Күндөр
Кыргызстан майрамдары, белгилуу даталар, бардыгын ушул бөлүмгө жайгаштырдык.
27-январь Эл аралык Холокост курмандыктарын эскерүү күнү
Жыл сайын 27-январда бүткүл дүйнөлүк Холокост курмандыктарын эскерүү күнү болуп саналган "Эл аралык Холокост курмандыктарын эскерүү күнү" (International Holocaust Remembrance Day) белгиленет. Бул күн 2005-жылдын 1-ноябрында БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 60/7 резолюциясында бекитилген.
Масленица майрамы
Масленица — ар кандай оюн-зоок, көңүл ачуу менен коштолгон орустардын шаңдуу майрамы. Тамакты тоё жеп, шарап ичип, андан кийин бири-биринен кечирим суроонун күнү. Улуу орозого даярдык болуп саналган диний майрам. Күн кудайы Ярилеге сыйынуучу бутпарастыктын жөрөлгөсү катары кароого болот.
Бүткүл дүйнөлүк китепти белекке берүү күнү
14-февраль бүткүл дүйнөлүк китепти белекке берүү күнү — маданий, агартуучулук иш-чара. Жыл сайын дүйнө эли, анын ичинде Кыргызстанда 2012-жылдан тарта китеп берүү күнү белгиленет (International Book Giving Day). Белгилүү дата балдарга, чоң кишилерге китеп бергендерди, бириктирип, китепке болгон сүйүүнү арттырат.
1-октябрь эл аралык карылар куну
Эл аралык карылар күнү — 1991-жылдын 1-октябрынан тарта белгиленип келүүчү карыларга арналган күн. БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 45-сессиясында жарыяланган (Резолюция № A/RES/45/106 1990-жыл, 14-декабрь).
31 август эгемендуулук куну: баяндалышы, тарыхы, фактылар
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнү (Официалдуу — Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү) — Кыргызстандын улуттук майрамы.
5-июнь айлана чойрону коргоо куну
Бүткүл дүйнөлүк "айлана чойрону коргоо куну" БУУ тарабынан кабыл алынып жыл сайын 5-июнда белгиленет. Бул күн экологдор, табиятты коргоочу уюмдар үчүн дүйнө коомчулугунун көңүлүн табият көйгөлөрүнө буруу үчүн эң жакшы күн.
5-май конституция күнү: баяндалышы
Конституция күнү — Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынган күнү, жыл сайын 5-май күнү белгиленет, башкача айтканда өлкөнүн баш мыйзамынын туулган күнү. 5-май конституция күнү кандай пайда болгонун билип алалы.
8-март аялдардын эл аралык майрамы: тарыхы жана фактылар
8-март аялдардын эл аралык майрамы, башкача айтканда эл аралык аялдар күнү - аялзатынын саясат, экономика, социалдык чөйрө тармактарында жетишкендиги белгиленип, планетадагы аялдардын мурункусу, азыркысы, келечеги майрамдалат.
5-Март — Ак Калпак күнү: тарыхы, авторлор, даталар
Ак калпак күнү — Кыргызстанда калпак баш кийимине арналган, жыл сайын 5-мартта өткөрүлүүчү майрам. Жогорку Кенештин (https://kenesh.kg/kg) 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү жалпы маалымат
7-8-ноябрь Кыргызстанда официалдуу түрдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү жарыяланып, буга тиешелүү Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгына 2017-жылдын 26-октябрында кол коюлган.
Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.