Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балгам

Баш барак | Кыргыз тамак-аштары | Балгам
"Балгам" - илгерки асыл тамактардын бири. Жаш багылан кара козуну (болжолдуу 15-20 күндүк) союп, этин бээнин сүтү кошулган кымыранга (айрымдар кымызга) кайнатат. Кадимкидей сапырылып, чийкөбүгү алынат. Ак сорпого айланат. Арчанын отунун жагат.

Кичине "бүлк-бүлк" этип кайнап жаткан жерине дембе-дем жаңы саалган бээнин сүтүнөн куят. Куюп, арчанын жыгачы менен аралаштырып отуруп эт өз табында узак убакыт кайнайт. Болжолдуу таңды атырып, күндү батырат. Жаш багыландын сорпосу соолот, эти шылынат. Сөөгү да балыктыкындай жумшарат. Илгери билермандар, журт башчылары муну атайын каадалуу, баалуу тамак катары бышыртып жешкен. Баамыбызда, "балгам" - балжуурандай, балдай таттуу деген сөздөн калса керектир деп таңсык кылышат.
Жайгаштыруу: 2017-08-30, Көрүүлөр: 1029, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-30
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо