Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бүткүл дүйнөлүк китепти белекке берүү күнү

Баш барак | Күндөр | Бүткүл дүйнөлүк китепти белекке берүү күнү

Бүткүл дүйнөлүк китепти белекке берүү күнү

14-февраль бүткүл дүйнөлүк китепти белекке берүү күнү — маданий, агартуучулук иш-чара. Жыл сайын дүйнө эли, анын ичинде Кыргызстанда 2012-жылдан тарта китеп берүү күнү белгиленет (International Book Giving Day). Белгилүү дата балдарга, чоң кишилерге китеп бергендерди, бириктирип, китепке болгон сүйүүнү арттырат.

БУУ же башка коомдук уюмдар тарабынан бекитилген белгилүү күндөр, андан тышкары мамлекеттик, диний, профессионалдык жана башка майрамдар бар. Кандай болсо булардын ар бири өзүнүн тарыхына ээ.

Китеп берүү күнү китептин глобалдуу маанилүүлүгүнүн натыйжасында эмес, ал адам баласы пайда болгондон баштап аны коштоп, элдик нарк болгонуна байланыштуу. Ал эми майрамдын негиздөөчүсү америкалык Эмми Бродмур, АКШдагы балдар китептери сайтынын негиздөөчүсү.

Эмминин баласы күндөрдүн биринде апасынан сураптыр: "Апа, эмне үчүн адамдар бири-бирине жөн гана китептерди белек кылбайт?", ушул суроо эмминин китеп беруу кунун түзүүгө түрткү болгон. Алгач Эмми 2012-жылы өзүнүн интернеттеги досторуна, кесиптештерине айтып, 14-февралды китеп берүү күнү деп демилгелеген.

Кичинекей баланын суроосу, энесинин демилгеси жана тайманбастыгын миллиондогон дүйнө элдери колдоп, бул күндүн Дүйнөлүк макамын алууга түрткү болгон.

Бул күнү китептерди белекке берүү кабылдаган, жана биринчи кезекте балдарга, ошондой эле тигил же бул себептердин натыйжасында китепке мүмкүндүгү жокторго берилет. Бирок китепти чоң кишилер дагы жакшы көрөт эмеспи. Ошондуктан муну түшүнгөн, китепти материалдык эмес, жан дүйнөлүк баалуулук катары кабыл алып, автор тартуулаган сезимдерди жана эмоцияларды түшүнүп, жөнөкөй адамдарга, китепканаларга, деги эле китепке муктаждарга беришет.

"Китепти белекке берүү күнү" аркылуу балдар китептен боорукердикке, досттукка, өз ара көмөктөшүүгө, сүйүүгө, санаалаш болууга, деги эле баланын чыныгы инсан болуп калыптанышына пайдасы зор.

Бүгүнкү күндө бул майрамдын идеялык авторлору өзүнүн максатына жетти десек болот. Китеп дагы деле ар адамга пайдалуу, сүйүктүү, 14-февраль күнү болсо "эл аралык" деген макамды алып жүрүүдө.

Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк китеп берүү күнүнө катардагы жарандардан тышкары көптөгөн китепканалар, китеп дүйкөндөр, интернет сайттар, кайрымдуулук фонддору кошулууда.

Майдамдын негиздөөчүлөрү китепке аяр мамиле жасап, технологиялардын өнүккөн мезгилинде дагы китепке жетпей жүргөн балдар, адамдар бар экенин айтышат. Кээ бири жакырлыктын айынан, экинчиси турмуштун татаал абалынан, түрдүү социалдык себептердин аркасында китеп алууга мүмкүндүктөрү жок.

Кыргызстанда канчалаган балдар үйлөрү, интернаттар, ооруканлар бар, ал жакта ата-энеси таштап кеткен наристелер аз эмес. Ушул сыяктуу мекемелерге окулган же такыр окулбаган китептерди белек кылуу адал иш го.

Кымбаттуу окурман, "китепти белекке берүү" күнү тууралуу толуктап коюуучу асыл ойлор болсо тартынбай пикир жазуу формасына жазып койгулачы,интернеттеги кыргыз маалыматтарын бирге байыталы.

Жайгаштыруу: 2019-12-03, Көрүүлөр: 5049, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-24
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо