроо да алда канча оңой.
"Ак дөбө" - нарындардын эски түрү болгон ак дөбө төөнүн этинен гана жасалган. Төөнүн чучуктуу жиликтеринен чагып (тең бөлүп) салып, бышканда сулп этин туурап, ага тууралган пияз кошуп, чык куюп, аралаштырып, үстүнө сөөктүн чучугун үймөлөп салып, дасторконго коёт.
"Нарын" (бешбармак) кыргыз калкынын эзелтен бери жеп келаткан эски, кадырман тамактарынан. Ал тууралуу жомоктордо, эпостордо жана элдик ырларда небир сонун фольклордук маалыматтар бар. Нарын - туураган эттен болот.
"Устукандар" аш, той берип же мейман күтүүдө тамак берүү салтынын эң бийик жери устукан тартуу. Аны союш сойгон учурда берет. Туздаган же сүр эттен да устукан болгону менен союш союлгандагы мааниге жете бербейт.