Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

1-октябрь эл аралык карылар куну

Баш барак | Күндөр | 1-октябрь эл аралык карылар куну
Эл аралык карылар күнү — 1991-жылдын 1-октябрынан тарта белгиленип келүүчү карылар күнү.

Карылар күнү коом үчүн маанилүү, улгайган адамдарга арналган майрамдын тарыхы, салттары, Мекенибизде кандай майрамдалат, кандай иш-чаралар жүргүзүлөт ушул макаладан окуңуз.

1-октябрь эл аралык карылар күнү

Тарыхы

Алгач мындай майрамды белгилөө 1970-жылы жер калкынын картаю маселесин изилдеген адистердин оюна келген. Бирок Эл аралык статусту 1990-жылы ээ болгон. 1990-жылдын 14-декабрында БУУнун генералдык ассамблеясы өзүнүн 45/106 резолюциясында "1-октябрь эл аралык карылар күнү" деп токтом кылган. Токтомдун максаты: карылардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.

Алгач бул датаны Европада, андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аягында бүт дүйөн белгилей баштаган. 1-октябрь күнү көптөгөн өлкөлөрдө түрдүү фестивалдар, майрамдар, акциялар жүрөт. Мунун баары улгайган адамдардын укуктарын коргоо, аларга көмөк көрсөтүү үчүн жасалат. Өкмөттүк эмес уюмдар ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп, радио жана теле берүүлөрдө карылардын көйгөйлөрүн чагылдырышат.

Айтып коюуу керек, жыл сайын бул иш-чарага БУУ тарабынан белгилүү бир тема белгиленет. БУУнун маалыматы боюнча дүйнө калкынын курамы өзгөрүп кеткен, 1950-2010-жылдар ичинде жалпы жашоонун узактыгы 46 жаштан 68 жашка узарган, жана келечекте бул көрсөткүч 81 жашты түзөт деген божомолдор бар. Учурда дүйнөдө 60 жаштан ашкан адамдардын орточо саны 900 миллион болуп, 2050-жылы 2 миллиардга жетиши мүмкүн, башкача айтканда дүйнө калкынын 20%. Анын үстүнө адистердин божомолуна ишенсек 2050-жылы 60тан ашкан адамдардын саны балдардан ашып кетет экен.

Мунун баары кары адамдардын көйгөйлөрүнө, муктаждыктарына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы чыгат. Андан тышкары улгайган адамдар коомго маанилүү моралдык, этикалык оң таасирин тийгизет эмеспи. Албетте, эгер карыларга тиешелүү шарттар түзүлсө. Мунун негизинде адам укуктары маанилүү ролду ойнойт.

Өкмөттүн, өлкөнүн, жарандардын, ар бир адамдын жардамы менен карылар көйгөйүнө көңүл бурсак, адамдар узак жашабастан, алардын жашоосун сапаттуу, толук кандуу, бакыт алып келе тургандай болот. Айтылгандар ар бир адамга тиешелүү, анткени ар бирибиз улгаябыз.

Адамдын сөзү карыбайт

Ата-эне жана сый урмат

Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген ата-энелер. Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый урмат жасоо ар бир адамдын милдети болсо керек. Карылар көптү көргөн, көсөм адамдар десек жаңылышпайбыз. Кыргызда сөз бар го "ата-энеси бар адам, эң бактылуу адам", "ата-энеңди көзү барда сыйлай бил" дегендей. Ата-эне жаш болсо да, барыбир улгаят, ал гана эмес биз дагы улгаябыз, ошондуктан ата-энени сөз менен эмес, иш-аракет, ак эмгегиңер менен сыйлай билгиле. Карынын батасын алган адам эч качан кор болбойт эмеспи, карынын батасын алгыла.

Кары адамдарга ким сый-урмат көрсөтсө, ал сөзсүз кийин кайтат. Карыны сыйласаң абийир табасың деп бекеринен айтылбаса керек. Кыргызда ушул сыяктуу накыл сөздөр, макалдар абдан көп, макалдар не деген жылдар бою келаткан сөздөр. Кары кебин капка сал - деген макалды карасак, бул жакта кары адамдын акылы терең, көптү көргөн көсөң катары түшүндүрүлөт.

Турмушта терс көрүнүштөр дагы аз эмес, көбүн эсе батыштын кинотасмаларында тескери тарбия берген учурлар аз эмес. Аны кээ бир эси жоктор көрүп алып, туурашып, кары адамдарды кандайдыр бир тоскоолдук катары ойлошот. Билесинерби, кары адамдар, чоң эне, чоң ата качандыр бир убакта силердей жап-жаш болушуп, бирок биздей жакшы турмушта жашаган эмес. Ошого карабастан алар кайратын жоготпой, оорчулукка чыдап, балдарына татыктуу тарбия берип, кээ бирлери Мекен үчүн канын төккөн. Ар бир улгайган адам ардактуу адам.

Карылар көйгөйлөрү

Карылар күнү түрдүү уюмдар мындай адамдардын көйгөйлөрүн дагы четте калтырбайт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан пенсия курагына жеткен адамдар кары адамдар деп эсептелинет. Бул мезгилде адамдын жашоо активдүүлүгү төмөндөп, өз күчүнө ишенүү азаят. Жумуштан башка нерсеге кубана албаган (көңүл ачалбаган) адамдар өзгөчө оорчулуктарды тартышат.

Эмгекке жарамдуулук болбой калганда түрдүү көйгөйлөр жаралат, биричи эле финансылык көйгөй, карыларга керектүү товарларды, кызматтарды, дары-дармектерди сатып алууга акчасы жетпей баштайт. Албетте, көпчүлүк адамдар пенсияга чыгып алып деле иштегиси, бирок базар экономикасына калыптанган көпчүлүк мекемелер жаш, күч-кубаттуу адамдарды жалдагысы келет. Өкмөт пенсиялады көтөрүүдө, бирок ал жетишсиз болууда.

