Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Масленица майрамы

Баш барак | Күндөр | Масленица майрамы

Масленица — ар кандай оюн-зоок, көңүл ачуу менен коштолгон орустардын шаңдуу майрамы. Тамакты тоё жеп, шарап ичип, андан кийин бири-биринен кечирим суроонун күнү. Улуу орозого даярдык болуп саналган диний майрам. Күн кудайы Ярилеге сыйынуучу бутпарастыктын жөрөлгөсү катары кароого болот.

Масленица майрамы

Кыш мезгилин узатуу (февраль айынын ортосунда), самандан жасалган Маслёна каракчысын өрттөө менен коштолот… Заманбап элге Масленица эмнени билдирет экенин изилдеп, ар кандай пландагы жоопторду алдым. Жалпысы бир гана нерсе болгон: бардыгы куймак бышырышат.

Кичине кезибизден белгилүү болгон, бирок адамдар тарабынан ар түрдүү тозулган бул кандай майрам?

Масленицаны майрамдоонун тамырын, салттарын табуу үчүн майрамдын жаралуу тарыхына кайрылалы.

Масленица кайдан чыккан?

Масленица - байыркы славян элинин элдик майрамдарынын бири. Дагы бир аты - Комоедица. «Ком» — кургатылган жер — жемиштер, жаңгак кошулуп, сулунун, буурчактын, арпанын унунан жасалган нан. Нанды Масленицанын акыркы күнү жешкен. Майрам жазгы күн менен түн теңелген күнгө (22-март) бир жума калганда башталып, эки жума майрамдалган. Бул убакыт бою Күндүн белгиси болгон куймакты бышырышкан. Куймакка майды кенен сүйкөп, ысык бойдон тартуулашкан, кар күндөн эриген сыяктуу, май ысык куймакта эриген.

Мындан сырткары, "ком" деп байыртадан Русь мамлекетинин белгиси болгон аюуларды да аташкан. Кышкы уйкудан ойгонуп, жаз эрте келиши үчүн жаздын белгиси куймактын биринчисин аюуга алып барып беришкен. Жада калса макал бар:

Биринчи куймак - аюуга,
Экинчиси - тааныштарга,
Үчүнчүсү - туугандарга,
Төртүнчүсү - мага.

Андыктан, "Биринчи куймак жашкы болбой калды" (Первый блин комом") эмес, "Биринчи куймак - аюуларга" ( "Первый блин комам") дешет. Куймакты бышырганды билбегендердики гана топтошуп калат эмеспи!

Русь мамлекети христиан динин кабыл алганда "Масленица майрамы" Улуу орозого бир жума калганда белгиленген, андыктан, Пасха майрамына көз каранды болуп, жыл сайын майрамдоо күнү өзгөрүп турган.

Масленицанын чиркөөлүк аталышы - Сырная седмица. Бул убакыт аралыгында сүт азыктарын, жумуртканы, балыкты жегенге уруксат берилип, эттен кармануу сунушталат. Башкача айтканда, Улуу орозого (карманууга) даярдык болуп эсептелет. Майрамдын мааниси - достор, туугандар менен жакшы нерселер тууралуу кенен-кесири сүйлөшүү. Майрам «кечирүү жекшембиси» менен аяктайт.

Пётр 1-нин убагында Масленицаны европалыктардай майрамдоо башталган: күкүнүчтүү бийлер, оюндар, италиялык карнавалдагыдай кийинип алып жөө жүрүш жасоо, маанайшат орун алган. Майрамдоо "бардык маскарапоздордун, бардык мастардын, бардык акылынан ажырагандардын чогулушу" деп аталган. Масленицаны мындай "шайтандык" маанайда майрамдоо дээрлик отуз жыл аралыгында жүргөн.

Мына ушундай көңүл ачуулардан заманбап Масленица майрамы түптөлүп өскөн.

Масленицанын үрп-адаттары жана салттары

Масленицанын булактарын изилдеп чыккан соң, эми үрп-адаттарын жана салттарын карап көрөлү.

