Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз тамак-аштары

Ысык тамактар

Кыргыз оокаттарынын адемиси да, абзели да, сыймыгы да, чүйгүнү да - "ысык тамактар". Биздин улуттук тамактануубузда, бөтөнчө ысык оокаттарда өтө орчундуу орунду ээлеген - эт.

Түймөч кылуу

"Түймөч кылуу" Күз башынан ойдогудай семиртилген малды союп, этин чыпчыргасын коротпой, кардына шыкай салып, (кичине туз кошуп), муздак жайга тоңдуруп коюп, жазда, үзүмчүлүктө (узун сарыда) ачып, тамак кылып оокаттануу.

Сайсагызган

"Сайсагызган" сайда экен, сан жылкы колхоз байда экен... деген ырды угабыз. Сайсагызган жаны жай албаган, боз таркылдактын көлөмүндөй куш - дейт. Бул Таласта, Кетмен-Тободо, Чаткалда, Алай-Куу тарапта кездешет.

Жапма челек

Байыркы кыргыздарда "Жапма челек" бул жашырып, башкаларга көрсөтпөй, ичкен тамак катарына кирген десек да ашык болбос. Илгери кыргыз эли көчмөн абалда жашаган кезде буудай, арпа аз эгишчү, ошондуктан эгин тартыш

Ак кодол

Экинчи күч бере турган өсүмдүк - "ак кодол". Мунун тамырын кымызга салып да ачытат. Дарылык касиети да бар.

Кучала

"Кучала" деген эмне? "Кучала ичтиң беле?", "күчаладай күчү бар" өңдүү сөздөр айтылат. Күчала - күч аласыз деген түшүнүк. Ал - тамырлуу өсүмдүк. Өзү топчудай тегерек көрүнөт.


Тай эти

"Тай эти" күчтүү, тамак катары белгилүү. Дарычылык катары, териси адамдарды түтөктөн сактайт. Мурундан кан түтөктөгөндө мурунду ат жалынын алдына катып, бир аз тер менен дем алып турганда мурун каны басылат, дароо адам өз абалына келип, чыйрала түшөт.

Кул азык

"Кул азык" б. а. берекелүү ток азык, көпкө бузулбаган жеңил жагымдуу азык. Байыркы көчмөн турмушта, жашоо жакадан, бөрү этектен алып турган тынчы жок заманда кыргыз эли турбастан, улам конуш оодара берген.

Милдеттүү тамак

"Миледетүү тамак" уюшуп тамак ичүүнүн бир түрү, тактап айтканда, ал бересе тамак. Бирөөдөн сый көрөсүң. Атайын кадырлап чакырып, тамак берет.

Кыргыздын улуттук тамак аштары

"Кыргыздын улуттук тамак аштары" дасторконуна жайылып, берекелүү, даамдуу жана экологиялык жактан тазалыгы менен башкалардаы айырмаланат.