Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

27-январь Эл аралык Холокост курмандыктарын эскерүү күнү

Баш барак | Күндөр | 27-январь Эл аралык Холокост курмандыктарын эскерүү күнү

Жыл сайын 27-январда бүткүл дүйнөлүк Холокост курмандыктарын эскерүү күнү болуп саналган "Эл аралык Холокост курмандыктарын эскерүү күнү" (International Holocaust Remembrance Day) белгиленет. Бул күн 2005-жылдын 1-ноябрында БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 60/7 резолюциясында бекитилген.

1945-жылдын 27-январында Освенцим нацисттик концлагериндеги туткундарды совет аскерлери тарабынан бошотулушунун 60 жылдыгына арналган отурумун БУУнун Генералдык Ассамблеясы 1 мүнөт эскерүү мүнөтүнөн баштаган. Освенцим убагында анда айрым эсептөөлөр боюнча 1,5 миллиондон 4 миллионго чейин адам курман болгон.

Отурумду БУУнун 7- Генералдык катчысы Кофи Аннан ачып, азыркы жана келечектеги муундарды фашизм коркунучунун кайталануусуна жол бербөөгө чакырган.

"Бүгүн биз Холокост курмандыктарын, нацизмди жеңген союздук күчтөрдүн аскерлерин жана башка адамдарды сактоо үчүн тобокелге барып, керек болсо өз өмүрүн курмандыкка чалган эр жүрөктөрдү эскерип жаткан күн", - деп айтты Аннан. Ал кошумчалагандай, "биз антисемитизмдин кайра жаралуу учурларына кайдыгер карабай, анын жаңы түрлөрүнө даяр болуубуз керек. Бул милдетти биз еврей элинин алдында эле эмес, мындай тагдыр коркунуч туудурган же туудурушу мүмкүн болгон элдер алдында алып жүрөбүз. Биз кайсы жерде пайда болбосун, жек көрүү, басмырлоо идеологиясын көз жаздымда калтырбашыбыз керек.

Кофи Аннандын каалоолоруна Израиль мамлекетинин премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Сильван Шалом жооп берди. Ал трибунадан өлүм лагеринен 60 жыл мурда туткундарды бошоткон союздук аскерлерге ыраазычылык сөзү менен кайрылган.

"Гитлерге каршы коалициянын мамлекеттеринин боштондук аскерлери жакшы иштерге жөндөмдүү экенин көрсөттү. Башкалардын азап чегүүсүнө кайдыгер карабай ырайымдуулук кылышты. Калптын алдында алар тайманбастыкты жана чечкиндүүлүктү көрсөтүштү",- деп айтты.

Сессияга катышып жаткан Германия Федеративдүү Республикасынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Йошка Фишер демократиялык Германия гитлердик режимдин коркунучтуу кылмыштарына алып келген немистердин мурунку муундарынын кайра оңдоого мүмкүн болбогон каталарынан сабак алгандыгын айткан.

"Биздин өткөн мезгилибиз бизден антисемитизм, ксенофобия, сабырсыздык менен аёосуз күрөшүүнү талап кылат",- деп айткан Фишер.

Сессияга саясатчылар эле эмес, нацисттердин кыйноосун өз жон териси менен сезген адамдар да чакырылган. Ошондуктан, иш-чара чындыгында эле тарыхый болгон. Белгилүү болгондой, мындай отурумду өткөрүү Израиль, АКШ, Орусия, Европа биримдигинин жана башка мамлекеттердин узакка созулган дипломатиялык аракеттери аркылуу мүмкүн болуп, мындай иш-чараны өткөрүүнү 156 мамлекет колдогон.

БУУнун Генералдык Ассамблеясы мүчөлүккө кирген мамлекеттерди Холокост сабагы кийинки муундун эсинде сакталып, келечекте геноцид актыларына жол бербөө максатында пайдалуу программаларды иштеп чыгып, өткөрүүгө чакырган.

Дүйнө жүзүнүн көп мамлекеттеринде геноцид курмандыктарына арналган эстеликтер, музейлер бар, аталган күнү бул жерде аза күтүү салтанаттары, түрдүү эскерүү иш-чаралары жана акциялар өтөт.

Освенцимде да бул күнү эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт. Азыркы учурда лагерь бардыгы үчүн ачык.

Жайгаштыруу: 2020-01-22, Көрүүлөр: 1017, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-01-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу