"Ак дөбө" - нарындардын эски түрү болгон ак дөбө төөнүн этинен гана жасалган. Төөнүн чучуктуу жиликтеринен чагып (тең бөлүп) салып, бышканда сулп этин туурап, ага тууралган пияз кошуп, чык куюп, аралаштырып, үстүнө сөөктүн чучугун үймөлөп салып, дасторконго коёт.
Жилик ысык кезинде чучугун табакка силкип алып, тоңуп кетпес үчүн жылуу жерге коё турган жакшы. "Ак дөбө" майлуу болгондуктан куршуган айранга азыраак гана шорпо кошуп, ак серке жасап берген оң. Улуттук сый оокаттын эң абзели болгон бешбармактар нарындан бөлүнүп чыгып, өз алдынча оокат катары калыптанган. Ошондуктан, аны ушул күнгө чейин айрым карыялар кесме-нарын, нарын деп коюшат. Эзелки оокат нарындын түздөн-түз баласы болгон бешбармактардын жасалыш ыкмасы (технологиясы) негизинен нарынга окшош болгону менен ага сарпталуучу азыктардын курамы көбөйүп, рецептик нормалары өзгөрүп кеткен.
Дан, эт, жашылча сыяктуу ар түркүн азыктардын айкалышынан улам жаңы сапатка көтөрүлүп, азыркы кыргыз дасторконунан туруктуу орун таап, биротоло эң кадырлуу сый оокатка айланды. Ырас, нарынга камыр, кесме кошуу илгертен бери эле болуп келген. Бирок, аларды нарын дешкен. Себеби, алардын негизи тууралган эт эле. Беш бармак деп кечээ отузунчу жылдардын башында гана атала баштаган. Адегенде, кол менен жегенин тамашалап, мыскыл иретинде бешбармак дешсе, кыркынчы жылдары бул тамашалуу ат мүлдө кыргызга тарап кетет.
Кошул-ташыл даамы жагып, заты да, азилдүү аты да жалпы кыргызга тез жайылган бул оокат 30-40-жылдын беделинде элибиздин тиричилигине терең сиңип, аты адабий тилибизге биротоло кирип кетти. Азыр, анын мыскылдуу атынын алгачкы мааниси деле унутулуп калды. Улуттук тамак-аштардын катарынан кадырлуу орун алган бул адеми оокатты элибиз жалпы жонунан беш бармак деп атап коюп, үйдөн анын эң эле көп түрүн жасап жейт. Айрым бир республикабыздын ресторандары, кафелери жана ашканалары "Ак дөбө" да жасап жүрүшөт. Даамын, сапатын жакшыртуу үчүн аркыл коруш кошуп, бешбармактын артынан ак серке берүү сыйкечтик жакшы нарк.