Анын үстүнө мындай курактагы адамдардын көпчүлүгү жалгыздык менен жабыркашат. Ушул себептен түрдүү ооруларга чалдыгышат. Кары адамдар менен сүйлөшүп көрдүңүз беле? Алардын көпчүлүгү түрдүү окуяларды кеп кылып токтоосуз бир нерселерди айта беришет. Мунун баары жалгыздыктан. Көп балалуу үй-бүлөдө мындай кырдал жок, анткени кары адам, балдары, неберелери, чөбөрөлөрү менен баарлашат, камкордукта болушат.

Кээ бир шылуундар улгайган ата-энесин карылар үйлөрүнө өткөрүп беришип, кырдаалды андан дагы начарлатууда. Албетте, мындай адамдарды жоопкерчиликсиз, керт башын ойлогондор десек туура болот. Дагы кандай көйгөйлөр бар? Түрдүү социалдык мекеме уюмдарда дайыма карыларга толук кандуу кызмат жасашпайт. Мисалы: ооруканада, пенсия берүү мекемелеринде, дүкөндө ж.б. көптөгөн жерлерде мындай адамдарды алдап кетүү учурлары аз эмес.

Кары адам түрдүү бут-кол сынуу дегендерге көп чалдыгат, анткени жаш өткөн сайын сөөктөр морт болуп калат. Мындай окуяны атамдын буту сынганда көрдүм. Кары болобу, жаш болобу адамдын буту-колу сынганда, ал чындыгында башка адамдан ушунчалык деңгээлде көз каранды болуп калат экен. Эшикке киргизүү-чыгаруу, кийимдерин, жаткан тазалоо дегендей. Ошондуктан азыртан баштап карыларга жардамынарды аябагыла. Карылык ар бирибиздин башыбызга келет. Кандай сый-урмат карыларга көрсөтсөк, ошондой сый-урматты кийин балдарыбыздан көрөбүз.

Карыганда берсин дөөлөттү

Карыларга камкордук

Улгайган адамдарга мамилебиз эң таза, ак ниеттүү болушу зарыл. Алар көптү көргөн, кээ бирлери согушка да катышкан. Мындай адамдар өтө айкөл болушат, анткени алардын жашоо артында эбегейсиз зор тажрыйба бар. Бизди көптөгөн пайдалуу нерселерге үйрөтүп, кызыктууларды айтып бере алат.

Улгайган адамдардын аракети аркылуу биз азыр бакубат жашоодо өмүр сүрүүдөбүз. Боорукерлик, кайрымдуулук ар бирибизде болушу зарыл. Жакшылык, асылзаттык, сый-урмат үй-бүлөөдөн башталат. Түрдүү жардамды дагы аянбайлы, жок дегенде бир кары адамдын эшигин шыпырып, карын күрөп берип койсок колубузга жугуп калбайт. Карыларга акчанын, байлыктын, бийликтин кереги жок, болгону көңүл гана.

Карыларды көзү тирүү кезинде колдоп, жардамдашып, көйгөлөрүн уга билүү керек. Сөзсүз эле туугандарың эмес, көчөдө бараткан карыларга деле оор баштыгын көтөрүшүп койсок батасын алабыз. Албетте, биздин өкмөт колдон келишинче карыларга кам көрүүдө. Ал эми жыл сайын 1-октябрда карылар күнү белгиленип, кичине болсо да пенсиялар көтөрүлүүдө. Карыларды 1-октябрда гана эстебестен күн сайын эстеп турсак жакшы болоор эле.

«Улууга урмат» салты эң байыркы түшүнүк, кандай ойлойсунар бекеринен эмес болсо керек? Муну кандайдыр бир милдет катары көрбөшүбүз керек, бул ар бир адам басып өтүүчү жол. Чоң ата, чоң эне, деги эле ата-энени баалай билели, эч нерсеге теңелгиз баркын билели.

Карысы бардын ырысы бар

Карылар жонундо ыр
Улуу жашты барктайлы,
Агарган чачты сыйлайлы.
Кылым өтөт тез эле,
Биз да жетебиз бат эле.

Жашаган доорун сыйлай бил,
Алар баштан өткөргөн.
Жакшынын да жамандын,
Алар таткан чын даамын.

Сабыр менен чыдамдык,
Акыл менен айкөлдүк.
Эмгек менен ишеним,
Алар билет чоң баркын.

Жолдор, үйлөр, шаарлар,
Бак-дарактар тигилген.
Мисал болот буларга,
Сый-урматтуу карылар.

Жаш муун деп ар бири,
Биз үчүн баарын жасаган.
Карыларды кадырла,
Көзү барда дагы да.

Азаматсың сен баатыр,
Алкыш айтса карылар.
Жакшы адамдсын сен баатыр,
Бата берсе карылар.

Байлык бийлик аларга,
Кереги жок нак эле.
Жылуу сөзүң аянбай,
Бар болгону ошол эле.

Нускалуу карыя

Кыргызстандар карылар күнүндө түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт, аларга төмөнкүлөр кирет: согуштун жана эмгектин баатырларына, жакыр жашагандарга материалдык жардам көрсөтүү. Мектептерде карылар тууралуу кеңири республикалык деңгээлде түрдүү дилбаяндар, жардам акциялары жүрөт. Достор, "карылар куну" деги эле жөнөкөй күндөрү кары адамдарга дагы кандай көмөктөшсө болот? Карыларга арналган ырларыңар болсо жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2019-10-03, Көрүүлөр: 76954, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо