7-январь күнү Кыргызстандын миллиондон ашык христиан жарандары Иса пайгамбардын туулган күнүн (Рождество Христово) белгилешет.

1 декабрь спидке каршы кун

Жыл сайын 1 декабрь спидке каршы кун белгиленет. Саламаттыкты сактоо жана маалыматта болууну жогорулатуу, оорудан каза болгондорго сый-урмат көрсөтүү маселелери менен байланышкан, ошондой эле даарыланууга жана алдын алууга мүмкүндүк алуу жетишкендиктерин белгилөө үчүн, бул күн эл аралык күндөрдүн бирден-бир маанилүүсү болуп калды.

Коргонуу спорттук-техникалык уюмунун куну

Ноябрь айынын акыркы жекшембисинде Кыргызстанда коргонуу спорттук-техникалык уюмунун кызматкерлеринин куну белгиленет. Бул күн Кыргызстандын коргонуу спорттук-техникалык уюмунун борбордук кеңешинин президиумунун токтомун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1995-жылдын 24-ноябрындагы №508 токтомунун негизинде кабыл алынган.

Прокуратура кызматкерлеринин куну

Жыл сайын 22 ноябрь күнү Кыргызстанда прокуратура кызматкерлеринин куну белгиленет. Бул күн Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 25-июлундагы №456 токтомунда прокуратура кызматкерлеринин мыйзамдуулукту, укуктуулукту камсыз кылуудагы, жарандардын укутарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кыргыз өлкөсүндө коргоодогу жүйөлүү салымын эске алуу менен кабыл алынган.

Кыргыз киносунун куну

1994-жылдан бери 17-ноябрь Кыргызстанда кыргыз киносунун куну, кинематографисттеринин профессионалдык майрамы белгиленет. Бул майрам кыргыз элинин мадания жашоосундагы киноискусствонун маанисин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 13-сентябрындагы №695 Токтомунун негизинде кабыл алынган.