  1. Күндүн белгиси болгон куймакты бышыруу. Муну даярдоодо адамдар жан дүйнөсүн кошкон. Куймакты жеген адамдарга жылуулук тартуулоо үчүн камыр жакшы маанай, ак ниет менен ийленген.
  2. Кардан жасалган сепилди алуу салты. Бул Жаңынын (жылуулук күчү) жана Тең салмактуулуктун (суук күчү) күрөшү. Тең салмактуулукту билдирген аялдар сепилдин үстүндө жайгашышып, бутактардан жана самандан жасалган Кыш мезгилинин белгиси болгон Марена кудайын коргошкон. Жаңынын белгиси болгон эркектер сепилди алып, Маренаны кууп чыгуулары керек болгон, бирок дароо биринчи аракетинен эмес, үчүнчүсүнөн. Бул үч күчтүн биримдигин билдирген. Алгачкы эки жолку аракетинде эркектер акылдуулук кылып, кыздардын кандайдыр бир буюмдарын тартып алуу аракети менен артка чегинишкен. Акыркы, үчүнчү аракетинде гана Жаңынын күчтөрү жеңип, Марена- Кышты отко өрттөө үчүн алып жөнөшкөн.
  3. Аюуну ойготуу ырымы. Жолдо баратып, адамдар "Аюунун чээнинин" жанынан өтүшүп, аны ойготуп, биринчи куймак менен сыйлашкан. "Ком" аюунун ойгонуусу бүткүл жаратылыштын ойгонуусунан, жаз мезгилинин келишинен кабар берген.
  4. Самандан жасалган каракчыны өрттөө, кыш мезгилин өзүнүн жашаган муз сарайына узатуу болуп саналат. Адамдар үйлөрүндө алдын ала чоң каракчыга окшогон кичинекей куурчактарды жиптен, чүпүрөктөн, кагаздан, жыгачтан жана самандан фигураларды - чымчыктарды, гүлдөрдү, жылдызчаларды даярдап, аларга арыла албай жүргөн жаман буюмдар салынган. Качан Масленицанын акыркы күнү Кышты өрттөө жөрөлгөсүндө, отко өзүлөрү жасаган фигураларды, ар кандай кайгы-капаны, ооруларды өрттөп жатабыз дегенсип ыргытышкан. Дагы бир маанилүү учур. Христиан дини келгендигине байланыштуу майрамдоо күнү кээде февраль айынын башына туура келген. Кар эригенге эки ай калган учурда Кышты өрттөө ырымы орунсуз болгон. Орус эли өзүнүн амалкөйлүгү менен бул дал келбестикти оңдоп, каракчыны (чучело) Маслёна деп атап, аны өрттөө Масленицанын бүтүшүнө жана Улуу орозого багышталган.
  5. Отту тегеренип ырдап-бийлөө. Каракчынын айланасына от жагууда өрт жакшы күйүүсү үчүн кол кармашып отту айланып, " Жалындап күй, жалындап күй, өчүп калба " деп ырдашкан. Ырдап-бийлеген адамдар ар кандай оюн-зоокторду көргөзүшүп, төрт сап ырларды айтышкан. Масленица жумалыгында куймактар өтө көп жасалган.
  6. Андан кийин бардыгын май менен бал кошулган куймак, акшак кисели, түрдүү даамдагы нандар, чөптөрдөн жасалган чайлар жана башка азыктар коюлуп, элдер дасторконго чакырылган.

Масленицаны майрамдоонун салттары мына ушундай.

Куймак

Масленица бүгүнкү күндө

Акыркы убакта бул салттар кайра жанданууда. Кыргызстандын шаарларында жана айылдарында орус улутундагы калк Масленица жумалыгы бою куймак бышырып, бири-биринин үйлөрүнө мейманга барышат. Масленицанын акыркы күнү массалык түрдө ат үстүндө жүрүштөр, шаңдуу оюн-зооктор, спорттук жарыштар, активдүү кышкы оюндар менен коштолот.

Ар кандай таттууларды жана элдик колго жасалган буюмдар сатылуучу жарманкелер ачылат. Кол өнөрчүлөр өзүлөрүнүн жасаган буюмдарын чыгарышат. Бул жерде колго түйүлгөн баштыкчалар, чопо идиштер, орус улуттук жоолуктары жана башка нукура орус улутунун кооз буюмдары коюлат. Ар бир адам жакындарына жана өзүнө белек сатып ала алат.

Масленицанын белгиси болгон кичине азем белектерди үйдөн жасоого жетишпей калгандар, ошол жерден сатып алса болот. Адам бул буюмдарга өзүнүн болгон кайгы-муңунун баарын багыштап туруп, Маслёна каракчысын өрттөө үчүн жагылган отко ыргытуу жолу менен бул жылы бөөдө кырсыктан арылуу жөрөлөгөлөрүн жасашат.

Самоордун жанында таттуу токочтор менен чай ичүү сөзсүз түрдө өтө турган нерсе. Анан, албетте, ар кандай таттуулар кошулган куймактар менен сыйлоо. Май, кызыл икра, бал - бул Масленицанын кичинекей бөлүгү гана.

Бул майрам көптөгөн өлкөлөрдө болсо да, Орусиядан башка эч бир жерде мындай кенен белгиленбейт! Ошондуктан, ар кайсы мамлекеттен келген туристтер дал ушул Орусия Масленицасына катышуүга аракет жасашат, мына ушундай "Масленица майрамы".

Жайгаштыруу: 2020-01-12, Көрүүлөр: 2103, Өзгөртүлгөн: 2024-02-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо